Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:31

Ооганстан: Миллиондогон кыздар мектепке барбай калды


Оогандык мугалим Кабул шаарындагы мектепте китептерди чогултууда. Декабрь, 2022-жыл.
Оогандык мугалим Кабул шаарындагы мектепте китептерди чогултууда. Декабрь, 2022-жыл.

Ооганстанда жаңы окуу жылы 22-мартта башталды. Бирок төртүнчү жылы катары менен миллиондогон өспүрүм кыздар мектепке бара албай калды.

Талибдер ооган өкмөтүн кулатып, бийликти басып алып, 12 жаштан улуу өспүрүм кыздардын билим алуусуна тыюу салган учурда Халида 9-класста окуп жаткан.

"Мындай чектөө менин жашоомду түп тамырынан өзгөрттү" деди ал "Азаттыктын" ооган кызматына берген маегинде. Төрт жылдан бери билим алуу укугунан ажыраган Халида азыр 18 жашта.

"Бүт көңүлүм билим алууда эле, азыр эми убактым текке кетип жатат".

Талибдердин аялдарды орто билимден ажыратып, алардын коомдук турмуштагы негизги укуктарынан чектөөсү Ооганстандагы кеминде 2,2 миллион кызга таасирин тийгизди.

Өлкөдө өспүрүм кыздарды мажбурлап күйөөгө берген учурлар, тагыраагы жашы жете электер менен никеге тургандардын саны өстү. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, талибдер бийликке келгени мындай никеге тургандардын саны 25 пайызга өскөн.

Аялдардын билим жана келечекте кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашы жакырчылык каптаган өлкөдө суициддин санын кескин көбөйткөн. Ооганстан өзүнө кол салган эркектерге караганда өз жанын кыйган аялдар көп болгон дүйнөдөгү саналуу өлкөлөрдүн бирине айланды.

"Азади" радиосуна дагы бир өспүрүм кыз коопсуздугунан чочулап, анонимдүү шартта сүйлөп берүүгө макул болгон.

"Билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу биздин келечегибизге гана коркунуч келтирбестен, өлкөбүздүн өнүгүшүнө да тоскоол болууда", - деген ал.

Өспүрүм кыз "кыздардын билим алууга жана жаркын келечекке укугу бар экенин" кошумчалады.

БУУнун балдар агенттиги - ЮНИСЕФ кыздардын мектепте билим алуусун чектөөнүн залакасы дагы бир канча муунга чейин тиерин белгилейт.

ЮНИСЕФтин 22-марттагы билдирүүсүндө: "Мындай тыюу өлкөнүн саламаттык сактоо системасына, экономикасына жана улуттун келечегине терс таасирин тийгизери" айтылат.

"Билим алуудан чектелген кыздар эрте нике курууга дуушар болушу мүмкүн. Бул өз учурунда алардын саламаттагына терс таасирин тийгизип, бакубат жашоосунан ажыратат".

Агентттик эгер мындай чектөө 2030-жылга чейин созула турган болсо дээрлик төрт миллиондон ашуун кыз билим алуу укугунан ажырап калаарын эскертти.

Талибандын лидерлеринин плакаттарынын жанында бараткан ооган аялдары. Кабул, 2021-жыл.
Талибандын лидерлеринин плакаттарынын жанында бараткан ооган аялдары. Кабул, 2021-жыл.

Кыздарды коргоого үндөгөн чакырыктар

БУУнун жогорку даражалуу өкүлдөрү жана ооган активисттери талибдердин аялдарга жасаган мамилесин “гендердик апартеид” деп аташкан.

Алар эл аралык коомчулукту талибдерге басым көрсөтүүгө, кыздардын алтынчы класстан кийин билим алуусуна тыюу салган чектөөсүн тез арада алып салууга чакырышты.

Эл аралык санкцияларга кабылган "Талибан" өкмөтүн эч бир өлкө тааныган эмес. Бирок соңку кезде бир катар өлкөлөр, анын ичинде Батыштын айрым мамлекеттери "Талибан" өкмөтү менен соода, коопсуздук жана иммиграция маселелери боюнча кызматташа баштады.

"Талибдер дагы деле ээн-эркин жүрүшөт", - дейт бозгунда жашаган таанымал ооганстандык активист Паштана Дуррани.

"Алар маек беришет. Банк эсептери бар. Алардын үй-бүлөлөрү чет өлкөдө жашайт, бирок өзүлөрү ооган аялдарына билим алууга тыюу салышат".

“Талибан" кыздардын мектепте окуусуна жол ачышын эл аралык коомчулук чындап каалайбы же жокпу - сурагым келет”, - деди ооган активисти.

Макаланын автору: Малали Башир
Которгон: айгерим Акылбекова


Шерине

XS
SM
MD
LG