Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Кыргыз-тажик чек арасы: 94% такталды, татаал аймактар калды


Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө. Архив. Баткен облусу, Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө. Архив. Баткен облусу, Кыргызстан

Кыргыз-тажик чек арасынын 94% такталганын эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кабарлады. Калган 6% эң татаал, бир нече жолку чек ара чырына себеп болгон бөлүктөр экени айтылып жатат.

Алар негизинен Ворух анклавынын жана Ак-Сай, Көк-Таш айылдарынын айланасына туш келүүдө. Ушундан улам эки өлкө чек ара боюнча качан бир пикирге келерин эч ким так айта албайт.

"Чек аранын 94% боюнча орток пикир табылды"

30-июлда Министрлер кабинети кыргыз-тажик чек арасынын 94% тилкеси такталганын ырастады. Өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаевдин айтымында, чечиле элек 6% тилке - Баткен районунун аймагындагы “татаал жерлер”.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк жумушчу тобунун кийинки жолугушуусу 11-17-августта Баткен шаарында өтө турганы айтылды.

Назирбек Бөрүбаев.
Назирбек Бөрүбаев.

"Чек аранын 94% чечилгени боюнча маалымат туура. Калган 6% - Баткен районунун аймагында татаал тилкелер. Алардын аталышын айта албайбыз. Бирок кайсыл жерлер экенин билесиңер. Бул эми курулуш эмес да. Ушунча убакытта бүтөт деп айта албайбыз. Эки тарап макул болмоюнча чечилбейт. Алардын деле чечели деген ниети бар. Бирок иш жүзүндө кичине башкача болуп калып атат. Негизи эки тараптан тең аракет жакшы", - деди Н. Бөрүбаев.

29-июлда тажикстандык басылмалар да Согд облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзоданын айткандарына таянып, чек аранын 94% такталганын жазган. Ахмадзода үч жылдан бери жабык турган кыргыз-тажик чек арасы жакын арада ачылышы мүмкүн экенин да билдирген. Азыркы тапта эки өлкөнүн ортосунда чек ара байланышы болбой, жарандардын каттоосу, соода жүгүртүүсү да токтогон.

Ражабой Ахмадзода.
Ражабой Ахмадзода.

“Бүгүнкү күндө чек аранын 94% толук такталды. Биз жакын арада баары жакшы жагына чечилерине ишенебиз. 21-24-июлда Кыргызстандын жана Тажикстандын транспорт министрликтеринин өкүлдөрү Чорку жана Ворух тараптагы талаштуу тилкелерге барып келишти. Комиссия абдан активдүү иштеп жатат. Кудай буюрса, жакынкы айларда документке кол коюлат”, - дейт Р. Ахмадзода.

Демек эки өлкө 972 чакырымга созулган чек аранын 94%, же болбосо 913 чакырымдай тилке боюнча орток пикир тапты. Анын көбү Лейлек районуна туш келиши мүмкүн. Дагы 6% же 58 чакырымдай тилке боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.

Стратегиялык жол өткөн, үйлөр аралаш жайгашкан 6% тилке

Тактала элек делген 6% жер Ворух анклавынын, анын жанындагы Ак-Сай, кыргыз-тажик жарандарынын үйлөрү шахмат түрүндө жайгашкан Көк-Таш, Таш-Тумшук, тажик жарандарынын үйлөрүнүн курчоосундагы Көк-Терек айылдарынын тегерегине туш келет. Бул аймакта Кыргызстан да, Тажикстан да өзүнүкү деп эсептеген тилкелер бар. Эки өлкөнүн жумушчу тобу бул аймак боюнча кандай мунасага келе турганын, аны жергиликтү кандай кабыл аларын азырынча эч ким айта албайт.

Баткен районунун мурдагы акими Хаиталы Айкынов чечиле элек 6% тилке аздай угулганы менен, эң татаал жер экенин айтып берди:

Хаиталы Айкынов.
Хаиталы Айкынов.

“Албетте, тактала элек аз эле жер калды. Бирок бул өтө маанилүү, стратегиялык мааниси жогору бөлүктөр. Баягы үйлөр шахмат түрүндө жайгашкан, бир көчөнүн ары жагы бир мамлекет, экинчи бети башка мамлекет болгон жерлер. Албетте, бул татаал иш, оңой эмес. Бирок чечилиши керек. Августта дагы жолугушуу белгилениптир. Элибиз мурдагыдай карым-катнашта болот деген үмүт бар”, - деди Айкынов.

Дал ушул тактала элек аймактарда Ворух анклавын Тажикстандын негизги бөлүгү менен байланыштырган, ошол эле маалда Кыргызстандын Лейлек району менен Баткенди байланыштырган негизги жол өтөт. Эки жол кесилишкен жер Төрт-Көчө деген ат менен таанымал. Чек арада чыр чыкканда Төрт-Көчө жабылып, андан ары-бери өтүү кооптуу болуп калат. Ушундай жагдайлардан улам чечиле элек 6% тилке эң татаал жер катары сыпатталып жатат.

Саламат Аламанов.
Саламат Аламанов.

“Чечилген чек аранын пайдасы да, зыяны да бирдей болушу керек. Эки тарап тең бирдей утуп, бирдей уттуруш керек. Чек ара маселесин чечүүнүн негизги принциби ушундай. Бир тарап эле пайда көрүп, экинчи тарабы уттуруп койсо, чырдын өзөгү ушул болот. Албетте, эки тарапта тең нааразылык болбой койбойт. Эки жактан тең "жерди сатты" дегендер чыгышы мүмкүн. Ошол эле маалда чек аранын такталганын кубаттагандар да болот. Чечкенден кийин элге ушуну түшүндүрүп, "биздин утуш бул, утулушубуз бул" деп айтыш керек", - дейт чек араларды тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кыргыз тобун бир нече жыл жетектеген адис, география илимдеринин кандидаты Саламат Аламанов.

Кыргызстан менен Тажикстан көп жылдан бери чек ара боюнча бир пикирге келе албай келет. Анын айынан Баткен облусунун аймагында маал-маалы менен ар кандай жаңжалдар чыгып келген. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылы апрель-май айларында жана 2022-жылы сентябрда болду.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG