"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык концепцияда каралган чектөөлөргө ылайык насвайга тыюу салуу сунушталууда. Документте алкоголдук ичимдиктерди, тамекини жана никотин камтыган продукцияларды сатып алуу үчүн жаш курактагы чектөөнү 21 жашка чейин көтөрүү сыяктуу дагы чектөөлөр бар.
22-июнда катуу жааган жамгырдан кийин Баткен облусунун бир катар аймактарында сел жүрүп, турак жайларды, көчөлөрдү жана инфраструктураны каптады. Баткен районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын 23-июнда райондук бийлик маалымдады.
22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен шаарында, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы, Алтын-Бешик жана Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү.
Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жерде эл аралык соода-экономикалык парк курулары кабарланды. Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жерде курулушу пландалып жаткан "Достук" эл аралык соода-экономикалык паркы 100 гектар аймакты ээлейт.
Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жерде эл аралык соода-экономикалык парк курулары кабарланды.
Май айынын башынан бери нөшөрлөгөн жаандан улам өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүрүп, айрым аймактарда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. 4-майда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы сел жүргөн аймактардагы кырдаалга байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү.
2-майда Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында жүргөн селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Баткен районунун Чоң-Кара айылында үрөй учурган кандуу окуя катталды. Алгач аялын өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйган кишинин артында беш бала калды. Алардын тагдырын комиссия карай турган болууда. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, атайын экспертиза дайындаган.
Баткенде Миң-Өрүк-Самаркандек эстакаданын курулушу башталды. Бул жол Тажикстандын Чорку айылынын четинен 16 метр бийиктикте өтөт. Чек ара маселесинен улам жергиликтүү эл Чоркуну айланган жол аркылуу карым-катнаш кылган. Эми жол 15 чакырымга кыскармакчы.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын инженердик тосуу иштери кайра жанданды. Чек ара кызматы быйыл Баткен аймагынан 200 чакырымдай, Ош облусунан 70 чакырымдай чек ара тилкесине зым тартыларын айтууда. Жалпы 420 чакырымдай тосулушу керек, анын 150 чакырымдайы өткөн жылы тосулган.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын инженердик тосуу иштери кайра жанданды. Чек ара кызматы быйыл Баткен аймагынан 200 чакырымдай, Ош облусунан 70 чакырымдай чек ара тилкесине зым тартыларын айтууда.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоодо алмашылган 350 гектардай үлүш жана чарбалык жер ордуна жер бөлүштүрүлө баштады. Буга чейин айрым дыйкандар жазгы талаа иштери башталганга чейин жер бөлүп берүүнү суранып жаткан.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоодо алмашылган 350 гектарга жакын үлүш жана чарбалык жерлердин ордуна жер бөлүштүрүлө баштады.
Баткенде кыз-келиндер үчүн спорт аянтчалары ачылды. Демилгечилер бул жай айымдардын ден соолугун чыңдап, баарлашып, өзүнө болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түзөрүн айтышат. Мындай аянтчаларды куруу демилгесин жергиликтүү аялдар өзүлөрү көтөрүп, эл аралык уюмдар каржылык колдоо көрсөткөн.
Кыргызстанда алимент төлөбөгөнү үчүн бир адам эки жылга кесилип, сот залынан камакка алынды. Бул ажырашкандан кийин алимент төлөбөгөнү үчүн жазалаган сейрек чаралардын бири болду.
Баткендин Жаңы-Жер айылында суу тартыштыгынан улам жашоо-турмуш оорлошуп, анын запкысын жергиликтүү жамааттар да тартчу. Айылдык айымдар демилге көтөрүп, эл аралык уюмдун колдоосу менен күн панелдерин орнотуп, суу чыгарып, 5 гектар жерди иштетип баштады.
2025-жылы Кыргызстан узак жылдарга созулган чек ара талашына чекит койду. Постсоветтик мейкиндикте калктын жыштыгы боюнча алдыда турган жана этностук жактан татаал саналып келген Фергана өрөөнү ондогон жылдар чек ара чатактарынын чордону болуп келген.
Баткенде бир үй-бүлөдөгү үч кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы териштирилип жатат. 7-декабрда кечинде Кадамжайда, Ош–Раззаков унаа жолунда болгон кырсыктан жубайлар жана өспүрүм кызы каза болду. Кырсыкка себепчи деп шектелип жаткан айдоочу ички иштер кызматкери экени айтылууда.
Баткендин Кара-Бак айылы чөлкөмдүн башка жерлеринен айырмаланып малга ыңгайлашкан. Соңку жылдары климаттагы өзгөрүүлөрдүн, кургакчылыктын айынан мал-жандык ылаңдаган учурлар көбөйдү. Ветеринар жубайлар атайын долбоор жазып, жаңы жабдыктарды алып, ылаңдаган мал-жандыкты дарылайт.
Блогер Арсен Базарбаев дээрлик үч айдан бери Кыргызстанды жөө кыдырып жүрөт. Эңилчектен сапарга аттанган блогер Баткендин Зардалысына чейин жөө жетти. Ал ушундай жол менен мекенинин кызыктуу жерлерин көрсөтүп, башкаларга тааныштырууну көздөйт.
Дагы жүктөңүз