Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Эсеп палатасы: Саламаттык сактоо министрлигинде 3 млрд сом каржылык мыйзам бузуу аныкталды


Саламаттык сактоо министрлиги.
Саламаттык сактоо министрлиги.

Эсеп палатасы Саламаттык сактоо министрлигинде жана ага караштуу мекемелерде 2023-жылдагы бюджеттин аткарылышы текшерелип, 3 млрд 161 млн сом каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, эмгек акы төлөөдө, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө жана башка иштерде дал келбестиктер чыккан.

Процедуралык бузуу 2 млрд 341 млн 617 миң сом, финансылык бузуулар 819 млн 735 миң сом болгон. Анын ичинен бюджетти аткарууда 561 млн 186 миң сом, мүлктү пайдаланууда 4 млн 552 миң сом каржылык мйзам бузуулар бар экени айтылды.

Товар сатып алууда жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда 102 млн 492 миң сом дал келбестик чыккан.

Эсеп палатасынын отчету тууралуу министрлик комментарий бере элек. Саламаттык сактоо министрлигин 2023-жылдын сентябрь айынан 2024-жылдын февраль айына чейин Алымкадыр Бейшеналиев башкарган. Ал жакында эле кызматтан кетип, ордуна Эркин Чечейбаев министр болду. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG