Кыргызстанда MCN Coin криптоактивинин уюштуруучуларынын бири Исрадин Субанбеков кармалганын жергиликтүү маалымат каражаттары, Улуттук телеканал кабарлап, анын колдору кишенделген видеосун жарыялашты. Билдирүүгө караганда, ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) тергөө абагына киргизилип, сурак берүүдө.
"Буга чейин туруктуу жумушум болгон эмес. Ар нерсе алып-сатып иштеп жүргөм. MCN Coin менен иштегениме бир жыл болду. Анын өзүнүн блокчейни жок. Өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн иштегенбиз. (Тапкан пайдама) мен машина, үй алдым. Жалпы эки жарым миллиондой пайда көрдүк. Жети облусту түрө кыдырып мыйзамсыз иштедик. Финкөзөмөл беш жолу каттоодон өткөзбөй койгон. Элдин акчасын кайтарып бере албайбыз. Бардык промоушндарды калп айтып, уюштурганбыз. Мунун баары алдамчылык болчу. Баарынан кечирим сурайм",- деген Субанбеков видеодо.
УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.
Буга чейин Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөл кылуу жана тескөө кызматы (Финкөзөмөл) MCN Coin деген аталыштагы криптоактив Кыргызстанда расмий каттоодон өтпөгөнүн, аны сатып жаткандардын ишмердиги мыйзамсыз экенин белгилеген.
Соңку айларда Кыргызстанда MCN coin криптовалютасын жарнамалоо күчөгөн. Жарнама кылгандар аны ири киреше булагы катары сыпаттап, сатып алгандар "тез эле миллионер болот" деп убада кылышкан.
Адистер бул "каржы пирамидасы" экенин белгилеп, андан оолак болууну эскертишкен.
MCN coin тууралуу күмөндүү жагдайга "Азаттык" биринчи болуп кайрылып, 5-февралда макала, видео жарыялаган. Айрым жарандар миллион сомдон ашык акча салып, бирок ала албай калганын айтышкан.
Шерине