Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:50

Казакстанда кенчилердин өлүмү үчүн төрт адам соттолду


«Казакстан» көмүр кени.
«Казакстан» көмүр кени.

Казакстандын Караганды облусунун Шахтинск шаарынын соту "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына тиешелүү болгон "Казакстан" шахтасында адам өлүмү катталган кырсык боюнча төрт адамды эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Айыпталуучулар «Тоо-кен казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуп, кокустуктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген» берене боюнча күнөөлүү деп табылды.

Сот аларды төрт жылга эркинен ажыратуу жана сот залында камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Караганды облусунун сотунун социалдык тармактардагы баракчасында маалымдалды.

Соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, айыпталуучулар арасында өндүрүш боюнча директордун орун басары жана башка кызматкерлер бар.

Сот айыпталуучулар "жумушту токтотуу боюнча чара көргөн эмес, коопсуз эмес конвейерди иштетүүгө уруксат беришкен", - деген бүтүм чыгарды.

"2023-жылдын 17-августунда эреже бузуулардан улам "Казакстан" көмүр кенинде өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен беш адам каза болуп, он жети кызматкердин ден соолугуна орточо жана оор зыян келтирилген", — деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Жактоочу тарап айыпталуучуларды актоону суранган. Сот жабырлануучулардын үй-бүлөлөрүнүн моралдык чыгым өндүрүү боюнча доосун канааттандырган жок.

2023-жылы 17-августта авария болгон учурда 227 кенчи иштеп жаткан. Алардын 222си куткарылып, беш адам каза болуп, кеминде 17 адам жараат алганы кабарланган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG