Азербайжандын бийлиги өлкө аймагында "Россотрудничество" агенттигинин иши токтогону тууралуу Москвага расмий нота жиберди. Бул тууралуу 6-февралда бийликке ыктаган маалымат каражаттары жазышты. Кийинчерээк Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында расмий маалымат жарыяланды.
- "Россотрудничествонун" өкүлчүлүгү катары саналган "Орус үйү" маалымат-маданий борбору юридикалык тарап катары каттоодон өткөн эмес, - деп жазылат министрликтин өкүлү Айхан Гажизаденин билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, "уюм Азербайжандын мыйзамдарын олуттуу бузгандыктан, 3-февралда Москвага "Орус үйүнүн" ишмердүүлүгүн токтотуу тууралу нота жиберилген".
Андан тышкары билдирүүдө орус тараптан "тиешелүү чаралардын кабыл алынышы" күтүлүп жатканы белгиленет.
"Россотрудничествонун" башчысы Евгений Примаков ТАСС агенттигине Азербайжан бийлиги борбордун каттоодон өткөрүлүшүн талап кылганын ырастады. Бирок ал "Орус үйүн" жабуу талабы тууралуу сөз козгободу.
РИА "Новости" жазгандай, Бакудагы "Орус үйү" кадимки режимде иштеп жатат. Примаков Москва "Орус үйүн" каттоого даяр болгонун, бирок кайрылуулар жоопсуз калып келгенин кошумчалаган.
Буга чейин мамлекетке караштуу Baku.tv телеканалы "Орус үйүнүн" ишмердүүлүгү тууралуу репортаж жарыялап, анын кызматкерлерин тыңчылыкка айыптаган. Примаков анда дооматтардын барын четке кагып, мекеме бир гана "билим берүү, маданият жана илим тармагында иш алып барарын" айткан.
Бул репортаж Актауда Азербайжан компаниясынын учагы кулап түшкөндөн бир нече жумадан соң жарыяланды. Азери президенти Илхам Алиев учак Орусиянын аймагында аткыланганын билдирген. Ал Орусияны бул үчүн толук жоопкерчиликти алууга чакырган.
Шерине