Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:07

Өкмөт февралда ички булактардан 4,2 млрд сомдук карыз алат


Финансы министрлиги.
Финансы министрлиги.

Финансы министрлиги февраль айында 4,2 млрд сомдук мамлекеттик казыналык облигация (МКО) чыгарат. Улуттук банк билдиргендей, облигациялар үч бөлүк менен чыгарылып, жылдык купондук чени 6-7 пайыздан болот.

Чыгаруу күнү

МКОнун чыгаруу көлөмү

Купондук чени

Жүгүртүү мөөнөтү

10.02.2025

1 млрд 700 млн сом

6%

5 жыл

17.02.2025

1 млрд 250 млн сом

7%

7 жыл

24.02.2025

1 млрд 250 млн сом

7%

7 жыл

Бардык МКО:

4 млрд 200 млн сом

Мамлекеттик казыналык облигациялар өлкө ичиндеги булактардан каражат тартуунун ыкмасы болгондуктан, алар мамлекеттин ички карыздарына кошулат. Баалуу кагаздардын мөөнөтү эл аралык насыяларга салыштырмалуу кыска жана үстөк пайызы жогору болот.

Финансы министрлиги январь айында 4,7 млрд сомдук мамлекеттик казыналык облигация чыгарган. 2025-жылы жалпысынан 34 млрд сомдон ашуун баалуу кагаз чыгаруу пландалган.

Расмий жарыяланган маалыматтарга ылайык, ички карыз 2023-2024-жылдары эки эсе өсүп, 173 млрд сомго жеткен. Адатта өкмөт калктан алган карызды бюджеттин дефицитин жабууга, мамлекеттик ишканалардын карыздарын төлөөгө, түрдүү долбоорлорду каржылоого жана башка чыгымдарга жумшайт.

2023-жылы өкмөт жалпы 38 млрд сом ички карыз алган. Эң популярдуу 7 жана 10 жылдык облигациялар 15-16% үстөк менен сатылган.

Өкмөт 2025-2027-жылдары жыл сайын 34 млрд сомго баалуу кагаздарды чыгарууну пландап жатат. Башкача айтканда, мамлекет үч жылда калктан 100 млрд сомдон ашуун карыз алат. Муну менен катар, кыргыз өкмөтү тышкы рыноктон да каражат тартуу үчүн 1,7 млрд долларлык евробонд чыгарууга камынып жатат.

Калктан карыз алуу үчүн Каржы министрлиги вексел жана облигация деген баалуу кагаздарды чыгарат. Айырмасы - вексел 1 жылга, облигация 2 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө сатылат. Мамлекет баалуу кагаздарды сатып алган тарапка үстөк кошуп кайтарып берет. (KbA)

Шерине

XS
SM
MD
LG