Чет өлкөдө бийликти социалдык тармактар аркылуу сындап келген ишкер, активист Сыргак Кенжебаев кармалып, Кыргызстанга алып келинди.
Сыргак Кенжебаев чет өлкөдө кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Абактагы ишкер, Имамидин Ташовдун маселеси кайрадан көтөрүлдү. Азербайжанда хижаб талашы кайра күчөдү. Социалдык тармактарда хижабчан окуучу кыздарга класстарга кирүүгө тыюу салынган видеолор тараган.
Чет өлкөдө бийликти социалдык тармактар аркылуу сындап келген ишкер, активист Сыргак Кенжебаев кармалып, Кыргызстанга алып келинди. ИИМ аны жапырт башаламандыкка айыптап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кенжебаев кайсы өлкөдөн кармалганы жөнүндө маалымат берилген жок.
Эр-Рияддагы Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортко урулан сокку 13 адамдын өмүрүн алды, 320дан ашыгы жараат алды. Башкы прокуратура Курманбек Авазов менен Каныбек Досмамбетовдун кармалганын ырастады. Клара Сооронкулованы үйүнө кимдер аңдып келди?
Марлен Маматалиев "парламент алсыз, нотариус болуп калды” деген сөздөргө терикти. Спикер “мындан ары негизсиз дооматтарга" карата чара көрүлөрүн эскертти.
Октябрь окуяларына алты жыл болду. Ошол күндөрү өлкөдө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон топтор чогулуп, Ак үйдү басып алган. Мындан улам өлкөдө башкаруу жоголуп, жер-жерлерде бийликти сүрмө топ менен басып алгандар пайда болгон.
Дубайдан Тел-Авивге бараткан «ФлайДубай» компаниясынын учагында пилот капитанды бычактады. Милиция “Орунбековдун тизмеси” боюнча ишти териштирүүнү улантат. Жапонияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков алтын медал утту.
Прокуратура милицияны “Орунбековдун тизмеси” боюнча териштирүүнү улантууга милдеттендирди. Бир топ адам президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “жеке маалыматыбызды колдонду” деп арызданган. Кийин милиция териштирүүнү токтоткону үчүн укук коргоочулар сотко даттанган эле.
Кыргызстанда президенттик шайлоого расмий старт берилип, саясий иш-чаранын эрежелери аныкталды. Ал тапта “75чилердин иши” боюнча айыпталуучулардын колуна соттун өкүмү тийди. Каспий деңизиндеги 14 аскердин өмүрүн алган трагедиядан кийин Казакстандын коргоо министри алмашты.
2027-жылы өтчү президенттик кызмат үчүн жарышка старт берилди. Азырынча талапкерлерден БШКга арыз түшө элек. Талапкерлигин коерун президент Садыр Жапаров алгачкы болуп айткан. Мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев да шайлоодо ат салышарын жарыялады.
Чүй облусунун Сокулук районунда бир айдын ичинде эле үч окуучу каза болду. Алар өз жанын өзү кыйганы айтылууда. Экөө кошуна жана курдаш болгон. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, мындай каргашалуу окуяга олуттуу көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.
Казакстанда Каспий деңизиндеги атайын машыгууда ондой аскер каза болгону кабарланды. 25-сентябрда аза күтүү жарыяланды. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январда өтөт. Кытайдын лидери 11 жылдан бери биринчи жолу АКШга мамлекеттик сапар менен барды.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Парламенттин 24-сентябрдагы токтому гезитке жарыялангандан кийин шайлоо процесси башталып, талапкер болуу ниети бар жарандар арызын тапшырууга киришет.
Жаңы окуу жылынын башында Чаткалда 9-класстын, Сузакта 10-класстын окуучусу каза болду. Мектептеги балдардын коопсуздугун ким коргойт? Берлиндин мэри түркиялык мигранттардын кызы Элиф Эралп болуп калышы ыктымал. 45 жаштагы саясатчы Нью-Йорктун мэри Мамданиден үлгү алганын айтты.
Инвесторлорго жерди убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште карала баштады. Бийлик чет элдик инвесторлорго шарт түзүп, сырттан келген капиталдын агымын көбөйтүү аракетин көрүп жатканда жерди убактылуу колдонууга берүү маселесинин тегерегинде талкуу күч алган.
Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиевдин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди мисал келтирип, аткаруу бийлигине берген эскертүүсү социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.
Кыргызстанда мектептерге жетпей, базарда сатылып жаткан китептер боюнча чуу дале уланууда. Агартуу министрлиги менен “Учкун” ишканасы эмне дейт? АКШнын арачылыгы менен беларустук дагы 25 саясий туткун абактан бошоду. Кой-Таштагы Атамбаевге таандык болгон үйдүн короосунда курулуш иштери жүрүүдө.
Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык болгон үйдүн короосунда курулуш иштери жүрүп жатканы белгилүү болду. Былтыр күч органдары турак жай мамлекетке өттү деп мурдагы мамлекет башчынын үй-бүлөсүн ал жерден күч менен чыгарган.
"75чилер каты" боюнча Бишкек шаардык соту апелляциялык арыздарды карап, сегиз айыпталуучуга төрт жылдык жаза чегерди. "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине алмаштырылып, жаза эки жылдык пробациялык көзөмөл менен чектелди.
Садыр Жапаров жалган маалымат таратып, элди адаштыргандарга катуу чара көрүлөрүн дагы бир жолу эскертти. АКШ менен Ирандын ортосунда кырдаал кайра курчуду. Билим берүүнүн абалы кандай? Кыргызстан PISA-2025 эл аралык сынагында 91 өлкөнүн ичинен 80-сапка чыкты.
Дагы жүктөңүз