Улуттук коопсуздук кызматы Кыргызстандын өкмөтүн Кумтөр кенине байланыштуу бардык келишимдерден чыгууга чакырды. Президент Садыр Жапаров өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Жапониянын өкмөтү коронавирусту жугузуп алгандар көбөйүп жаткандыктан, Токиодо өзгөчө кырдаал жарыялады.
Жогорку Кеңеш Орхан Инандынын Түркияга уурдалышына байланыштуу Чек ара кызматы баштаган мекеме жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну сунуштады.
Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны экинчи күн катары менен буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорку чекке жетүүдө. Бир күндө эле 737 адам көз жумду. Коронавирустун "дельта" штаммы Түштүк Корея, Австралия жана Зимбабве мамлекеттеринде да күндөн-күнгө жайылып барат.
Ысык-Көлдө эс алуу жайлары эпидемиологиялык кырдаалдан улам толук ачыла элек. Бирок эс алуучулардын агымы күн санап өсүп, алар бош орун таппай убара болуп жатканын айтып жатышат.
Бир айдан бери изделип жаткан Орхан Инанды Түркияга чыгарылып кеткени белгилүү болду.
Акыркы күндөрү коронавируска каршы эмделгенден кийин деле вирус жуккан учурлар катталууда. Буга эмне себеп болот? Вакцина вирустан 100% коргойт деген кепилдик барбы? Эмделген адам башкаларга вирус жуктурабы же жокпу? Ушул жана башка суроолор коомчулукта кызуу талкууланып келет.
Орусияда коронавирус кайра күчөдү. Бир катар шаарларда эмгек мигранттарына эмдөөдөн өтүү талабы коюлду. COVID-19га байланыштуу оорлогон абал жана жаңы эрежелер Орусияда жашап, иштеген кыргызстандыктарга кандай таасир этти?
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуяда жабыр тарткан үйлөрдү тикелөө башталды. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов соттун чечими менен камакта калды. Ооганстанда "Талибан" чабуулун күчөттү, өкмөттүк аскерлер Тажикстанга чегинүүдө.
Москвадагы бейтапканалардын биринде иштеген кыргыз терапевти Гүлмира Алыбаева, Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын “Кыргызстан-Урал” коомдук уюмунун төрайымы, дарыгер Гүлшан Долонбаева жана Москвадагы кыргыз ишкери Кубанычбек Калиев “Азаттыктын” “Арай көз чарай талкуусунда” ой бөлүштү.
Дагы жүктөңүз