Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

"Айзаданы куткарышкан эмес". HRW мурдагы милиция башчысы акталганын сындады


Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин кыз-келиндерге зомбулукту токтотуу талабы коюлган бир нече акция өткөн.
Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин кыз-келиндерге зомбулукту токтотуу талабы коюлган бир нече акция өткөн.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанда уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча милициянын мурдагы башчысынын акталганын сындады. Уюм бул аялдар укугун басмырлоого жатарын белгиледи.

Эл аралык уюмдун сыны

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Бишкекте үч жыл мурда уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери жазасыз калганын билдирди.

Уюм Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаевдин акталышын сындап, бул аялдардын укуктарын коргоого терс таасирин тийгизерин жазды.

“Бул чечим Кыргызстандагы гендердик зомбулук менен күрөшүп жаткан активисттерге жана жалпы аялдарга сокку болду. Кыргызстанда кыздарды никеге туруу үчүн күчтөп ала качуу - мыйзамсыз көрүнүш жана олуттуу көйгөй”, - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен айыпталган мурдагы милиция башчысы Бакыт Матмусаев май айында Биринчи май райондук сотунда акталган. 13-сентябрда Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырганы белгилүү болду.

Айзада Канатбекованын жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов шалаакылык бар, бирок күнөөкөрлөр жок экенине нааразы.

“Милициянын тажрыйбасында кыздарды уурдоого, аялдарга карата зомбулукка кайдыгер мамиле бар. Эгерде карактоо же банкты тоноо болсо, эч ким сурабай эле дароо аракет кылышмак. Ал эми бул учурда алар “аракет кылыш керекпи же жокпу, бул жөн эле ала качуу” деп отурган. Ушундан улам өлүм менен аяктады. Эгерде Матмусаев соттолсо, милиция кызматкерлеринин аң-сезиминде аялдарга каршы зомбулук - карактоо менен, ала качуу - адам уурдоо менен барабар деген ой калыптанмак”, - деди жактоочу.

Адвокат Токтакунов күч органдарындагы шалаакылыкка каршы күрөштү улантарын кошумчалады. Маркум Айзаданын жакындары милиция кайдыгер болбой Канатбекованын уурдалганы белгилүү болор замат “Колго түшүрүү” планын дароо жарыяласа, кыз аман калмак деп эсептешет. Сот отурумдарында Бакыт Матмусаев өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.

Айзаданын тагдыры тасмада...

20-сентябрда Alternativa Film долбоорунун алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө кыз ала качуудан курман болгон Айзада Канатбекова тууралуу Нуржамал Карамолдоева менен Султан Усувалиев тарткан "Кийинкиси ким?" аттуу даректүү тасма жана Мирлан Абдыкалыковдун “Кыз ала качуу” деген көркөм тасмасы көрсөтүлөт.

Чогулгандар аялдар укугун, ала качуу көйгөйүн, бул маселеге карата күч органдарынын, коомдун кайдыгер мамилесин талкуулашат.

"Кийинкиси ким?" тасмасынын режиссеру Нуржамал Карамолдоева Айзаданын өлүмү боюнча кылмыш ишиндеги алешемдиктер тасмада камтылганын белгиледи:

“Тасмабыз "Кийинкиси ким?" деп аталат. Бул иликтөө жанрындагы документалдык кино. Бул жанрды тандап алуу менен ала качуу кылмыш экенин аныктагыбыз келди. Баарыбыз түшүнүп турабыз - өз убагында “колго түшүрүү” планы киргизилгенде, машине бат эле табылмак. Мындай учурда бир саатка жетпей табылат. Ал эми бул учурда эки күндөн ашык убакыт өткөн. Айдазанын сөөгүн малчы таап отурат”.

2021-жылы 5-апрелде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Кыздын өлүмүнө байланыштуу иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн-өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми аны уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.

Ондогон милиция кызматкерлерине “Шалаакылык” беренеси менен иш козголгон. ИИМ 12 кызматкер иштен алынганын, 27сине эскертүү берилгенин жана бешөөнө сөгүш жарыяланганын маалымдаган. Кызды көчөдө кетип бараткан жеринен кармап, уурдап кеткен окуянын видеосу жарыяланганына карабастан аны эки күн таба албай коюшкандан кийин коомчулукта милициянын дарегине кескин сын айтылган.

Кыргызстанда 2010-жылдан бери 1100дөн ашуун аял каза болсо, анын үчтөн бири фемицид курмандыгы болгон.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун 2023-жыл үчүн даярдаган отчётунда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG