Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Ашынган оңчулдардын аракети. Болгария Орусиянын жолоюна түшөбү?


“Кайра жаралуу” партиясынын лидери Костадин Костадинов
“Кайра жаралуу” партиясынын лидери Костадин Костадинов

Болгарияда “Кайра жаралуу” деген ашынган оңчул партия Орусиянын үлгүсүндөгү “чет элдик” агенттер тууралуу мыйзам долбоорун жигердүү сүрөп келатат. Ошол эле маалда партиянын айрым жогорку мүчөлөрү башка өлкөлөрдөн грант алып келгени белгилүү.

“Кайра жаралуу” деген ашынган оңчул партия чет өлкөлөрдөн финансы алгандарды жазалоону караган мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын кайрадан айтып чыкты. Оппозиция бул чара бийликти сындагандардын үнүн басууну көздөгөнүн белгилеп келгени менен Орусиядан көчүрүлгөн андай мыйзамды буга чейин бир катар башка өлкөлөр жактырган.

Ошол эле маалда сөз болгон партиянын бир нече жогорку мүчөсү жана лидери Костадин Костадиновдун жубайы чет мамлекеттерден каржыланган программалардан пайда тапкан өңдөнөт.

2012-жылы кабыл алынып, ошондон бери бир нече жолу катаалдаштырылган Орусиядагы мыйзам, байкоочулар айткандай, сынчыларынын оозун жабууну көздөгөн өкмөттөргө үлгү болуп берди. Жазында Грузиянын парламенти бир нече аптага созулган ири нааразылыкка карабай “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамдын өз версиясын колдогон.

Былтыр декабрда Венгриянын парламенти “улуттук суверенитетти коргоо тууралуу” мыйзам кабыл алган. Анын долбоорун өлкөнүн улутчул премьери Виктор Орбан сүрөгөн. Мыйзамды сындагандар анын Орусияныкына окшоштугун белгишелет.

“Кайра жаралуу” партиясы жакында өткөн парламенттик шайлоодо ийгиликке жеткенден кийин чет жактардан каржыланган бейөкмөт уюмдарды жана жеке адамдарды бутага ала баштады. Шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн калкын нес кылган.

Көп учурда Кремлдин риторикасын күчөтүп туураган ашынган оңчулдардын партиясы Болгариянын НАТОдон чыгуусун талап кылууда. Партия нааразылык акцияларга жана эл аралык коомчулуктун сынына карабай, мектептерде “кумсалыкты пропагандалоого” тыюу салууну караган талаштуу мыйзамды кабыл алдыруу аракеттерин көрүп келатат.

COVID-19 пандемиясы учурунда эмдөөгө каршы жалган маалымат таратып келген “Кайра жаралуу” партиясы буга чейин да чет өлкөлөрдүн каржылоосуна каршы позицияны ээлеген.

2022-жылы алар журналисттерге гана каршы багытталган, азыркыдан жумшак версияны сунуш кылган. Нааразылык толкунунан, эл аралык медиа уюмдардын сынынан кийин парламент демилгени четке каккан.

Бирок партия токтоп калган жок. Бир жылдан кийин кайрадан мыйзам долбоорун алга жылдырууга аракеттенип, анда да ийгиликсиз болгон.

Эми, балким ЛГБТга каршы мыйзамды өткөрүп алуудан шыктанып, партия кайрадан сөз болгон жобону күн тартибине алып чыкты.

“Чет элдик агенттер” тууралуу жаңы мыйзам долбоору башка жактардан акча алган уюмдардан, өнөрчүлөрдөн, журналисттерден, блогерлерден “чет элдик агент” деп катталууну талап кылат. Аларга мамлекеттик университеттерде иштөөгө, саясий окуяларды комментарийлөөгө же өкмөт каржылаган долбоорлорго катышууга тыюу салынат. Долбоор парламентке киргизиле элек, бирок комитеттерде талкууланды.

“Ыплас акча”

Болгариялык саясат талдоочу Огнян Минчев “Кайра жаралуу” партиясы чет өлкөлүк гранттарды “ыплас акча” деп көргөзүүгө аракеттенгенин Фейсбукка жазды.

Мыйзам долбоорун жигердүү колдогондордун бири - партиянын атынан депутат болгон парламенттин Балдар, жаштар жана спорт иштери боюнча комитетинин төрагасы Коста Стоянов. Бул комитет жаңы мыйзамды талкуулагандардын бири.

Ошол эле учурда депутат чет элдик донорлордун берешендигинен өзү пайда көрүп келген.

Коста Стоянов
Коста Стоянов

Анын партиянын сайтында жарыяланган өмүр баянына көз чаптырсак, Стоянов 2018-2022-жылдары Кара деңиз боюндагы Варна чөлкөмүндөгү эки шаарда жергиликтүү бейөкмөт уюмдун директору болгон. Ошол маалда ал уюм коомдук инфраструктураны өнүктүрүүнү көздөгөн долбоорлор үчүн Еврошаркеттин грантын алчу.

2018-жылга чейин ал Евробиримдиктин фонддорун башкарган муниципалитеттер ассоциациясынын мүчөсү болгон. Ал азыр деле биримдиктин программалары үчүн болгариялык долбоорлорду активдүү баалап жүрөт.

Партиянын дагы бир мүчөсү Ангел Янчев башка өлкөлөрдөн каржыланган программалардан пайдаланып келген.

Саясатчы АКШдан каржыланган Болгариядагы эки билим берүү фондуна каршы чыгып, алар өлкөнүн билим берүү системасына жана “баалуулуктарына” көлөкө түшүрөрүн айткан. Янчев ЛГБТнын мектептердеги пропагандасына каршы мыйзамды жигердүү жактагандардын бири.

Ал өзү мурдагы педагог. Тарых мугалими болуп иштеген, кийин Велико Тырново деген шаарда мектеп директору болгон. Ошондо “Америка Болгарияга” деген фонд каржылаган программадан эки ирет пайдаланган. Ал фонд, сайтында сүрөттөлгөндөй, Болгариянын “менчик секторун жана ага байланышкан демократиялык институттарды чыңдоонун үстүнөн иштегендерге грант” бөлөт.

2015-жылы Янчев америкалык алдыңкы эксперттер алып барган мектеп директорлорунун семинарына катышкан.

Партиянын лидеринин жубайы Велина Костадинова Варнадагы билим берүү бейөкмөт уюмунун кеңешине кирет. Чет өлкөлөрдөн грант алган ал уюм Соростун “Ачык коом” иснтитуту жана башка чет элдик уюмдардын өнөктөшү.

Макаланын автору: Видка Атанасова, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун болгар кызматынын кабарчысы.

Которгон: Айнура Жекше кызы.

XS
SM
MD
LG