Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, Орусиянын Полтавага 1-февралда урган соккусунан каза тапкандар 12 кишиге жетти. Анын экөө балдар.
Дагы 17 киши, арасында төрт бала жараат алды. 22 киши куткарылды. Урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланууда.
Орусия тарап Полтавадагы сокку боюнча комментарий бере элек.
1-февралда Полтавада көп кабаттуу үйгө сокку урулган.
Киев буга чейин орус армиясы ишемби күнү кечинде Курск облусунун Суджа шаарындагы мектеп-интернаттын имаратына сокку урганда төрт киши каза тапканын билдирген.
Имарат өткөн жылдын август айынан бери украин армиясынын көзөмөлүндө турган. Орусиянын Коргоо министрлиги соккуга украин аскерлерин айыптаган билдирүү таратты.
Шерине