Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:40

Сокулукта газ баллон жүктөгөн автоунаа жана кафе өрттөнүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2-февралда Сокулук районунда газ баллон жүктөгөн автоунаа күйүп кетип, андан чыккан өрт кафеге да жайылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, түнкү саат 4:30 чамасында Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүндө ичинде газ баллондор жүктөлгөн Volvo 420 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машинесинен өрт чыгып, жалын жакын жайгашкан “Жигитос” кафесине өткөн.

Өрт өчүрүүгө Сокулук райондук өрткө каршы кызматынан эки бөлүм тартылган. Тилсиз жоо таңкы саат 9:37де толук өчүрүлгөн.

Куткаруучулар өрттүн жалпы аянты болжол менен 280 чарчы метрди түзөрүн билдирүүдө. Жабыркагандар жок.

Өртүн себеби айтыла элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG