Коронавируска каршы республикалык комиссиянын чечимине ылайык, массалык иш-чаралардын бардык түрлөрү, спорттук мелдештер, ошондой эле ачык жана жабык жайларда концерт, майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынды.
Спорттук мелдештер көрүүчүлөрү жок өткөрүлөт. 1-августтан тартып өлкөдө аш-той жана башка үй-бүлөлүк мааракелерди өткөрүүдө катышуучулардын саны 50 кишиден ашпасын деген чектөө киргизилет.
1-майдан тартып Өзбекстанда жабык жайларда концерт, спектаклдерди коюу бактылуу токтотулган.
Коронавируска каршы күрөшүү комиссиясы 28-июндан 12-июлга чейин Өзбекстанда карантиндик чектөөлөрдү күчөтүү тууралуу чечим кабыл алган.
Дагы караңыз