Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:47

Ири согуш коркунучу. Иран Израилге сокку урбоо чакырыгын четке какты


Тегерандын Палестина аянтына илинген ХАМАСтын жаңы лидери Яхья Синвардын сүрөтү, 12-авугст, 2024-жыл
Тегерандын Палестина аянтына илинген ХАМАСтын жаңы лидери Яхья Синвардын сүрөтү, 12-авугст, 2024-жыл

Иран европалык лидерлердин Израилге сокку уруудан карманууга чакырганын четке какты. Тегеран Газадагы согушту токтотуу сүйлөшүүсү ийгиликтүү аяктаса, өч алуу аракетинен баш тартарын кыйытты. Тынчтык сүйлөшүүлөрү 15-августта жанданат деп күтүлүүдө

Ал арада Израилдин армиясы анклавдагы операциясын улантууда. Жекшембиде Израил газалыктарга Хан-Юнис шаарынын айланасындагы 10 райондон башка жерлерге көчүүгө буйрук берген.

Ири согуш тутануу коркунучу

Батыш дипломаттары Жакынкы Чыгышта чоң уруштун тутанышын алдын алууга аракеттенүүдө. Ансыз да Газадагы согуштан улам аймактагы кырдаал күн санап чыңалып баратат.

Дүйшөмбү күнү Франциянын, Германиянын жана Британиянын лидерлери биргелешкен билдирүүдө Иранды деэскалацияга чакырышкан. Алар ошондой эле Катар, Египет жана АКШнын Израил менен ХАМАСтын (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган уюм) Газадагы согушун токтотуу, барымтадагыларды бошотуу аракеттерин кубатташкан.

13-августта Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нассер Канани Батыштын чакырыктарын четке какты:

“Саясий логикасы жок мындай өтүнүч эл аралык нормаларга каршы келет жана Израилге колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.”

Ханиянын сүрөтү түшүрүлгөн баннер. Тегеран, 12-август 2024-жыл
Ханиянын сүрөтү түшүрүлгөн баннер. Тегеран, 12-август 2024-жыл

Иран жана өнөктөштөрү ХАМАС уюмунун саясий командачысы Исмаил Ханиянын көзүн тазалоо артында Израил турат деп эсептейт. 31-июлда ал Ислам жумуриятынын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын ант берүү аземине катышуу үчүн Тегеранга барганда, ал жайгашкан турак-жайга дүрмөт тийген. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи Ханиянын өлүмү үчүн өч алуу алардын “милдети” экенин айткан.

Израил ал окуяга тиешесин бардыгын четке каккан эмес, бирок бышыктаган да жок.

Ошол эле күнү Бейрутта израилдик армиянын соккусунан “Хезболла” уюмунун жогорку жетекчилеринин бири Фуад Шукр набыт болгон. Өткөн аптада уюмдун лидери Хасан Насралла Иран менен бирге “жооп кайтаруу зарылдыгын” билдирген.

Associated Press агенттиги жазганына караганда, Британиянын премьер-министри Кир Стармер Ирандын президенти Пезешкианга телефон чалып, Израилге кол салбоого үндөдү. Өкмөт башчы кесепеттерди таразалоо зарылдыгын, ири жаңжалдын эч кимдин кызыкчылыгына дал келбесин белгиледи.

Пезешкиан Тегеран Израилге каршы чара көрүүгө укуктуу экенин, муну менен "болочок агрессиялардын алдын алууну" көздөгөнүн айтты. Бул тууралуу шейшембиде ирандык IRNA маалымат агенттиги кабарлады.

Ирандын президенти Батыштын Газадагы “ырайымсыз кылмыштарга” каршы үн катпай жатышы "Израилдин регионалдык жана глобалдык коопсуздукка коркунуч жаратуусуна жем таштоодо" деп кошумчалады.

Маалыматка ылайык, лидерлер аймакта, дүйнөдө тынчтык орнотуу, эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу жолдорун талкуулашты.

Иран сокку уруу ыктымалдыгын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө байлады

"Рейтер" агенттиги Ирандын коопсуздук кызматындагы атын атабаган жогорку өкүлүнө шилтеме берип маалымдагандай, Израилге сокку урууну Газа боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү аякташы гана алдын алышы ыктымал.

Израиль менен Газанын чек арасындагы израилдик танк. Израиль, 7-август 2024-жыл
Израиль менен Газанын чек арасындагы израилдик танк. Израиль, 7-август 2024-жыл

Сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы 15-августта Дохада башталат деп күтүлүүдө.

Ортомчулар бир нече айдан бери 3 баскычтан турган пландын үстүнөн иштеп келишти. Ага ылайык, ХАМАС барымтада кармалып турган кишилерди кое берүүгө, бул үчүн Израилдин абактарында отурган палестиналык туткундар бошотулууга тийиш. Израил аскерлери ошондой эле тилкеден чегиниши керек.

Тел-Авив өкмөтүнүн басма сөз катчысы Давид Менсер дүйшөмбүдө билдиргендей, АКШ жана башка арачылардын сунушу менен Катардын баш калаасына делегация барат. Ал кошумчалаганай, Израил барымтадагылардын бошотулушуна жана согуштун башка максаттарына жетерине үмүттөнөт.

"Кайда барабыз?" Хан-Юнистен качкан палестиндер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

Газадагы согуш күн сайын адам өмүрүн алууда

Ал арада ЦАХАЛ (Израилдин армиясы) анклавда операциясын улантууда.

ХАМАС башкарган тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси шейшембиде билдиргендей, 48 саатта ЦАХАЛдын соккуларынан 32 киши каза тапты, 88и жараланды.

Жекшембиде анклавдагы кармаш күчөгөндө Израил тилкенин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарынын айланасындагы 10 райондо баш калкалап жаткан кишилерге ал жактардан чыгып кетүүгө кайрадан буйрук берген. Он миңдеген палестиналык жарым түндө жардыруулар менен аткылоолорго карабай көчүүгө мажбур болду. Көбү буга чейин башка жерлерден ооп келген эле.

“Баракчаларды таштап, Хамад шаарынан чыгып кеткиле деп айтышты. Кайда барарыбызды билбей көчөдө жүрөбүз. Ижара 265 доллар турат. Машинени да төлөй албайбыз. Балама сүт алып бергенге акчам жок. Он күндөн бери сүт иче элек. Бөтөлкөсүнө суу, чай куюп, нан чылап берип атам”, - деп айтып берди "Рейтер" агенттигине Салва Аттар аттуу Газанын тургуну.

ХАМАС уюмун гана бутага алганын айтып келаткан ЦАХАЛ шейшембиде тилкедеги операциясын чагылдырган видео таратты. Армия анклавда, анын ичинде Хан-Юнисте рейддерин улантканын билдирди.

Улуттар Уюму Газада адам өмүрүнүн кыйылып жатышын, жүздөгөн палестиналык качкын башкалкалаган Ал-Табаин мектебине урулган соккудан аялдар менен балдардын каны төгүлгөнүн айыптады. Баш катчы Антонио Гутерриш ок атышууну токтотууга жана барымтадагыларды бошотууга дагы бир жолу үндөгөнүн анын басма сөз өкүлүнүн орун басары Фархан Хак билдирди:

"Баш катчы АКШнын, Египеттин жана Катардын арачылык аракеттерин кубаттайт жана эки тарапты сүйлөшүүлөрдү жандандырууга, ок атышууну токтотуу, барымтадагыларды бошотуу тууралуу келишим түзүүгө чакырат. Баш катчы жөн жай кишилерди коргоо жана Газага гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыздоо зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи”.

Газа шаары соккудан кийин. 10-август 2024-жыл
Газа шаары соккудан кийин. 10-август 2024-жыл

Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси шейшембиде маалымдагандай, согуш тутанган 7-октябрдан бери анклавда 39,929 киши жарыкчылык менен кош айтышты. 92,240 киши жабыркады. Тилкенин бийлиги 16 миң бала жана 11 миңден ашуун аял каза тапканын 12-августта билдирген.

Мындан 10 ай мурун ХАМАС Израилге кол салганда 1200дөй киши өлгөн, 250дөн ашуунун согушкерлер арымтага алып кетишкен. Алардын айрымдары тутканда набыт болгон, кээ бирлери айырбашталган. 100дөн ашууну барымтада кала берүүдө.

Газада дээрлик 2,3 миллион киши жер которууга мажбур болгон. Алардын басымдуусу чатырларда, алачыктарда жарыксыз, таза суусуз күн көрүүгө мажбур. Алсыраган, курсактары чала тойгон качкындар сууга түшө албайт.

Июндун этегинде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму айрым учурларда 40 градустан ашкан аптапта тамак-аш бат бузулуп, ысыкта ар кандай оорулар көбөйүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Ысык аба ырайы гуманитардык уюмдардын ишин да татаалдаштырууда. Израилдин чектөөлөрүнөн улам жүк ташыган машиналарга сааттап кезек күтүүгө туура келүүдө.

XS
SM
MD
LG