Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Айдоочулук күбөлүк. Тыйылбаган коррупция, жетекчилердин камалышы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүк берүүдөгү паракорчулукка шек саналып кармалган кызматкерлер тууралуу комментарий берди. "Кабар" агенттигине курган соңку маегинде Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигиндеги (мурдагы "Унаа") коррупциялык схема болгонун айтты.

Президент мекеменин камакка алынган жетекчисине буга чейин ай сайын өзүнүн фондунан эки миң доллардан берип жүргөнүн билдирди. Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) айдоочулук күбөлүк берүүдөгү корупцияга байланыштуу кылмыш иши козголуп, бир канча адам кармалганын ырастаган.

"Күбөлүк сата баштаганы аныкталды"

Садыр Жапаров "Кабардагы" соңку маегинде айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупция тыйылбай келгенин билдирди. Бул жаатта паракорчулукту азайтуу үчүн агенттиктин жетекчиси Рустам Жокоевге ай сайын өзүнүн фондунан эки миң доллар берип жүргөнүн ачыкка чыгарды.

"Кызматка жаңы келгенимде, бул тармакты ким тартипке салат деп сураштырып жүрүп, Рустам Жокоев деген жигитти койдум эле. Башында жакшы эле иштеп келди. Тартип орноп, айдоочулук күбөлүктү оңой менен ала албай калганыңарды сездиңер да. Мен ого бетер күчөтөлү деп, ал жигитти чакырып: "Сен өзүң таза болсоң, кол алдыңдагылар да таза болот. Өзүң таза бол. Айлыгың жашооңо жетпей жатса, демөөрчүлүк фондумдан кошумча 2000 доллар материалдык жардам берип турайын", - деп убадалашып, антын алып, ай сайын 2 миң доллар жардам берип турчумун. Дароо айта кетейин: менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам. Анткени эмгек акылары чындыгында аз. Эмне үчүн материалдык жардам десеңер, алар өздөрү жетектеген мекемеден уурдабаш үчүн, ошол мекемеде тартип орнотуш үчүн, өзү таза болуш үчүн берип турам. Алардын арасында кечээ камалган “Унаанын” жетекчиси да бар эле. Балким, бул жигитти жөн эле камап атышкан жокпу деп, баарын өзүм да териштирип көрдүм. Система түзүп алышып, күбөлүк сата баштаганы аныкталып калды. 40 миңден 80 миң сомго чейин баа коюп алышыптыр. Албетте, 100% күбөлүк сатылган эмес. 90% сынакты тапшырып эле алышкан", - деди Жапаров.


Садыр Жапаров жол кырсыктары негизинен айдоочулук күбөлүктү окубай, сатып алгандардын айынан болуп жатканын дагы бир жолу белгиледи. Мындан улам жарандарга кайрылып, бул көрүнүштү токтотууга чакырды. Агенттиктин жетекчиси алмашып, бардык райондордо автомектептер ачыларын кошумчалады.

"Айдоочулук күбөлүктү сатууну кан буугандай токтотушубуз керек. Мына ошондо да 50-60 жылдан кийин араң күбөлүк сатып алгандардан тазаланабыз. 2020-жылы күбөлүк сатып алган уул-кыздарыбыз бүгүн араң 24тө. 50-60 жылдан кийин 74-84кө чыгат, туурабы? Эгер азыр токтотпосок, 100 жылдан кийин да күбөлүк сатып алып, машине айдап жүргөндөрдөн тазалана албайбыз. Ошондуктан учурдан пайдаланып, бүткүл кыргызстандыктарга, айрыкча жаштарыбызга кайрылып кетет элем. Айдоочулук күбөлүктү сатып алам деген ойдон кайтыңыздарчы. Эрежелерди жаттап алыш оорчулук жаратабы? Жөн гана моюн жар бербегендик деп ойлойм. Эми “Унаага” жаңы жетекчи дайындайбыз. Ага деле жогоруда айтканымдай тапшырма жана талаптар коюлат. 40 районго автомектептерди ачкыла деп тапшырма коюп жатам. Эгер пендечилик, ач көздүк кылып кетсе, ал дагы камалат".

Коррупцияга шек саналып кармалгандар

Мунун алдында УКМК аталган агенттиктеги коррупциялык схемалардан улам бир канча адам кармалганын билдирген, бирок санын тактаган эмес. Атайын кызмат кармалган адамдардын сүрөтүн, видеосун, пара алуу маалында тымызын жаздырып алынган деген аудиону жарыялаган.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, коррупциялык схеманы агенттиктин айрым жетекчилери башкарган. Айдоочулук күбөлүк алганы жаткан жарандар менен экзамен алчулардын ортосунда атайын ортомчулар болгон.

"Жарандар айдоочулук күбөлүктөрдү алуу максатында теориялык жана практикалык экзамендерден ийгиликтүү өтүш үчүн коррупциялык схемага аралашкан айрым адамдарга кайрылган. Алар экзамен тапшыруучулар менен аталган мамлекеттик мекеменин кызмат адамдарынын ортосунда ортомчу катары иш жүргүзүп, пара алган. Тийиштүү кызмат адамдары өз кызыкчылыгын көздөп, экзамендерден ийгиликтүү өтүүсүнө жардам берген. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бир гана филиалынан ай сайын мыйзамсыз түшкөн акчанын суммасы 10 миллион сомдун тегерегинде болгон. Коррупциялык схеманын бардык катышуучулары Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди, тергеп-иликтөө уланып жатат", - деп жазылган маалыматта.

Камакка алынгандардын жакындары, жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

2016-жылдан 2020-жылга чейин 37 жаштагы Рустам Жокоев “Унаа” мекемесинде адис, кийин жетекчинин орун басары болуп иштеген. 2020-2021-жылдарда Президенттин иш башкармалыгына караштуу мамлекеттик “Ала-Арча” паркы мекемесинин директору болуп турган. Жокоев андан кийин 2021-жылы сентябрда "Унаа" мекемесине директор болуп келген.

Рустам Жокоев
Рустам Жокоев

"Базасы жок автомектептердин лицензиясы алуу керек"

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети былтыр жыл башында "Унаа" мекемесинде көчмө жыйын өткөргөн. Аталган комитеттин мүчөсү, депутат Улугбек Ормонов буга келип түшкөн арыздар себеп болгонун айтып берди:

"Биз жакында комитеттин жыйынында бул маселеге дагы сөзсүз кайрылабыз. Бул маселени комитетте негизи дайыма эле карайбыз. Президент туура айтты, жол кырсыктарынын көбү машинаны айдаганды үйрөнбөй туруп айдагандардын айынан болуп жатат. Мен комитетте автомектептер тууралуу дагы маселе көтөргөм. Бизде көбүнчө үстөлү, мөөрү барлары мектеп ачууга өтүп алган. Ошолордун баарын текшерип, кимдин базасы жок болсо, ошолордун баарынын лицензиясын токтотуш керек. Лицензияны Билим берүү министрлиги берет экен. Окуткандар жеке мектептер, экзамен алгандар башкалар болуп отуруп баш аламандыкка алып келип алдык".


"Унаа" мекемеси буга чейин бир министрликтен экинчисине өтүп жүргөн.

Алгач өкмөт 2018-жылы декабрда Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жоюп, анын базасында жаңы "Унаа"мекемесин түзгөн. Автоунааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө ушул мекеме жооптуу болору айтылган.

2021-жылы алгач Санарип өнүктүрүү министрлигине, андан көп өтпөй Ички иштер министрлигинин карамагына өткөн. Ушул жылдары "Унаа" мекесинине байланыштуу ондогон кылмыш иштери козголгон.

Былтыр, туура бир жыл мурда мекеме өз алдынча болуп Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги болуп өзгөргөн.

Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков ошол кезде бул мекеменин иши толугу менен өзгөрөрүн жазган:

"Агенттиктин Бишкек, Ош шаарларында жана 40 райондо өзүнүн автомектептери ачылып, унаанын түрлөрүн башкарууну окутуп үйрөтөт. Улуу муундагылар жакшы билсе керек, союз мезгилиндеги ДОСААФтын иштөө принциптери эми автоунааны башкарууну өздөштүрүү бөлүгүндө колдонулат. Жеңил унаадан тартып, оор жүк ташуучу унаалар, тийиштүү эмерек-инвентарлар менен жабдылып, практикалык көндүмдөргө басым жасалат. Эми мамлекет унаа башкарууну олуттуу көзөмөлгө алып, союз кезиндегидей принциптер менен окутуп, ал үчүн шарттарды түзүп, кам көрөт", - деп жазган Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына.


Бирок айдоочулук күбөлүк үчүн сынак тапшыргандар учурда шарт толук жок экенин, сынак тапшыруунун эреже-талаптары түшүнүксүз, чар жайыт экенин айтып келишкен.

"Сынак алгандардын өздөрүн аттестациядан өткөрүү зарыл"

30 жылдан ашык тажрыйбасы бар автоинструктор Райымбек Султанов айдоочуларды окутуу, автомектептер жана автодромдун шартына байланыштуу жагдай тууралуу ой бөлүштү:

"Бардык автомектептердин жабык аянтта өздөрүнүн автодрому болушу керек. Эгерде мындай жай болбосо, алгачкы көнүгүүлөрдү аткаруу өтө кыйын. Азыркы инструкторлордун арасында чала сабаттар толтура. Анан сынак учурунда болор-болбос кемчилик үчүн атайлап эле кулатып койгон учурлары көп болот. Сынакты дагы туш тарабы тосулган, жабык аянтта алышы керек эле. Агенттиктин аянты, автодрому талапка жооп бербейт. Ал жак оюнчук сыяктуу, сынак өтүп жатканы, чоочундар кирбеши керектигин эскерткен белгилер жок. Агенттиктин өзүнүн жери жок, ижарага алып, ошол жерде сынак алышат. Булар азыр практикалык сынакты бир эле этап менен, ошол аянтта эле алышат. Шаар ичинде айдатып сынашпайт. Ошон үчүн бизде айдоочуларды даярдоо, сыноо өтө начар. Сынак алып жаткандардын дагы, машине айдаганды үйрөткөн инструкторлордун дагы билими, тажрыйбасы жетиштүүбү деген дагы суроо турат. Алардын өздөрүн аттестациядан өткөрүш керек. Алар кандай норма менен өттү же өткөн жок деп баа коюп жатышканы дагы көп учурда түшүнүксүз. Олуттуу эмес, болор-болбос жаңылыштык үчүн атайлап кулатып коюшат. Жаңы үйрөнгөн адам сынакка келгенде, албетте, толкунданат. Ушундай жагдайларды эске албай эле өз билгенин жасап жатат. Автомектептерде машине айдоого берилген сааты дагы аз. Мурда СССРдин убагында 28 саат болсо, азыр 20 эле саат кылып кыскартылган. Автомектептердин көбү эле машине жетишпейт, инструктор жетишпейт дешет. Андай мүмкүнчүлүгү болбосо, курсанттарды дагы аз кабыл алышы керек эле да".

Ушул жылдын башында УКМК "Унаа" мекемесинин адистери кармалганын билдирген. Анда коррупциялык туруктуу схема аныкталганын, жеке адамдар кузовдун жана кыймылдаткычтын айрым тетиктери деген шылтоо менен машиналарды алып келип жүргөнүн билдирген. Ушундай жол менен бир канча жылдан бери Кореядан 600дөн ашык автоунаа ташылып келгенин маалымдаган.

  • Расмий мааалыматка ылайык, былтыр 64 миңдей машине каттоодон өткөн, анын жети миңден көбү чет өлкөгө чыгарылып кеткен. Былтыр жалпысынан 167 миң адам айдоочулук күбөлүк алган.

XS
SM
MD
LG