Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мыйзамсыз жол менен менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекеттин балансына өткөнүн бүгүн 26-февралда кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, "Октябрдын 40 жылдыгы" тигүү фабрикасынын, "Айгүл" акционердик коомунун балансында турган бала бакчанын имараты мыйзам бузуу менен жеке жактарга сатылып кеткендиги такталган.
Атайын кызмат мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар алкагында Бишкек шаарындагы Гоголь көчөсүндө жайгашкан 1810 чарчы метр аянтты түзгөн, 280 балага ылайыкталган эки кабаттуу имарат мамлекетке өткөнүн кабарлады.
УКМК имаратты өз багыты боюнча пайдалануу үчүн Бишкек мэриясынын реконструкциялоо планына киргизилери белгилеген.
УКМК буга чейин да мурунку убактарда "мыйзамсыз менчиктештирилген" деген жүйө менен ондогон объектини мамлекетке кайтарган. Коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы жайында Союз кулагандан берки убакта менчиктештирилген мүлктүн баары текшерилип, мыйзамсыз алынгандарын кайтаруу иштери жүрөрүн эскерткен.(КЕ)
Шерине