АКШнын президенти Дональд Трамп 6-февралда АКШ жана анын союздаштарын куугунтуктаганы үчүн деген негиз менен Эл аралык кылмыш сотуна санкция салуу тууралуу жарлыкка кол койду. Документте америкалыктарга же алардын союздаштарына каршы тергөөгө катышкан адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө каржылык жана визалык санкциялар колдонулары жазылган.
Жарлыкта Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну камакка алуу боюнча негизсиз ордер бергени да айтылат.
Эл аралык кылмыш соту былтыр 21-ноябрда ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) аскердик командири Мохаммед Дейфти, ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоого ордер чыгарган.
Алар ХАМАСтын 2023-жылдагы кол салуусуна жана Израилдин ошондон кийинки аскердик кийлигишүүсүнө байланыштуу адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмышы үчүн айыпталууда.
Шерине