2019-жылы АКШ колдогон күчтөр "Ислам мамлекети" толугу менен жок кылынганын жарыялашкан. Бирок соңку жылдардагы окуялар алардын Ирактын жана Сириянын аймактарын көзөмөлдөгөн "квази-мамлекети" гана жоюлганын, коркунуч толук жок кылынбаганын көрсөттү. Радикал топ аман калуу максатында дүйнөнүн ар кайсы аймактарында өзүнүн иш-аракеттерин кеңейтип, мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга аракет көрүүдө.
2024-жылдын башынан бери ИМ Иран, Орусия, Германия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдө жасалган бир катар ири чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.
Вашингтондо жайгашкан Shtuni Consulting консалтинг компаниясынын жетекчиси, коопсуздук боюнча эксперт Адриан Штунинин айтымында, "ИМ глобалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратууну улантууда жана дүйнөдөгү эң коркунучтуу террордук уюм бойдон калууда".
"Уюм азыр биринчи кезекте өз алдынча иштеген аймактык бөлүмдөргө таянат ", - дейт эксперт.
ИМдин азыркы абалы кандай?
Талдоочулардын айтымында, ИМдин идеологиясы жана амбициялары өзгөргөн жок, бирок 2019-жылдан кийин бул топтун курамында радикалдуу өзгөрүүлөр болду. Акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча өзгөчө бийлик экстремизмге каршы турууга мүмкүнчүлүгү аз аймактарда анын көптөгөн өкүлдөрү пайда болду.
Нью-Йоркто жайгашкан Soufan Group консалтинг компаниясынын саясат жана изилдөөлөр боюнча директору Колин Кларк белгилегендей, ИМ азыркы децентралдаштырылган форматында анын “квази-мамлекеттик” учуруна караганда дагы чоң коркунуч жаратышы мүмкүн.
2024-жылы ИМ жана анын бөлүктөрү дүйнө жүзү боюнча бир катар ири чабуулдарды ишке ашырганы жарыяланган:
- Январда Ирандын Керман шаарында эки жолу террордук чабуул болуп, 100гө жакын адам каза тапкан.
- Март айында Москва облусундагы "Крокус Сити Холл" концерттик залына кол салуу болуп, 145 киши каза болгон.
- Август айында Сомалинин баш калаасы Могадишодо жанкечти жардыруу уюштуруп, кеминде 20 киши набыт болгон.
- Бир нече күндөн кийин ИМ согушкери Германиянын Золинген шаарында фестивалдын катышуучуларына бычак менен кол салып, үч адам каза болгон.
Адриан Штуни бул “ИМдин террордук чабуулдары уланып жатканын, уюмдун туруктуулугун, ийкемдүүлүгүн жана глобалдуу масштабдагы аракетин ” көрсөтөрүн белгиледи.
Лондондо жайгашкан Dragonfly аналитикалык компаниясынын маалыматы боюнча, акыркы үч жылда ИМ жана анын филиалдары жыл сайын орто эсеп менен 600гө жакын чабуул жасашкан. Бул көрсөткүч мурункуга (770) салыштырганда азайганы менен өлүм менен аяктаган кол салуулардын саны 40% өстү.
"Бул маалыматтар сөзсүз эле ИМдин жанданышын билдирбейт, бирок анын туруктуулугун көрсөтөт. Бирок эл аралык маалымат каражаттарында ИМдин дүйнө жүзү боюнча массалык курмандыктардын санын көбөйтүүнү каалайт деген кооптонууну чагылдырган макалалар жазылды", - деди Dragonfly "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна.
ИМ согушкерлери кайсы жерде активдүү жана алар өз катарын кантип толуктоодо?
Өзүнүн топтору аркылуу ИМ Африкадагы, Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу болгон жерлерде таасирин күчтүү бойдон сактап турат.
Анын эң активдүү мүчөлөрүнүн бири “Ислам мамлекети-Хорасан” тобу өз ишмердүүлүгүн Ооганстандан тышкары да кеңейтип, Борбор Азия өлкөлөрүнөн, өзгөчө Тажикстан менен Өзбекстандан согушкерлерди өзүнө тартып жатат.
Ошол эле учурда Сомали ИМдин Африкадагы глобалдык экспансиясынын маанилүү борбору болуп калды. Радикал топ өлкөнүн туруксуздугун пайдаланып, чеп түзүп, Эфиопиядан, Судандан жана Танзаниядан согушкерлерди тартууда. Ар кандай тилдерде, анын ичинде амхар жана суахили тилдеринде идеологиялык пропаганда жүргүзүүдө.
Бирок ИМдин Батыш Африкадагы тобу Чад көлүндө үстөмдүк кылган террордук уюмдардын бири бойдон калууда.
Радикал топко тартуу иштери жер-жерлерде жана Интернетте активдүү жүрөт. "ИМ Интернетте идеологияны жайылтуу, радикалдаштыруу, жалдоо, каражат чогултуу жана чабуулдарды пландаштыруу үчүн социалдык тармактарды жана мессенжерлерди колдонууну улантууда", - деди Штуни.
Штуни Европада акыркы кездеги чабуулдардын санына көңүл буруп, үч тынчсыздандырган тенденцияны байкаганын айтты: "Радикалдашуу көбүнчө Интернетте, өтө тез өнүккөн темпте жүрүп жатат жана азгыруу иштери жашы жете электерге жана жаштарга көбүрөөк таасир этүүдө".
"Терроризмге каршы глобалдык согушка салыштырмалуу аскердик операциялар кыскарган учурда онлайн мейкиндик көп көңүл бурууну талап кылат ", - дейт Tech Against Terrorism уюмунун талдоочусу Лукас Веббер.
ИМ өз ишмердүүлүгүн кантип каржылайт?
ИМ өзүнүн финансылык туруктуулугун диверсификацияланган киреше булактарын жана тактиканы өзгөртүү аркылуу сактап келет.
Жетекчилигин жоготконуна карабай Ирак менен Сириядагы топтун негизги өкүлдөрү 10–20 миллион долларга чейин резервге ээ жана анын топтору уурдоо, опузалоо, салык салуу жана тоноо жолу менен каржыланат.
Бийлиги гүлдөп турган учурда ИМ биринчи кезекте мунай сатуудан киреше тапса, азыр кылмыштуу аракеттерге жана жергиликтүү калкты эксплуатациялоого таянат.
Африкада ИМдин Сомали тобу жыл сайын жергиликтүү ишканалардан миллиондогон доллар талап кылат. Азияда тышкы операцияларды, анын ичинде "Крокус Сити Холлго" болгон чабуулду каржылоо үчүн криптовалюта колдонууга өткөн.
Радикал топ өзүнө акча которууларды жана тартуулоолорду алуу үчүн криптовалютаны көбүрөөк колдонуп жатат.
Террорчулукка каршы күрөш кандай жүрүп жатат?
Глобалдык терроризмге каршы күрөшүү эл аралык кызматташтыкты талап кылат. Координациянын жоктугу экстремисттерге АКШ аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Ооганстанда жана француз аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Сахелде болгондой өз позицияларын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Ирактагы, Сириядагы жана Сомалидеги ИМ буталарына жасалган соңку соккулардан көрүнүп тургандай, Кошмо Штаттар терроризмге каршы глобалдык күрөштүн башында турат.
Ушул айда АКШ баштаган коалиция ирактык аскерлерге Абу Хадижа деген ат менен белгилүү Абдулла Маки Мусле ар-Рифаиди өлтүрүүгө жардам берди. Ирак өкмөтү аны "Ирактагы жана дүйнөдөгү эң коркунучтуу террористтердин бири" деп мүнөздөдү. Абу Хадижа ИМдин Ирак жана Сириядагы лидери болгон.
Бирок Вашингтондун артыкчылыктарынын өзгөрүшү экстремизмге каршы глобалдык күрөшкө тоскоол болот деген кооптонуу күчөп жатат. "АКШ ички иштерге көңүл буруп, дүйнөлүк аренадагы ролун кайра карап жатканы айкын болууда", - дейт Адриан Штуни.
АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Майкл Курилла Сириянын Сирия демократиялык күчтөрүнүн түрмөлөрүндө кармалып турган миңдеген ИМ согушкерлери “түз жана каймана мааниде [ИМдин] туткундагы армиясы” экенин айтып, алар качып чыкса аймакка жана дүйнөгө коркунуч жаратарын эскертти.
Сириянын диктатору Башар Асад бийликтен кулагандан бир ай өткөндөн кийин январь айында Сирияга жасаган сапары учурунда Курилла АКШ аскерлери “өзүнүн миссиясына, элине, [ИМди] биротоло жеңүүгө, аймакта жана анын чегинен тышкаркы аймактарга стабилдүүлүк орнотууга берилгендигин” баса белгиледи.
Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш саясат институтунун улук илимий кызматкери Девора Марголин “Эркин/Европа Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда “ИМ Сирияда ушул убакытка чейин өз убактын күтүп келген” деп белгиледи.
"Алар Сириядагы белгисиздик кырдаалды туруксуздаштырууга жана өзүнүн идеяларын алдыга жылдырууга үмүттөнүшөт" деди Марголин.
Ошол эле учурда Soufan Group өкүлү Колин Кларк 2021-жылы аскерлер чыгарылып кеткенден кийин Ооганстанда америкалык аскер күчтөрүнүн жоктугу ИМге каршы күрөштү алсыздатканын айтты.
"Америка Кошмо Штаттары техникалык чалгындоого таянууга аргасыз жана анын Ооганстанда аскерлери жоктугунан мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү", - деди ал.
Кларк кошумчалагандай, ИМ азыр "халифатты сактап турган жети жыл мурункудан такыр башка уюм". Эми, анын айтымында, ал "тышкы операцияларга жана террордук чабуулдарга көбүрөөк көз каранды".
"Алар атайылап стратегияларын өзгөртүп, Батышта жогорку деңгээлдеги чабуулдарды уюштурууга басым жасашты", - деп баса белгиледи ал.
"Топ агрессивдүү жана тынымсыз чабуулдарды пландап жатат жана Европада же Америка Кошмо Штаттарында масштабдуу террордук чабуул жасоого чечкиндүү."
Шерине