Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:16

Садыр Жапаров Европарламенттин Адам укуктары боюнча комитетинин делегациясын кабыл алды


Садыр Жапаров менен Мунир Сатури.
Садыр Жапаров менен Мунир Сатури.

Президент Садыр Жапаров 26-февралда Европарламенттин Адам укуктары боюнча комитетинин депутаттарынан турган делегацияны кабыл алды. Президенттин администрациясы кабарлагандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, парламент аралык өз ара алаканы бекемдөө, адам укуктарын коргоо жана сөз эркиндигин камсыз кылуу сыяктуу маселелер талкууланды.

Жапаров Кыргызстан бир жактуу жана субъективдүү мамилеге туш болуп жатканын, бул өзгөчө Европарламенттин Кыргызстандагы кырдаал боюнча кабыл алган резолюцияларында ачык көрүнүп турарын белгиледи.

“Эл аралык коомчулуктун активдүү катышуучусу жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жана эл аралык милдеттенмелерди сактоо боюнча чараларды ырааттуу ишке ашырууда. Буга байланыштуу аталган резолюцияларды даярдоодо Европа тарап кыргыз тараптан түшүндүрмө же кошумча маалымат сурабаганы таң калтырат", - деди Жапаров.

Делегация башчысы, Европа парламентинин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури Кыргызстанда жарандык коом жана сөз эркиндиги чектелип жатканына тынчсыздануусун билдирди. Маалыматта айтылгандай, Европарламенттин депутаттары Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрүнүн бири кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти.

Бул иш боюнча толук маалымат берүү үчүн жолугушууга тартип коргоо органдарынын жетекчилери чакырылып, алар европалык депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

Президент Жапаров “айрым саясатчылардын ишмердигине байланышкан майда маселелер кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө тоскоол болбошу керек” деген пикирин айтканы, Мунир Сатури мамлекет башчынын мындай пикирин кубаттаганы маалымдалды.

Буга чейин Мунир Сатури делегациянын 25-28-февралга белгиленген Бишкек сапары болбой калганын, буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдирүү келгенин белгилеген. Ал мындай чечим өкүндүрөрүн, күтүүсүз болгонун белгилеген.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси буга байланыштуу 8-февралда Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фарнхаммер менен жолугуп, түшүндүрмө берген. Анда министрлик делегациянын сапары жүйөлүү себептерден улам жылдырылганы, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, алар эми каалаган убакта келе алары айтылган.

Былтыр жыл аягында, декабрда Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына жана Социал-демократтар партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековго байланыштуу резолюция кабыл алган. Документте өлкө демократия жолунан тайганы жазылган. Ошондой эле аталган уюм менен расмий Бишкектин ортосундагы Кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу келишимдин алкагында демократиялык стандарттарды, жарандардын эркиндигин урматтоого чакырган.

Кыргызстандын ТИМи Еврошаркеттин дооматтарын четке кагып, бул резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG