Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

6-февраль: Экс-министр уулу менен соттолду, Швейцария Каримованын 182 млн долларын Ташкентке кайтарат


Кемелбек Кутманов жана Динара Кутманова. Коллаж.
Кемелбек Кутманов жана Динара Кутманова. Коллаж.

6-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Сот Динара Кутманова менен анын уулун абакка кести

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн мамлекетке конфискациялоо менен сегиз жылга абакка кести. Анын уулу Кемелбек Кутманов болсо “Алдамчылык” беренеси менен айыптуу деп табылып, ал да сегиз жылга соттолду. Мүлкү мамлекетке алынды. Динара Кутманова 2023-жылдын 25-июлунда, уулу 2023-жылдын 17-октябрында кармалган. .Экс-министр өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Жыл башынан бери кызамык жуккан эки бала чарчап калды

Алардын бири бир жашка чыга элек наристе, экинчиси 8 жашта болгон. Биринчиси эмдөө курагына жете элек болсо, экинчиси баш тартуу болгондуктан эмделбей калган. Бул маалыматты Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова "Азаттыкка" ырастады. Жыл башынан бери кызамыкка чалдыккан 1681 бейтап катталган. Бишкек шаардык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, былтыр 14 380 адам кызамыкка чалдыкса, алардын 90% эмделген эместер экени аныкталган.

Элчи Орусияда миграциялык мыйзам саясатташып кетпеши керектигин айтты

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда кабыл алынган жаңы миграциялык мыйзамдарды колдонууда ал саясатташып, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин мыйзамды сактаган эмгек мигранттарына терс таасирин тийгизбеши керек экенин айтты. Бул тууралуу ал 5-февралда Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн элчилери менен миграция маселесин талкуулаган жыйында айтканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады. Орусияда быйыл мыйзамсыз жүргөн мигранттарга көзомөлдү күчөткөн мыйзамдар күчүнө кирди.

“Эл үмүтү” стипендиясын алгандар Кыргызстанда иштебей жатканы айтылды

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын алып, чет өлкөлөрдөгү университеттерде окугандар Кыргызстанга келип иштөөдөн баш тартып жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин 6-февралдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. “Үч жылда стипендия алган 36 адамга 177 млн 747 миң сом жумшалды. Быйылкы жылдан баштап алардан мамлекетке иштөөсүн талап кыла баштайбыз. Окуусун бүтүп келгенден кийин Кыргызстанда иштейт болбосо каражатты мамлекетке кайра төлөйт”, - деди ал. “Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялары 2022-жылы иштеп баштаган.

Bloomberg: АКШ Украинадагы согушту жайгаруу планын сунуштайт

АКШнын президентинин Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог 14-16-февраль күндөрү Мюнхен конференциясында согушту жайгаруу планын сунуштайт. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып жазды. Пландын чоо-жайы азырынча белгисиз. Bloomberg белгилегендей, соңку жумаларда Келлог жана башка жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрү өз сөздөрүндө "күч аркылуу тынчтыкка жетүү" планы тууралуу кыйытып келишкен. Ага ылайык, куралдуу жаңжал убактылуу токтотулуп, Орусия оккупациялап алган аймактардын макамы арсар бойдон калат. Андан тышкары Украинага коопсуздук кепилдиктери берилери күтүлүүдө. Бирок кандай кепилдиктер болору белгисиз. 5-февралда Келлог коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышарын жарыялады.

Польшанын премьер-министри Дональд Туск мамлекеттик төңкөрүшкө шектелүүдө

Польшанын Конституциялык сотунун төрагасы Богдан Свенкович иликтөө башталганын айтканын "Газета Выборча" басылмасы жазды. Свенкович 60 барактан турган билдирүү менен январдын соңунда прокуратурага кайрылган. Тусктан тышкары кылмышка бир нече министр, депутат, сот жана прокурорлор шектелүүдө. Документке ылайык, 2023-жылдын 13-декабрынан бери бул адамдар Польшанын конституциялык системасын өзгөртүү, Конституциялык соттун жана башка конституциялык органдардын ишмердүүлүгүн токтотуу максатында "уюшкан кылмыштуу топтун курамында" иш алып барышкан. Свенчковскийдин билдирүүсүнө жооп катары Туск пинг-понг ойноп жаткан видеоролик жарыялап, алдына "мамлекеттик төңкөрүш" деп жазып койгон.

Азербайжан бийлиги Бакудагы "Орус үйүн" жабууну талап кылды

Баку өлкө аймагында "Россотрудничество" агенттигинин иши токтогону тууралуу Москвага расмий нота жиберди. Бул тууралуу 6-февралда бийликке ыктаган медиа каражаттары жазды. Кийинчерээк Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында расмий маалымат жарыяланды. Маалыматка караганда, "уюм Азербайжандын мыйзамдарын олуттуу бузгандыктан, 3-февралда Москвага "Орус үйүнүн" ишмердүүлүгүн токтотуу тууралу нота жиберилген". "Россотрудничествонун" башчысы Евгений Примаков ТАСС агенттигине Азербайжан бийлиги борбордун каттоодон өткөрүлүшүн талап кылганын ырастады. Бирок ал "Орус үйүн" жабуу талабы тууралуу сөз козгободу.

Швейцария Каримованын конфискацияланган 182 млн долларын Өзбекстанга кайтарат

Ташкент менен Цюрихтин өкүлдөрү Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнаранын конфискацияланган активдерин бөлүштүрүү боюнча макулдашууга кол койду. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдирди. Келишимдин алкагында 182 млн доллар Өзбекстанга кайтарылат. "Бул каражат Өзбекстандын айрым жарандары тарабынан мыйзамсыз алынган жана Каримовага каршы Швейцариянын прокуратурасы козгогон кылмыш ишинин алкагында 2012-жылы толук конфискацияланган", - деп жазылат мекеме тараткан билдирүүдө. Бул акча Өзбекстанга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алдында түзүлгөн Көп тараптуу трасттык фонд аркылуу которулат.

Шерине

XS
SM
MD
LG