Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Түркияда ордун тапкан кыргыз спортчулары


Медербек Канатбек уулу достору менен.
Медербек Канатбек уулу достору менен.

Түркияда окуп-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын арасында кесипкөй спорт менен машыккандар көбөйдү.

Спортко болгон кызыгуу аларды ийгиликке жеткирген учурлар да кездешет. Кыргыз спорт ышкыбоздору Түркиянын белгилүү спорт клубдарынын катарын да толукташууда.

Кыргызстандык жеке ишкер Нурлес Турдуманбетов 24 жылдан бери Түркиянын Стамбул шаарында жашайт. Убагында студент болуп келген Нурлес Турдуманбетов учурда өзүнүн жеке IT компаниясын жетектейт. Кыргызстандык ишкер акыркы төрт жылдан бери чыгыш спорт түрлөрүнүн бири жиу-житсу менен машыгат. Нурлес бул спорттун түрү жеке жашоого жана ишине түздөн-түз таасирин тийгизип жатканын айтып берди:

«Жиу-житсуну мен шахматка окшоштурам. Анткени ыкмалары, стратегиялары бирдей. Жиу-житсуда кийинки кадамыңды, кыймыл-аракетиңди ойлонуп анан согушасың. Биз жумушта күнүнө 8-9 саат бою компьютердин маңдайында отурабыз. Иштен кийин машыгууга барып тер чыгаргандан кийин кадимкидей өзүмө келип калам. Спорттун жумушка да таасири чоң болот экен. Алгач сабырдуу болгонду үйрөндүм. Мисалы, жиу-житсуда оор ыкмалар менен мушташып жатып ошол абалдан кантип чыгам деп ойлонуп мушташасың. Спорттогу сабырдуулук менин жашоомо да көп таасирин тийгизди деп айтсам жаңылышпайм».

Нурлес Турдуманбетов Стамбул шаарындагы жиу-житсу спорт клубунда жумасына үч күн машыгат. Буга чейин бир канча чет өлкөлүк чемпионаттарга катышып, байгелүү орундарды алган. Нурлес Турдуманбетов жиу-житсу спорттун түрү катары Түркияда эми гана өнүгүп келе жаткандыктан, бул спортко таандык шаймандарды табуу кыйын болгонун айтты:

«Албетте, Стамбул чоң шаар. Андыктан аймактарга жараша клубдардын төлөмдөрү да ар түрдүү. Айына орточо 300 лирадай төлөйбүз (50-60 доллар). Бул спортто эң кымбаты - кийген кимонобуз. Ги деп аталган кимонону Түркиядан табуу мүмкүн эмес. Андыктан жабдыктардын баарын чет өлкөдөн атайын буюртма менен алдырабыз».

Түркияда 2018-жылы 25 миңден ашык кыргызстандык расмий катталган. Алардын басымдуу бөлүгүн эмгек мигранттары түзөт. Ал эми Түркиядагы кыргызстандык студенттердин арасында да кесипкөй спорттун түрүнө кызыккан жаштардын саны аз эмес.

Элай Темиров - мамлекеттик Акдеңиз университетинин котормочулук факультетинин 2-курсунун студенти. 14 жашынан бери бокска кызыккан Элай Кыргызстандын бокс боюнча курама командасында да тажрыйба топтогон. Учурда университеттеги сынактарына даярданып жаткан Элай бокс машыгууларын да таштабай жүрөт. 25 жаштагы кыргыз мушкери Түркия менен Кыргызстандын кесипкөй бокс боюнча тажрыйбаларына токтолду:

Элай Темиров.
Элай Темиров.

«Менимче Кыргызстанда жана Орусияда бокс абдан өнүккөн. Бирок Түркиядагы бокс тармагы менен Кыргызстандагы бокстун айырмасы чоң. Мисалы, Кыргызстандын чемпиону болгондон кийин дароо бийиктикке көтөрүлө албайсың. Буга каражат маселеси тоскоол болот. Турнирлерге барыш үчүн ата-энеңдин же демөөрчүлөрдүн колун карайсың. Ал эми Түркияда курама команданын катарына кирип калсаң дароо айлык беришет экен. Эң маанилүүсү - Түркияда жеңишке жетсең заматта Европага кетип калсаң болот экен. Ушул жагынан Түркиянын бокс чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрү чоң экенин байкадым».

Элай Темиров Түркиянын Анталия шаарында жергиликтүү мушкерлер жана мыкты устаттар менен машыгат. Ал окуусу менен спортту айкалыштырып, келечекте чоң ийгиликтерге жеткиси келет.

Кыргызстандык Медербек Канатбек уулу ишинен тышкары жеңил атлетика менен машыгат. Медербек да Түркиянын Анталия аймагында жашап эмгектенет. Туристтерге ат мингенди үйрөткөн кыргызстандык мигрант жигит күндө эртең менен деңиз бойлой чуркаганды адат кылып алган. Кыргызстандык жөө күлүк спорт менен машыгуу ага күч-кубат бергенин айтты:

Медербек Канатбек уулу.
Медербек Канатбек уулу.

«Жеңил атлетиканын жумуш учурунда мага жардамын көп эле көрдүм. Мен туристтерди атка мингизип алып кыдыртам. Андыктан спорт менен машыкканым мага жардам берет. Башкаларга салыштырмалуу мен көп чарчабайм. Дайым кыймылда болгондуктан денем көнүп калган болуш керек. Албетте, жеңил атлетикада финишти көрмөйүнчө өзүңдү таштабоо жумушума да таасирин тийгизет. Жумушумду бүтүрмөйүнчө жан дилимди берип иштейм».

Акыркы жылдары Түркиянын белгилүү футбол, бокс, фитнес клубдарында машыккан кыргызстандыктар көбөйдү. «Бешикташ», «Галатасарай» сыяктуу футбол клубдарында ойногон кыргызстандык жигиттердин ийгиликтерин жергиликтүү медиадан байма-бай кезиктире алабыз. Айрым спорт чеберлери Түркияны Европага ачылган трамплин катары колдонуп, түрк демөөрчүлөр менен келишим да түзүшөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG