Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:30

Түркиянын дүйнөлүк алакада аркалаган беш багыты


Еврокомиссия президенти Урсула фон дер Ляйен менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, 2024-жыл.
Еврокомиссия президенти Урсула фон дер Ляйен менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, 2024-жыл.

Түркияда акыркы он жылдан берки эң ири нааразылык акциялары өтүп жатат. Мындан улам бул окуялар президент Режеп Тайып Эрдоганга олуттуу чакырык жаратат же өлкөнү андан ары авторитаризмге түртөт деген божомолдор күч алды.

Нааразылыктын чыгышына Стамбул мэри Экрем Имамоглунун камалышы себеп болду. Ал оппозициялык Республикалык элдик партиянын (CHP) атынан 2028-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлмөк.

Түркиядагы окуялардын мындан аркы өнүгүшү башка бир катар чөлкөмдөргө да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Украинадагы согуш

Согуштун алгачкы айларында эле Түркия Орусия менен Украинанын ортосунда Кара деңиз аркылуу дан экспорттоого шарт түзгөн келишимге ортомчулук кылуу менен кандайдыр бир ийгиликке жетишкен.

Ал келишим Глобалдык Түштүккө кирген мамлекеттерге украин данын жеткирүүдө чечүүчү факторго айланган. Бир жылдан кийин Орусия макулдашуудан чыгып кеткен.

Вашингтон Москва жана Киев менен болгон сүйлөшүүлөрдө ал макулдашууну жандантууга артыкчылык берген. Бул ал келишим канчалык маанилүү болгонун айгинелейт.

Согуштун жүрүшүндө Анкара негизинен өз алдынча саясат жүргүзүп келет.

Түркия НАТОго мүчө экенине карабастан Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен жылуу мамилесин сактоого аракет кылып келет.

Экөөнө таандык "күчтүү лидер" стили бири-бирин түшүнүүгө жардам бергендей.

Ошентсе да, алардын алакасы Түркиянын дрон чыгарган "Байрактар" компаниясынын Украинада завод куруу планына тоскоолдук жарата алган жок.

Түркиялык компания чыгарган дрондор согуштун алгачкы айларында Украинаны коргоодо маанилүү роль ойногон.

Киевдеги Жакынкы Чыгышты изилдөө борборунун директору Игор Семиволостун пикиринде, Түркиянын тышкы саясатынын негизги кыймылдаткыч күчү катары экономика саналат.

"Аймактык маселелерге келсек, Орусия, Украина, Жакынкы Чыгыш менен болгон мамилелерде негизги ролду бизнес кызыкчылыктар ойнойт. Бул мамлекеттер азыр Эрдогандын айланасында канчалык тегеренип жүрүшсө, кийин Имамоглунун айланасында да топтолушат," – деди ал "Настоящее Время" программасына курган маегинде.

Батыш менен байланыштар – Евробиримдик жана Вашингтон

Бизнес тууралуу айтсак, Түркиянын эң ири соода өнөктөшү Евробиримдик. Шаркеттин статистикасына караганда, анын үлүшү Түркиянын жалпы соода жүгүртүүсүнүн үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Түркияда өкмөт алмашса Брюссель менен мамиле өзгөрүшү мүмкүн.

2018-жылы Евробиримдик Түркиянын биримдикке кошулуу жараянын демократиялык принциптердин бузулушуна байланыштуу токтоткон.

Имамоглу Анкаранын шаркетке кошулуу сүйлөшүүлөрүн кайра жандантып, Брюссель менен алаканы жакшыртууга аракет кылышы ыктымал.

Соңку дүйнөлүк кырдаалдан улам эки тараптын алакасы бийлик алмашпаса деле кайра жакындашы мүмкүн.

Анткени Европанын Вашингтондон коргонуу жаатындагы көз карандылыгын азайтуу жана Украинада аскердик миссия түзүү максатындагы аракеттеринде Түркиянын күчтөрү маанилүү роль ойношу мүмкүн.

Мындан улам европалык лидерлер Эрдогандын аракеттерин сындоо керекпи же коопсуздук жаатындагы кызматташтыкка артыкчылык берүү керекпи деген кыйын тандоо алдында турушат.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтондо ушул жумадагы сүйлөшүүлөрүндө негизги темалардын бири экономика болду.

2020-жылы Түркия Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларын сатып алгандан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Анкарага санкция салган. Эрдоган учурда бул санкциялардын алынышына үмүттөнүүдө.

Иран жана Жакынкы Чыгыш

Түркиядагы акыркы окуялар Тегеран менен Анкара бири-бирин ички иштерине кийлигишкени үчүн айыптап жаткан учурга туш келди.

Эки өлкөнүн ортосунда көп учурда аймактык маселелер боюнча карама-каршылыктар жаралып келет.

Маселен, Түркия Сирияда Асад режимине каршы оппозицияны, Азербайжандын Арменияга каршы аракеттерин колдоп келет.

Пикир келишпестиктерге карабай, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Түркиядагы соңку окуяларды “ички маселе” деп атады.

"Эрдоган прагматикалык лидер катары көрсөтүп, өз кызыкчылыктарына жараша өнөктөштөрүн өзгөртүп келет... Оппозиция болсо көбүрөөк Европаны жактап, секулярдык жана демократиялык системаны колдойт. Эрдогандын көз карашы Тегерандын кызыкчылыктарына көбүрөөк туура келет”, - деди Стамбулдагы саясий аналитик Айдын Ахаван "Фарда" радиосуна курган маегинде.

Түркиянын географиялык жактан жайгашуусу дагы анын таасирин арттырып турат. Украинадагы согуш башталганда Түркия Орусиянын аскердик кемелери үчүн Босфор кысыгын жаап салган. Бул кадам Москванын Сириядагы күчтөрү менен байланышын кыйла оорлотуп койгон.

Анкара Дамасктагы убактылуу өкмөттүн башкы өнөктөштөрүнүн бири катары Сириядагы таасири да чоң. Мындан улам ал эл аралык дипломатияда дагы бир топ мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Түркия жана анын колдоосундагы күчтөр Сириядагы жаңжалда чоң роль ойноп келген жана мындан ары да таасирин сактап калышы ыктымал.

Борбор Азия

Түркиянын таасири Жакынкы Чыгыш менен эле чектелбестен, Борбор Азияга да кеңири жайылган. Бул аймактагы төрт өлкөдө — Казакстанда, Кыргызстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда калктын басымдуу бөлүгү түрк тобуна кирген тилдерде сүйлөйт.

Түркмөнстандан башкасы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө. Ага Азербайжан да кирет.

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн желектери. Бишкек. Ноябрь, 2024-жыл.
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн желектери. Бишкек. Ноябрь, 2024-жыл.

Кээ бир аймактык эксперттер Түркияны Борбор Азиядагы альтернативдик күч катары карашат.

Анткени Орусиянын экспансиясы Украинадагыдай эле Борбор Азиядагы орус тилдүү калк көбүрөөк аймактарга да багытталышы мүмкүн деген кооптонуу күч.

"Алар биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүп, Орусиядан башка базарлардан курал-жарак сатып алуу жана өндүрүү иштерин башташты," – деген эле Түндүк Кипрдеги Жакынкы Чыгыш университетинин өкүлү Асел Тутумлу "Азаттыктын" казак кызматына ноябрь айында курган маегинде.

Украинадагы согуш башталганга чейин Борбор Азиянын Европа менен соода-сатыгы Орусиянын аймагы аркылуу жүргүзүлчү.

Тутумлунун айтымында, Батыштын Орусияга каршы санкциялары жаңы соода жолдорун пайда кылып, анын ичинде Азербайжан жана Түркия аркылуу каттамдарды өнүктүрүүгө түрткү берди.

Кытайдан Европага чейин Орусияны айланып өтүүчү Борбордук Коридордогу транспорттук жана логистикалык байланыштарды күчөтүү маселеси былтыр жыл аягында Бишкекте өткөн аймактык саммитте дагы негизги темалардын бири болгон.

Балкан өлкөлөрү

Түркия ошондой эле энергетика тармагында маанилүү оюнчу болуп саналат жана бул өзгөчө Түштүк-Чыгыш Европада ачык көрүнүп турат.

Түркиянын газын негизинен Венгрия, Румыния жана Сербиянын калкы колдонот.

Учурда "Түрк агымы" (TurkStream) Европага Орусиянын газын жеткирген жападан жалгыз куур болуп саналат. Ал Кара деңиздин түбү аркылуу Орусиядан Түркияга, андан ары Балкан өлкөлөрүнө чейин созулат.

"Анкара Түркияны аймактын негизги энергетикалык борбору катары бекемдөөгө аракет кылууда", - дейт Лондондогу Chatham House изилдөө борборунун өкүлү Карим Элген.

Түркия Балкан өлкөлөрүнө, айрыкча Сербияга ири инвестиция салган. Анкара Белград–Сараево автомагистралын куруу боюнча дымактуу пландарын алдыга жылдыруудан тышкары Сербияда өзүнүн атактуу дрондорун өндүрүү мүмкүнчүлүгүн дагы караштырып келет.

Дрон сатуу келишимдери ошондой эле Босния жана Албания менен да талкууланган.

Балкан өлкөлөрүндө Түркия экономикалык таасирин саясий кадамдарга жол ачуу максатында дагы колдонууда.

Бул багытта Түркия мусулман жамааттары басымдуу өлкөлөр менен гана чектелбей, башка мамлекеттер менен да тыгыз алака түзүүгө аракеттенүүдө.

Макаланын автору: Ray Furlong

Которгон: Элиза Кененбаева

Шерине

XS
SM
MD
LG