Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:20

Freedom House уюму Кыргызстанды быйыл да “эркин эмес” өлкө деп атады


Freedom House уюмунун быйылкы баяндамасы. Жашыл түс менен "эркин", ал эми кызгылт көк менен "эркин эмес" өлкөлөр белгиленген.
Freedom House уюмунун быйылкы баяндамасы. Жашыл түс менен "эркин", ал эми кызгылт көк менен "эркин эмес" өлкөлөр белгиленген.

Freedom House (FH) эл аралык уюмунун кезектеги жылдык баяндамасында Кыргызстан быйыл да, бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекет аталды. Уюмдун 26-февралда жарыяланган “Дүйнөдөгү эркиндик 2025: Адам укуктары үчүн оор күрөш” деп аталган баяндамасында дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында эркиндиктин төмөндөөсү байкалып жатканы айтылды.

Кыргызстандын жалпы баллынын төмөндөөсү 12 деген көрсөткүчкө жетти.

Уюмдун былтыркы баяндамасында да Кыргызстан төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошулган. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, саясий оппоненттер куугунтукталып, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген. 2020-жылы "жарым жартылай эркин" өлкөлөрдүн катарына кошулган.

Быйылкы баяндамада белгиленгендей, дүйнөдө эркиндик деңгээли 19-жыл катары менен төмөндөп баратканы байкалууда. Дүйнөдөгү 60 өлкөдө саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер чектелгени, ал эми 34 өлкөдө эркиндиктин абалынын жакшыруу тенденциясы бар экени белгиленген.

Төмөндөөнүн эң жогорку көрсөткүчү рейтингде камтылган кырктан ашуун өлкөнүн арасынан Никарагуада (-40), эң азы Мальта, Пакистанда (-10) болду.

Дүйнө калкынын 40% “эркин эмес”, ал эми 40% “жарым-жартылай эркин”, 20% гана “эркин” деп бааланган өлкөлөрдө жашап жатканы, шайлоолордогу бурмалоо, согуштар, адамдардын пикирин ачык билдирүү укугунун чектелиши негизги көйгөй болуп жатканы белгиленген.

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү өлкөдө сөз эркиндигин, адам укугун чектөө жок экенин билдирип келишет.

Президент Садыр Жапаров былтыр 31-августта Эгемендик күнүндө мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасында сүйлөп жатып Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана күчтүү экономика эгемендиктин өзөгүн түзө турганын белгилеген.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG