Түрк маалымат каражаттарынын билдиришинче, Экрем Имамоглуну ишемби күнү беш сааттай суракка алышкан. Жума күнү ушундай эле сурак төрт саатка созулган. Мэр тыюу салынган Күрд жумушчу партиясын колдогонун жана коррупцияга байланыштуу айыптын баарын четке каккан.
Мындан кийин сот болуп, прокуратура аны жана ондогон шектүүнү камакка алууну суранган.
"Жекшемби эртең менен соттун чечими менен Имамоглу камалып, абакка жөнөтүлдү" деп билдирди A Haber телеканалы.
Соттук отурум алдында бийлик имаратка келчү жолду жана жакынкы метролорду жапкан. Жүздөгөн полиция кызматкерлери жана ондогон суу чачуучу жабдыктар иштеген.
Мэрди бошотууну талап кылгандар жекшемби күнү да Стамбулдун мэриясынын жана соттун имаратынын алдына чогулган.
"Мен коркуп турам, бирок биз жакшы кабарды күтүп турабыз. Демократия бар экенине ишенгибиз келет. Камакка алуулар кантип башталганын буга чейин көрдүк. Бул - зулумдук", -деди соттун алдында оппозиция өкүлү Мевлюде Караташ.
Түрк полициясы жекшембиде Стамбул шаарынын мэриясынын алдында демонстранттарды күч менен тараткан.
Түркиянын Анкара жана Измир шаарларында да нааразылык акциялары өттү.
Оппозициядагы Республикалык элдик партия (CHP) Имамоглунун камалышын саясат менен байланыштырып, элди тынч демонстрацияларды улантууга чакырууда. Ишемби күнү кечинде чогулгандардын алдында сөз сүйлөгөн партиянын лидери Өзгүр Өзел буларды айтты:
"Мен Стамбулдун губернаторуна кайрылам. Бүгүн кечинде Стамбулда, бул жерде тарых жазылат. Ага каршы чыкпагыла. Каршы тура албайсыңар”.
Өзел демонстранттарды полиция менен кагылышууга барбоого чакырды.
Шаар бийлиги акция өткөрүүгө 26-мартка чейин тыюу салып, борборго транспорттун киришине жарым-жартылай чектөө киргизген.
Ага карабай ишембиде уланган акцияларда 323 адам кармалганын Түркиянын Ички иштер министрлигинин башчысы Али Ерликая Х социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Министр Стамбулда нааразылык билдирип чыккандар полиция кызматкерине кислота чачканын кошумчалады. ЖМКнын маалыматында, полиция нааразы тарапка көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, суу менен аткан. Айрым демонстранттар желим ок жегенин айтышкан.
Бул күнү полиция Экрем Имамоглунун адвокаттарынын сот имаратына кирүүсүнө тоскоолдук жаратты.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 22-мартта оппозициянын негизги бөлүгү “көчө терроризмине” катышып жатканын билдирди.
"Алар биздин шаарларда, өзгөчө Стамбулда чыңалууну жана башаламандыкты жаратууга ар тараптан аракет кылып жатышат. Бир туугандар, муну биз көрүп жатабыз. Оппозициядагы Республикалык элдик партия (CHP) өз шайлоочуларынын талаптарын парламентте көтөргөн партия эмес, акчанын артынан кууган муниципалдык талап-тоноочуларды жашырган аппаратка айланды”.
Жума күнү өткөн митингде Түркиянын Ички иштер министрлиги Стамбул, Анкара, Измир, Адана, Анталья, Чанаккале, Эскишехир, Конья жана Эдирне шаарларында 343 адам кармалганын билдирген.
Имамоглуну 19-мартта кылмыштуу топту жетектөө жана коррупция айыбы менен кармашкан. Анын кармалышы өлкөдө акыркы он жылдагы эң чоң толкундоолорго алып келди. Anadolu агенттиги саясатчыга карата терроризмге байланыштуу да иликтөө жүрүп жатканын билдирген.
Түркиянын прокуратурасы Имамоглу менен кошо жүздөй адамды камакка алууга ордер берген, анын арасында Стамбулдун администрациясынын жогорку даражадагы кызматкерлери да бар. Кармоо Имамоглуну 2028-жылы президенттик шайлоого талапкер катары жарыялоо алдында болду.
Евробиримдиктин жана Германия мэрдн кармалышын айыпташты. Анкара мэрге карата саясий куугунтук болгонун четке кагууда.
Шерине