Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетти. Анын кезектеги отставкасы өткөн аптада парламенттеги билдирүүсү талкууга түшкөн учурга туш келди. Бейшеналиев кызматтан кетиши президенттин чечими болгонун айтты.
Ысык-Көлдөгү Каракол чаңгы (лыжа )базасында асма жолду тиреп турган түркүк кулап түшкөн окуянын чоо-жайын Ак-Суу райондук милициясы иликтей баштады.
Жалал-Абад шаарында Регионалдык олимпиадалык резерв мектебинде жарым жылдан бери окуп, машыгып жаткан жеткинчектер мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ала баштады. 2024-жылы сентябрда ачылган мектеп 100 баланы тандап алган.
Кыргызстанда соңку жылдары жүрөк-кан тамыр оорулары жашарганы айтылып келет. Эмнеге бул дарт эмгекке жарамдуу эркектерди тооруйт? Жасалма интеллект, заманбап технологиялар жүрөк илдетин эрте аныктоого кантип жардам берүүдө?
Кытайда айрыкча балдар арасында метапневмовируска чалдыккандар көбөйүп, бул вирус дүйнөгө тарап жатканына байланыштуу дүрбөлөң күч алды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму оорунун белгилери байкалган учурда тиешелүү эрежелерди сактоого чакырды.
Климаттын өзгөрүшүнөн улам өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык абал курчушу мүмкүнбү? Борбордогу уюлгуган ыш шаар тургундарынын саламаттыгына кандай таасир этүүдө? Өкмөттүк кызматкерлерге дене көнүгүүлөрү керекпи?
Бишкек кайрадан абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. World Air Quality уюмунун абанын сапаты тууралуу индексинде башкалаанын айрым бөлүктөрүндөгү көрсөткүч өтө кооптуу чектен ашкан.
24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. IQAIR сайтындагы көрсөткүч боюнча шаардын борбордук бөлүгү 458 индексти көрсөтсө, калаанын башка аймактары 600-760 индекске чейин жеткен.
Кыргызстанда өткөн жумаларда 120га жакын онкологиялык илдеттерди заманбап ыкма менен аныктай турган инновациялык санарип лаборатория ачылды.
Аксы районунда 14 жашка чейинки балдар арасында сарык оорусу көп катталып жатат. Былтыр он айда гепатиттин А түрү менен 150дөй бала катталса, быйыл жыл башынан берки он айда алардын саны 800дөн ашты. Райондук ооруканада бейтаптар батпай, кошумча бөлүмдөргө жаткырылып жатат.
Өткөн жумада Бишкекте онкологиялык илдеттерди заманбап ыкма менен аныктай турган инновациялык санарип лаборатория ачылды.
"Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жыл сайын уюштуруп келаткан “Умтулуу-2024” медиа сынагынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Дагы жүктөңүз