Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:38

Кара деңизде согуштук аракеттерди токтотуу келишими ишке ашабы?


Кара деңизде жүк ташуучу кеме өтүп баратканда кайгуулда турган украин аскери. 7-февраль, 2024-жыл
Кара деңизде жүк ташуучу кеме өтүп баратканда кайгуулда турган украин аскери. 7-февраль, 2024-жыл

Сауд Арабиясында үч күнгө созулган Украина жана Орусиянын делегациялары менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ Кара деңизде аскердик аракеттерге тыюу салуу боюнча макулдашууга жетишилгенин жарыялады.

Андан тышкары эки тарап бири-биринин энергетикалык жайларына сокку урууну токтотуу боюнча чараларды көрүүгө макул болушту. Ошентсе да азырынча тынчтыкка жетишүүдө бир топ тоскоолдуктар бар.

АКШ менен Украинанын делегациялары Эр-Риядда 23-25-март күндөрү, ал эми Вашингтон менен Москванын өкүлдөрү ошол эле калаада 24-мартта жолуккан. Ак үйдүн билдирүүсү жарыяланардан бир нече саат мурда эле Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүнүн мазмуну "албетте, коомчулукка жарыяланбайт" деп айткан.

Ак үйдүн эки билдирүүсүндө тең “АКШ согушту тынчтык жолу менен чечүү үчүн Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүүнү улантат” деп белгиленген.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кеңири масштабдуу согуш ачкан.

Байкоочулардын баамында, тараптар ортосундагы соңку макулдашуу АКШ президенти Дональд Трамптын согушту токтотууга багытталган аракеттеринин эң олуттуу жетишкендиктеринин бири. Ал президенттик кызматка киришкенине эки ай гана болду.

Ошентсе дагы көп суроолор ачык бойдон калууда. Алардын арасында Москва ок атышууну толук токтотууга же Украинаны толук баш ийдирбестен тынчтык келишимине барууга канчалык даяр деген маселе бар.

Келишим ишке ашабы?

Кошмо Штаттар дагы, Орусия дагы өз билдирүүлөрүндө бул сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты Кара деңиздеги ок атышууну токтотуу келишимине жетишүү болгонун белгилешти.

Ага ылайык, стратегиялык маанидеги аймакта кемелердин эркин жүрүүсүнө шарт түзүлүп, кеңири масштабдагы ок атышууну токтотуу келишимине карай биринчи кадам жасалат.

Кара деңиздин жээги Орусияга да, Украинага да карайт. Бул деңиз аркылуу эки өлкө тең дан экспорттойт.

АКШ-Орусия жолугушуусунан мурда, Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусиянын 2022-жылы бекитилген Кара деңиз дан келишими боюнча берген убадалары аткарылган эмес деген талаптарын кайрадан кайталады. Ал келишим кийинчерээк Орусия өзүнүкүнөн баш тартып, карама-каршылыктардан улам иштебей калган.

АКШнын делегациясы Орусия жана Украинанын өкүлдөрү менен жолуккан Эр-Рияддагы мейманкана.
АКШнын делегациясы Орусия жана Украинанын өкүлдөрү менен жолуккан Эр-Рияддагы мейманкана.

25-мартта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул талаптарды дагы бир жолу кайталап, "душмандар Орусиянын дан жана жер семирткич экспортун басып жатканын" билдирди. Орусия менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүндө АКШ "Орусиянын айыл чарба жана жер семирткич экспорту үчүн дүйнөлүк рынокко кирүүсүн калыбына келтирүүгө, деңиз ташуу камсыздандыруу чыгымдарын азайтууга жана мындай операциялар үчүн портторго жана төлөм системаларына кирүүнү жакшыртууга" жардам берет деп айтылды.

Бул макулдашуу Орусия үчүн олуттуу стимул болгону менен ал канчалык сакталат деген суроо турат. Кремлдин билдирүүсү Ак үйдүкүнөн айырмаланат.

Маселен, ал жакта Кара деңизде аскердик аракеттерди токтотуу бир катар конкреттүү чаралар ишке ашкандан кийин гана күчүнө кирери белгиленет. Андан тышкары Москва дагы бир катар шарттарды койгон. Алардын арасында Орусиянын мамлекеттик айыл чарба банкына жана башка каржы мекемелерине киргизилген санкцияларды алып салуу, ошондой эле аларды SWIFT төлөм системасына кайра кошуу дагы бар. Албетте, бул кадамга Евробиримдиктин макулдугу керек болушу мүмкүн.

АКШ президенти Дональд Трамп бул шарттардын баарын карап көрөрүн айтты.

Ал эми Киев-Вашингтон сүйлөшүүлөрүнө катышкан Украинанын коргоо министри Рустем Умеров X социалдык түйүнү аркылуу билдиргендей, келишимдин бардык деталдарын, мониторинг жана көзөмөл механизмдерин тактоо үчүн кошумча техникалык кеңешмелер керек.

"Эгерде орусиялык аскердик кемелер Кара деңиздин чыгыш бөлүгүнөн батышка карай жылса, Украина өзүн-өзү коргоо укугун колдоно алат", – деп кошумчалады ал.

Учурда Украина менен Орусиянын ортосунда Кара деңиздеги аскердик аракеттерди токтотуу боюнча түз макулдашуу жок. Серепчилердин айтымында, мындан улам келишим ар кандай чечмелениши мүмкүн деген тобокелдик жаралат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да АКШ-Орусия макулдашуусунун айрым аспектилерин сындады.

"Бизге маалым болгондой, Москва Америкадан Орусиянын айыл чарба продукцияларын экспорттоого жардам берүүнү суранышкан. Биз буга макул болгон жокпуз. Биздин пикирибизде, бул позициялардын алсырашына жана санкциялардын жеңилдешине шарт түзөт", - деди ал.

Энергетикалык жайларга соккуларды токтотуу мүмкүнбү?

Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрдүн алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы ок атышууларды 30 күнгө токтотууну сунуштаган.

Украина бул сунушту 11-мартта кабыл алган, бирок Орусия каршы чыккан.

Трамп телефондон Путин жана Зеленский менен өз алдынча сүйлөшкөндөн кийин Киев менен Москва чектелген ок атышпоо режимин кабыл алууга макул болушкан.

Америка менен Орусиянын лидерлеринин 18-марттагы сүйлөшүүсүнөн кийин эки тарап тараткан билдирүүлөрдө дагы айырмачылыктар болду.

Маселен, АКШнын билдирүүсүндө "лидерлер энергетикалык инфраструктураны аткылоону токтотуу менен тынчтык жараянын баштоону макулдашты" деп жазылган.

Ал эми Орусиянын билдирүүсүндө "сүйлөшүүлөрдө энергетикалык инфраструктурага чабуулдарды токтотуу маселеси талкууланганы" жазылган.

Мындай айырмачылык макулдашуунун масштабы боюнча эки тараптын көз карашы эки башка экенин көрсөтүп турат.

Кремль билдиргендей, Путин бул демилгени колдоп, орус аскердик жетекчилигине тиешелүү буйрукту дароо берген.

Бирок Украина орус армиясы энергетикалык объектилерди жана башка инфраструктураларды аткылоону улантып жатат деп айыптады.

25-мартта жарыяланган Ак үйдүн билдирүүсүндө инфратүзүмдөргө байланыштуу так эч нерсе жазылган эмес. Анда "Орусия менен Украина энергетикалык объектилерге соккуларды тыюу салууну ишке ашыруу үчүн чараларды иштеп чыгууну макулдашты" деп гана белгиленген. Орусиянын расмий өкүлдөрү макулдашуу боюнча Вашингтондон так кепилдиктерди талап кылууда.

Ким эмнени көзөмөлдөйт?

Кандайдыр бир деңгээлде ок атышууну токтотуу же тынчтык келишимине жетишүүдөгү эң талылуу маселелердин бири - бул аймактык көзөмөл. Эгер согуш токтотулса, Орусия Украинанын кайсы бөлүктөрүн кандай шартта көзөмөлдөп калат?

24-мартта Вашингтондо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Дональд Трамп Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрдө дал ушул маселе козголгонун айткан.

"Биз азыр аймактар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз чек ара сызыктары тууралуу сүйлөшүп жатабыз," – деген Трамп.

Орусия азыр Украинанын бештен бир бөлүгүн ээлеп турат. Анын ичинде Крым жарым аралын толук, Луганск облусунун дээрлик бардык аймагын, Донецк, Запорожье жана Херсон облустарынын айрым бөлүктөрүн көзөмөлдөйт. Бирок Запорожье жана Херсон облустарынын борбор калаалары Киевдин карамагында.

2022-жылдын сентябрында Путин Луганск, Донецк, Запорожье жана Херсон облустарын Орусиянын аймагы деп негизсиз жарыялап алган.

Москва ушул күнгө чейин Украина бул облустардан аскерлерин чыгарып кетиши керек жана аларды расмий түрдө Орусиянын аймагы катары таанышы зарыл деп талап кылууда.

Ал эми Зеленский Украинанын бардык аймагын жакын арада кайтарып алуу мүмкүн эмес экенин мойнуна алган.

Согушту токтотуу боюнча келишим түзүлсө, Украинанын бир бөлүгү Орусиянын көзөмөлүндө калат деген божомол бар.

Бирок Киев өзүнүн чек араларын өзгөртүүгө эч качан макул болбой турганын билдирип келет.

Ак үйдүн Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөр боюнча билдирүүлөрүндө бул маселе тууралуу сөз жок.

Украина менен АКШнын сейрек минералдар боюнча келишими

АКШ узак убакыттан бери талкууланып жаткан минералдык ресурстар боюнча келишимдин жаңы, кеңири версиясын Киевге сунуштады. Бул тууралуу 25-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

Ал эми 24-мартта Трамп Вашингтон менен Киев жакын арада Украинанын сейрек кездешүүчү минералдарын жана башка жаратылыш ресурстарын биргелешип иштетүү боюнча келишимге кол коёрун айтты.

АКШнын расмий өкүлдөрү белгилегендей, бул келишим Украинанын коопсуздугун камсыздоого жана согушту жөнгө салууга жардам берет.

Алгач бул келишимге Зеленскийдин 28-февралда Ак үйгө барганда кол коймок. Бирок Трамп менен болгон ал жолугушуу кайым айтышуу менен аяктаган соң, макулдашууга жетишилбей калган.

Андан бери эки тарап ортосунда бери чыңалуу бир аз басаңдады. Ал эми бул келишим Украина менен АКШнын тилектештигинин белгиси катары кабыл алынууда.

Орусиянын позициясы кандай?

Трамптын айтымында, Путин 30 күнгө ок атышууну токтотууну колдой турганын, бирок "кээ бир тактай турган маселелер" бардыгын билдирген.

Алардын арасында, Украинаны колдогон өлкөлөр курал-жарак жөнөтүүнү токтотушу керек, Киев ок атышуу токтоп турган маалда аскердик мобилизация жүргүзбөшү зарыл, бул чектөөлөрдүн Орусияга тиешеси болбошу керек.

Киев Москваны "согушту токтотууга кызыкдар көрүнгөнү менен, убакытты созуп жатат" деп айыптады.

Көптөгөн талдоочулар Орусия дипломатиялык жана аскердик жолдор аркылуу максаттарына мүмкүн болушунча жакындаганга аракет кылып жатат деп эсептешет.

Кингс Коллеждин Орусия боюнча институтунун профессору Сэм Гриндин айтымында, Украинанын айланасындагы согуш боюнча Трамп менен Путиндин максаттары кескин айырмаланат.

"Трамп бул согушка чекит койгусу келет. Ал эми Орусия согушту өзүнө пайдалуу шарттар менен бүтүрүүнү көздөйт", - деди ал.

Макаланын автору: Steve Gutterman

Которгон: Элиза Кененбаева

Шерине

XS
SM
MD
LG