АКШ президенти Дональд Трамп эгер Путин анын Украинадагы согушту токтотуу сунушуна тоскоолдук кылса, орус мунайына жаңы санкция саларын эскертти.
АКШ президенти Дональд Трамп эгерде Москва анын Украинадагы согушту токтотуу сунушуна тоскоолдук кылса, орус муңайына жаңы санкция саларын эскертти. Ошондой эле ал украин лидери Владимир Зеленский Вашингтон менен кен байлыктар боюнча келишимге кол койбосо, "чоң, чоң көйгөйлөргө" туш болорун айтты.
Украин күчтөрү Орусиянын аба чабуулдарына каршы оптикалык жипке байланган дрондорду көп колдонуп жатканы байкалат. Бул дрондор чөлмөккө оролгон ичке жиптер менен башкарылат. Мындай аппараттар ийкемдүү болуп, ар кандай тоскоолдуктарды буйтап кетүүгө жөндөмдүү.
27-мартта Парижде 30дан ашуун өлкө лидерлери чогулуп, Украинага согушта жана дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө жардам көрсөтүүнү талкуулашты. Ал тапта Зеленский АКШдан Орусия менен сүйлөшүүлөрдө Украина үчүн күчтүү позицияда турууну суранса, Путин Украинага "эл аралык башкаруу киргизүүнү" сунуш кылды.
27-мартта Парижде 30дан ашуун өлкө лидерлери чогулуп, Украинага согушта жана дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө жардам көрсөтүүнү талкуулашты. Алар жаңы жардамды убада кылып, Европанын бейпилдик күчтөрүн Украинага жайгаштыруу боюнча сунуштарды карады.
Ооганстанда жаңы окуу жылы 22-мартта башталды. Бирок төртүнчү жылы катары менен миллиондогон өспүрүм кыздар мектепке бара албай калды.
Газанын эли ХАМАСты согушту токтотууга чакырып, нааразылыкка чыкты. Израилдин коргоо министри газалыктарга кайрылып, аймакта аскерий операциялардын жайылышын эскерткен. 23-мартта ЦАХАЛ Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарынын бир бөлүгүн курчоого алып, миңдеген тургун чыга албай калганы кабарланган.
Түркияда акыркы он жылдан берки эң ири нааразылык акциялары өтүп жатат. Мындан улам бул окуялар президент Режеп Тайып Эрдоганга олуттуу чакырык жаратат же өлкөнү андан ары авторитаризмге түртөт деген божомолдор күч алды.
Сауд Арабиясында үч күнгө созулган Украина жана Орусиянын делегациялары менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ Кара деңизде аскердик аракеттерге тыюу салуу боюнча макулдашууга жетишилгенин жарыялады.
АКШ Украина жана Орусия менен Кара деңизде аскердик аракеттерге тыюу салуу боюнча макулдашуу жетишилгенин жарыялады. Андан тышкары эки тарап бири-биринин энергетикалык жайларына сокку урууну токтотуу боюнча чараларды көрүүнү макулдашты. Ошентсе да азырынча тынчтыкка жетүү үчүн тоскоолдуктар арбын.
Өзүн "Ислам мамлекети" (ИМ) деп атап алган экстремисттик топ Сирия менен Иракта маанилүү аймактарынан ажырап калганына карабай таасирин кеңейтип, тактикасын өзгөртүүдө. “Ислам мамлекети-Хорасан” тобу Ооганстандан ары кеңейип, Тажикстандан, Өзбекстандан согушкерлерди катарына тартып жатат.
Америка соту АКШнын Глобалдык медиа агенттигине (USAGM) “Эркин Европа / Азаттык” радиосун жабууга байланыштуу аракеттерин токтотуп турууну буйруду.
Дагы жүктөңүз