Өзбекстан 2021-жылдын августунда ооган учкучтары Кабулдан айдай качкан Black Hawk үлгүсүндөгү жети тик учакты Кошмо Штаттарга өткөрүп берди. Бул тууралуу "Америка добушу" радиосу жазды. Маалыматка караганда, 46 авиациялык техниканын (22 учак жана 24 тик учак) көбү Өзбекстанга калган.
Кошмо Штаттардын коргоо министринин жардамчысынын милдетин аткаруучу Дэвис Флорик Ташкентке көп жылдык аскердик-техникалык кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өзбек бийлигинин колдоосу Ооганстандагы эл аралык контингенттин миссиясынын ийгилигинде маанилүү роль ойногонун белгиледи. Ошондой эле ооган качкындарын эвакуациялоого көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Өзбекстандын Кошмо Штаттардагы жана Канададагы элчиси Фуркат Сидиков Ташкент Вашингтон менен бардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
2021-жылдын августунда Ооганстандагы бийликти "Талибан" басып алганда ооган учкучтары тик учактар менен Өзбекстан жана Тажикстандын аймагына качып чыккан. Ал маалда Өзбекстандын аймагына 22 аскердик учак жана 24 тик учак менен 585 ооган аскери өткөн.
"Талибандын" өкүлдөрү бул учактар жана тик учактар Ооганстандын менчиги экенин белгилеп, алардын кайтарылышын талап кылып келген. Расмий Ташкент техника АКШнын менчиги экенин айтып, кайтаруудан баш тарткан.
Шерине