Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында сел жүрүп, анын кесепетинен алты киши каза болуп, дагы экөө изделүүдө. Москвада кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши камакка алынды. Иракта коронавируска чалдыккан бейтаптар жаткан ооруканада өрт чыгып, 70тей киши каза тапты.
Ош шаарына 12-июлда мамлекет сатып алган Кытайдын Sinopharm вакцинасы келип, эмдөө пункттарына таратылды. "Азаттыктын" кабарчысы Ош шаарындагы кошумча ачылган эмдөө пунктарынын бир нечесине барып, вакцина алып жаткандар аз экенине күбө болду.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 11-июлда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы келгенин билдирген. Жер-жерлерде атайын пункттар ачылып, өлкөдө жапырт эмдөө башталат. Жарандар кайсы жактан, кандай шарттарда вакцина ала алышат?
Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деп аталган жаңы кызмат түзүп, ага Таалатбек Масадыковду дайындады.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы ок атышуудан улам бир кыргыз жоокери каза болду. Ош шаарында добуш сатып алуу шектелген алты киши кармалды. "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Москвада билдирүү жасап, алар Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч жаратпай турганын жарыялады.
Коронавирус Кыргызстанда эки миңден ашык адамдын өмүрүн алды. Абалы абдан оор бейтаптарды ооруканалардагы жандандыруу бөлүмдөрү карайт. Өлүм менен тикелей күрөшкөн реаниматолог-дарыгер менен медайым пандемиянын оор шарттары, ажалга моюн сунган адамдардын акыркы каалоо тилектери тууралуу айтып беришт
Москвада эки жумадан бери мыйзамдуу иштеген мигранттар эмдөөдөн өтүп жатышат. Шаарда эки эмдөө пункту ачылган, Сахарово айылында жана "Садовод" базарында.
Улуттук коопсуздук кызматы Кыргызстандын өкмөтүн Кумтөр кенине байланыштуу бардык келишимдерден чыгууга чакырды. Президент Садыр Жапаров өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Жапониянын өкмөтү коронавирусту жугузуп алгандар көбөйүп жаткандыктан, Токиодо өзгөчө кырдаал жарыялады.
Жогорку Кеңеш Орхан Инандынын Түркияга уурдалышына байланыштуу Чек ара кызматы баштаган мекеме жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну сунуштады.
Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны экинчи күн катары менен буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорку чекке жетүүдө. Бир күндө эле 737 адам көз жумду. Коронавирустун "дельта" штаммы Түштүк Корея, Австралия жана Зимбабве мамлекеттеринде да күндөн-күнгө жайылып барат.
Дагы жүктөңүз