"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу элүүдөн эчак ашса да жаңы өнөрдү үйрөнүп, билим алып, өзүн өнүктүргөн энелер тууралуу кеп кылдык.
Жүзүмдү тирүү жандай аздектеген Любомир карыя
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу коомдук байкоочу кеңеш Жалал-Абад медициналык коллежинин лицензиясын карап чыгуу боюнча министрликке кайрылмак болду.
Борбор Азияда элдин басымдуу бөлүгү боордун май басып кетиши деген көйгөй менен жашайт. Ушундан улам ашыкча салмактуулар барган сайын көбөйүүдө.
АКШнын Алабама штатында бойдон алдырууну дээрлик толугу менен тыйган мыйзам жактырылды. Губернатор документке кол койсо, мыйзам алты айдан кийин күчүнө кирет.
Зыяндуу микробдорду күм-жам кылчу технология. Калкыма калаа - келечектин шаары. Дүйнө калкынын маанайы чөгүп баратат. Алтын Ордо дооруна таандык астынан жылытылчу кыш керебет табылды.
Америкалык Кала Вен ата-энеси жана бир туугандары менен Жалал-Абадга көчүп келген. Ал шал оорусунан жабыркаган балдарга үй шартында көнүгүүлөрдү жасап, башка кыздар менен бирге жардам берет. Кыргызчаны жакшы өздөштүргөн Калага азыр котормочунун да кереги жок.
90 миллион жыл мурдагы суу чаян табылды. Уйку стрессти дарылап, жаман нерселерди унуткарат. Титан планетасындагы кайыптан жаралчу көлдөр. Европа куртбалыгы уругун 5000 чакырымга чачканы тастыкталды.
Хирургдар орозо айында өтүнө таш толуп, уйку бези ооруп кайрылгандардын саны көбөйөрүн белгилешет. Бул айда диний жөрөлгөнү ден соолук менен айкалыштырып аткаруу үчүн кандай азыктаныш керек?
Өтүп бараткан жумада Бишкекте 14 жаштан 16 жашка чейинки кыздар арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Ага жети облустан 100гө жакын балбан кыздар катышты
Түркияда окуп-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын арасында кесипкөй спорт менен машыккандар көбөйдү.
Ооруканадан балдарына, алардан энелерге ВИЧ жуккан жагдайлар кайра текшерилет.
Дагы жүктөңүз