Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Баткен окуяларынын кетпес тагы


Касымбек Жалалов Баткен окуяларын эскерүү иш-чараларынын биринде.
Касымбек Жалалов Баткен окуяларын эскерүү иш-чараларынын биринде.

23 жашында кайрадан чукул аскерге чакырылып, 2000-жылы Баткендин Тажикстан менен чектешкен Төрө ашуусунда жоочулар менен салгылашкан Касымбек Жалаловдун эсинен ал күндөр кетпейт.

Туткунга түшкөн беш аскердин катарында жалгыз аман калган Жалалов ошол жылы аскер госпиталында дарыланып жатып Аскар Акаевдин колунан «Эрдик» медалын алган.

Сузак районунун тургуну Касымбек Жалалов 23 жашында Бишкектеги №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүнө чукул кызматка чакыртылган. 1999-жылы Баткенге «Өзбекстан ислам кыймылы» аттуу топ кол салган калабада мурда аскерде кызмат өтөп келген Жалалов сыяктуу 600дөй адам кайра аскерге чакыртылган эле.

«Баткенде чек араны бузуп, жоочулар келгенин биз армияда жүрүп укканбыз. 1999-жылдын күз айынан 2000-жылдын жазына чейин бизди ар түрдүү даярдыкта машыктырышты. Ошентип 2000-жылдын 15-мартында 15 машине менен Баткенди көздөй бет алдык.

Баткендин Тажикстан менен чек арасына жакын «Курбака» деген блок-постко токтогонбуз. Биз барганда ал жерде эч нерсе жок экен. Ал жерде өзүбүз бир ай бою сайдан таш ташып, блок-постту жана чептерди куруп бүтүрдүк. Курбака блок-постунан 20 чакырым аралыкта Төрө ашуусу жайгашкан. Ошол жылдын 10-августунда бир офицер, келишим негизинде кызмат өтөгөн үчөө жана катардагы алты жоокер болуп күзөткө жөнөдүк. Ал кезде 10 киши болуп үч күндөн Төрө ашуусун кайтарып келчүбүз. Мен ал кезде чукул чакырылган кызматта болчумун. Жалгыз аяк жол менен ашууга баратканбыз. Бизден бир күн мурун жоочулар Төрө ашуусу аркылуу Кыргызстанга киришкен экен. Бир убакта тоо тараптан жоочулар бизди аткылай башташты».

Аскерлер ал учурда согушууга эмес, чек араны кайтырыш үчүн үч күндүк чалгындоого чыгышкан. Алар террорчулар менен бетме-бет келебиз деп күтүшкөн эмес. Касымбек Жалалов жоочулар менен беттешкен согуш учурундагы алгачкы мүнөттөрүн сүрөттөп берди:

Ошол атышууда 6 жоокер окуя болгон жерде каза болуп, төртөөбүздү кармап алышты


«Топтун командири Алмабеков баарыбызга: «Сайга карап чуркагыла!» деген буйрук берди. Анткени ал жакта бак-дарактарга далдоолоп атышууга болот болчу. Ошентип командирдин буйругу менен атышууга өтүп, куралдарыбыздын октору да түгөнүп баратты. Анткени биз согушууга эмес, чалгындоо даярдыгы менен гана күзөткө чыгып, жаныбызга кошумча ок-дары жана гранаталарды алган эмес болчубуз. Согушчандар биз тарапка жакындап калышканда мен: «Жолдош лейтенант, эмне кылабыз?» деп кыйкырсам жанымда эч ким калган эмес экен. Ошол атышууда алты жоокер окуя болгон жерде каза болуп, төртөөбүздү кармап алышты».

Топтун лейтенанты жана үч жоокер туткунга түшүп калат. 11-августта бир сутка бою алар жоочулар менен бирге жүрүп, ар кандай кыйынчылыктарда дуушар болушат. Туткундагы аскерлер ал учурда өздөрүнүн өлүмү тууралуу катуу ойлоно башташкан. Анткени террорчулар туткундагы аскерлерге тамак-аш тургай ичкенге суу да берген эмес экен.

Жоочулардын командиринин жини келип, аны «өлтүргүлө» деди окшойт, сайдын жээгине алып барып, көзүн таңып, бычак менен биздин көзүбүзчө союп таштады.


«Бизди чатырлар тигилген, өздөрүнүн базасы катары жайгашкан тоо түбүндөгү жерге алып барышты. Кыйноо жолу менен бизди ар нерсе кылып суракка ала башташты. Ошол учурда бизден жашы улуу, келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокер Рустам Ажиманов аларга: «Силер да мусулман экенсиңер, бизге эмнеге курал такап атып жатасыңар?» деди. Жоочулардын командиринин жини келип, аны «өлтүргүлө» деди окшойт, сайдын жээгине алып барып, көзүн таңып, бычак менен биздин көзүбүзчө союп таштады. Анын сөөгүн ошол жерге эле таштап көөмп салышты. Азыркыга чейин ошол жоокердин сөөгү табылбай кетти окшойт.

Туткунда жүрүп мен алардын баарын эсептесем 47 жоочу экен, биз менен салгылашта алардан үчөө каза болуптур. Баары сакал койгон, орто курактагы балдар болчу. Арасында 70% өзбектер, калганы тажик жана башка улуттагылар. Баары мылтыкты алдына коюп алып беш маал намаз окуйт эле. «Кеч кирип, шам болгон учурда жай которобуз» деп жолго чыктык. Үчөөбүзгө 25-30 килограммдык каптарын көтөртүп коюшкан. Жоочулар түндөсү гана жол жүрүп, күндүзү токтошконуна күбө болдук. Алар түнкүсүн да Баткендин тоолорундагы жолдорун адаштырбай жатка билишкенине таң калганбыз. Түнү менен жол жүрүп, таң агарып, азан айткан убакта бир жерге токтодук. Бизге тамак эмес, суу да бербей коюшту. Шайыбыз кетип алсырап «өлөт деген ушу турбайбы» деп ойлоно баштадык».

Баткен окуяларын эскерүү иш-чараларынын бири.
Баткен окуяларын эскерүү иш-чараларынын бири.

Жоочулар Баткендин Тажикстан менен чектеш тоолорунда чабандардын малын тартып алып, өздөрүнө тамак-аш камдай башташкан. Жалалов катарында болгон топтун аскерлерине кол салуу болгонун ал учурда төмөн жактагы аскердик бөлүктөн эч ким билген эмес. Барымтачылардын колунда калган аскерлерге экинчи күнү гана жардамга келишкен.

«Экинчи күнү саат 9дар чамасында бизге жардамга келген кыргыз жоокерлери алар менен аткалашып, эки тарапта каршылашып калышты. 20 мүнөттөй салгылашкан соң сегиз кыргыз жоокерин атып өлтүрүп, №2 взводдун командири лейтенант Кушбековду кармап алышыптыр. Бизге жакын жерде аны кыйноо менен суракка алып, акырында аны атып салышты. Атышууда жоочулардын бирөөсүнө ок тийип жарадар болгон экен. Аны көтөрүп алып келишти, ичегилери чубалып калган экен, жарааттарын таңып киришти. Бирок анын жанын аман сактап кала алышкан жок. Каза болгон жоочунун иниси агасынын каза болгонуна ызаланып, биздин жаныбыздагы келишим менен кызмат өтөп жаткан жоокердин көкүрөгүнө автоматын такап атып салды. Ошентип барымтада экөөбүз гана калдык».

Аларга жардамга келген аскерлердин баарынын каза болгонун уккан Жалалов менен теңтушу жашоодон үмүтүн үзө башташкан. Анткени качан болбосун жоочулар аларды да атып салышы мүмкүн эле. Бирок бир нече убактан кийин абал өзгөрө баштаган.

«Биз токтогон жерде илгери таштан корголонгон, үстү жабылбаган сарай бар экен. Барымтада кармап жаткан экөөбүздү ошол жерге киргизип коюушту. Экинчи жолу салгылашта бир жоокер артка кайтып, жардам чакырганы барыптыр. Ошентип бир сааттан кийин 50 жоокер жардамга келди. Эки сааттай алар менен атышып жатышты. Биз октордун үндөрүн даана угуп жаттык. Бир маалда барымтадагы шеригим экөөбүз «бизди кайтарып жаткан эки жоочуну таш менен уруп, качабыз» деп план түзө баштадык. 15 метр ылдый жакта чоң сай бар, «ошол жакка жетип алсак, суу менен агып чек ара тозотуна барабыз» деп жатканбыз. Бир убакта бизди караганы калган жоочулардын бирөөсүнүн рациясына: «Качкыла, силер тарапка аскерлер барат!» деп бакырып бирөө сүйлөп калды. Анткени алардын өзбек тилинде сүйлөшүп жатканы мага түшүнүктүү болчу. «- Барымтадагыларды эмне кылабыз? - Экөөнү тең атып салгыла», - деген үндү угар замат экөөбүз таш коргондон ашып өтүп, качып жөнөдүк. Мен сайдагы сууга эки метр калганда колума, андан соң арт жагымдан ок тийгенде жерге жыгылып түштүм. Жанымдагы жоокер таш коргондон түшкөндө ок тийип, баса албай отуруп калган экен. Аны ошол жерден башка атып өлтүрүшүп, менин жаныма келип текшере баштаганда жанындагысы «жоокерлер келип калышты» деп кыйкырганда дароо качып кетип калышты. Жоочулар тоо башында пулеметтор менен аткылап тургандыктан биздин аскерлер мен турган аймакка бир сутка бою келе алышкан жок. Ошентип мен эстен танган бойдон бир күн бою сайдын жээгинде жатып калдым».

Баткен окуясынын ардагери «Кудай мага экинчи өмүр берди» деп азыр шүгүр келтирет. Анткени бир күндүн ичинде эки топтун 18 жоокери каза болуп, барымтада калгандардын ичинен өзү жалгыз аман калган. Согуш талаасынан Касымбек Жалалов бир күндөн кийин гана чалажан абалда табылган.

«Салгылаштан бир күн өткөн соң, эртеси күнү түш чендерде гана бизге жардамга келишти. Каза болгондордун арасынан мени гана тирүү таап чыгышыптыр. Ошол учурда эсимди жоготкон абалда биринчи жардам берип жатышканын, тоолордо замбил менен көтөрүп, атышуу болгон жерлерден качып баратышканын элес-булас билем. Курбака блок-постуна жеткенде мени тик учак менен Баткен аймактык ооруканасына алып келишкен. Ал кезде айына бир жолу тик учак менен бизге тамак-аш жеткирип турушчу. Менин бактыма ошол учурда тик учак келип калган экен. Баткен ооруканасында дарыланып жатып, командирлерге бардык болгон окуяларды айтып бергем».

Коогалаңдан улам 3-топтогу майыптык алган ардагер кийинки жашоосунда Баткен окуясы боюнча соттук териштирүүгө да катышып, дайыны билинбей кеткен жоокерлерди издөөгө да жардам берген. Учурда ал Сузак районундагы Баткен окуясында «Эрдик» медалын тагынган жалгыз ардагер.

Баткен окуяларынын катышуучулары Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев менен.
Баткен окуяларынын катышуучулары Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев менен.

«Бишкектеги аскер госпиталында жатканда ошол учурдагы президент Аскар Акаев жарадар болуп жаткан 12 жоокерди көргөнү барган. Ошондо бардык жоокерлерге «Эрдик» медалын тапшырган.

Армиядан келгенден кийин дары-дармектен жана беш жылга чейин электр энергиясынан жардам беришти. Учурда 3-топтогу майып катары айына 7 миң сомдон компенсация, андан сырткары 4,5 миң сом пенсия алам. Ошол учурда Кой-Таш аскер бөлүгүндө 22 жоокер курман болгон. 11-августта Бишкектеги эскерүү иш-чарасына катышып, ошол балдардын эстелигине гүл коюп келдим. Андан сырткары сентябрь айында Майлуу-Суу шаарында жети жоокер каза болгон, буюрса ал жактагы эскерүүгө да барабыз».

Беш баланын атасы Касымбек Жалалов армиядан кайткан соң Жалал-Абад мамлекеттик университетин бүтүрүп, учурда Сузак районундагы №35 Комсомол орто мектебинде химия жана аскерге чейинки даярдык сабактарынан окуучуларга билим берет. Ал дайыма балдарына жана окуучуларына мекенди коргоо ыйык милдет экендигин айтуудан тажабайт.

«Мен ар дайым аскер адамы болуп, жогорку даражадагы чин алууга ниет кылчумун. Бирок Баткен окуясы ал максатымдан кайтарып, азыр мектепте мугалим болуп иштеп келатам. Ар дайым мен балдарды мекенди коргоого үндөп, өлкөнүн мекенчил инсаны болууга чакырып турам. Аскер ар бир эркек баланы тарбиялайт жана дене-боюн чыңап машыктырат».

Баткен облусунун аймагына 1999-жылы экстремисттик уюмдардын куралдуу тобу кол салып, коогаланда 54 киши мерт болгон. Арасында 30 кыргыз аскери курман болуп, ондогон жоокерлер жараат алышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG