Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Мрох (маймыл чечеги) эмне үчүн кооптуу?


Конголук аял үч жашар уулу менен Гома шаарындагы ооруканага кирип баратат, 16-август, 2024-жыл
Конголук аял үч жашар уулу менен Гома шаарындагы ооруканага кирип баратат, 16-август, 2024-жыл

Кыргыз бийлиги маймыл чечек деп аталган мрох вирусу боюнча дүйнөдөгү кырдаалдан улам билдирүү таратып, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, бирок алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын маалымдады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 14-августта глобалдык мааниде өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Мрох вирусу Конго Демократиялык Республикасында 15 миңдей адамдан аныкталып, 500дөн ашык киши каза тапты. Африка континентинин сыртында инфекция Пакистанда жана Швецияда катталды.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен маймыл чечеги катталган өлкөлөргө барууну пландап жаткан жарандарга сак болууну эскертти.

"Бүгүнкү күндө аэропорттордо, темир жол каттамдарында жана чек ара посттордо маймыл чечек оорусу катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга өзгөчө көңүл буруу менен санитардык-карантиндик пункттарда алдын алуу иш чаралары күчөтүлдү", – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Казакстандын бийлиги аэропорттордо, чек ара өткөөлдөрүндө санитардык-карантиндик чараларды күчөттү.

Мрох вирусу Швецияда жана Пакистанда катталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Пакистандын Пешавар шаарындагы оорукана маймыл чечегин жуктуруп алган бейтаптар көбөйүшү ыктымал деген кооптонуудан улам атайын даярдык көрүүдө. 16-августта Перс булуңунан кайтып келген кишиде бул вирус табылган.

Пакистандын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын көрсөтмөсү менен шаардагы полиция күчтөрүнүн госпиталы маймыл чечегине кабылгандарды кабыл ала турган жайга айланды.

“Маймыл чечеги – жугуштуу оору. Ага чалдыккан кишинин дене табы көтөрүлөт. Адамдын булчуңдары, сөөктөрү, башы ооруйт. Кээ бир бейтаптар кусуп же ичи өтөт. Туруп-туруп эле дене табы жогорулап, эти кычышып, бүдүр, ыйлаакча чыкса, бул – маймыл чечеги”, - деп түшүндүрдү Пешавардагы оорукананын дарыгери Асиф Азхар.

Аэропортторддо да вирустун алдын алуу чаралары көрүлүүдө.

Швецияда 15-августта Африкадан кайтып келген киши мрох вирусун жуктурганы аныкталды.

“Ооруну жуктуруп алганы бышыкталган бейтап дарыгерлердин көрсөтмөлөрүнө ылайык дарыланып жатат. Швеция илдетти аныктоого, вируска чалдыккан кишилерди обочо кармоого жана сапаттуу, коопсуз дарылоого даяр деп ойлойбуз”, - деди Оливия Вигцелл, Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн директору.

Вирустун азыркы штаммы Конго жумуриятында тез жайылууда. Илдет Африканын мурда катталбаган төрт өлкөсүнө да жетти.

14-августта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус глобалдык алкакта чукул кырдаал жарыялады.

"Эпидемияны токтотуу жана адам өмүрүн сактап калуу үчүн эл аралык алкакта координацияланган чара көрүү зарыл. Коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө дүйнөлүк деңгээлде чукул абал эл аралык мыйзамдарга ылайык кооптонуунун жогорку деңгээлин билдирет", - деди Гебрейсус.

Ондогон жылдан бери маймыл чечеги Борбордук жана Батыш Африкада аныкталып келген. Ага чалдыккан алгачкы бейтап 1970-жылы Конгодо аныкталган.

2022-жылы вирустун Европа жана Түндүк Америкада табылганы чоң кооптонууга жем таштаган. Бирок адистер бул жолку штаммы мурункуга караганда кооптуу экенин эскеришет.

Африканын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына караганда, вирусту жуктуруп алгандардын көбү Конго Демократиялык Республикасына туура келгени менен ушу тапта континенттин кеминде 13 өлкөсүндө катталды. "Рейтер" агенттигинин маалыматына караганда, быйыл Африкада маймыл чечегин жуктурган 17 миң учур катталса, 517 киши оорудан улам каза болду.

Бул илдеттен коргогон вакцина бар болгону менен Африкада бардык адамдарга жетпейт.

Өткөн аптада АКШ маймыл чечегин жуктуруп алышы мүмкүн деген адамдарга эмделүү зарылдыгын эскертти.

Франциянын Монпелье шаарындагы медициналык борбордо мрох вирусунан эмделип жаткан киши, 23-авгусь, 2022-жыл
Франциянын Монпелье шаарындагы медициналык борбордо мрох вирусунан эмделип жаткан киши, 23-авгусь, 2022-жыл

Бирок эксперттер вакцинадан тышкары вирустун жайылуусун алдын алуу үчүн көзөмөлдүн, диагностиканын жана изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүн белгилешет.

Вирустун аталышы англисчеден кыскартканда mpox (мурда Monkey pox) деп аталып калды. Илдет өтө тез жугат.

Учурда түп тамыры менен жоюлган кадимки чечекке байланышкан бул вирус жакын байланыштан, өбүшүүдөн же жыныстык катнаштан, булганган шейшепти, кийим-кечени колдонуудан жана ийне аркылуу жугушу мүмкүн.

Вирус ошондой эле илдетке чалдыккан жан-жаныбардан: маймылдан, чычкандан жана тыйын чычкандан да жугушу ыктымал.

Илдет балдар арасында тез тарагандыктан наристелер аярлуу топко кирет. Ошондой эле иммунитети начар жана кош бойлуу аялдар дагы аярлуу болуп саналат.

Эки же үч аптада бейтап айыга баштайт. Бирок териде боз темгил тактар калышы мүмкүн.

Айрым учурларда (орточо алганда жүздөн төрт учур) мрох жуккан бейтаптар, айрыкча аярлуу топтогулар жарыкчылык менен кош айтышат.

XS
SM
MD
LG