Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

"Кийинки класска көчпөй калат". Милдеттүү экзамен кыргыз тилинин кадырын көтөрөбү?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылтан тартып Кыргызстанда бардык мектептерде окуучулар кийинки класска көчкөндө кыргыз тилинен экзамен тапшырууга милдеттүү болот. Экзамен лексика-грамматика, окуу-түшүнүү жана жазуу боюнча өтөт. Класстан класска көчүрүү экзамени кандай өтөт, шарттары кандай болот?

"Экинчи жолу тапшырып өтпөй калса, ордунан көчпөйт"

Менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан өлкөдөгү мектептердин баарында милдеттүү түрдө кыргыз тилинен көчүрүү экзамендери киргизилерин Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, класстан класска көчүрүү экзамендери боюнча жараян баскыч-баскыч менен ишке ашат жана быйылкы окуу жылынын аягында алгач 5-6-класстын окуучуларынан башталат. Ал эми келерки 2025-2026-окуу жылынан тартып 7-8 жана 10-класстардын окуучулары тапшырышат.

Экзаменди министрликке караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти уюштурат. Ушул эле мекеме райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана предметтик мугалимдерге экзамен алуу боюнча окуу өткөрөт.

Көчүрүү экзамени үч субтесттен турат: лексика-грамматика, окуу-түшүнүү жана жазуу. Окуучулар үчүн алдын ала сынамык тесттер болот.

Министрлик мындай экзамен мамлекеттик тилди өнүктүрүү, окуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо, кыргыз тилине болгон жоопкерчиликти күчөтүү максатында өткөрүлүп турарын белгилөөдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов экзамен уюштуруу, анын шарттары тууралуу кеп кылды:

Аркарбек Мамытов.
Аркарбек Мамытов.

"Биз көчүрүү экзаменин быйыл окуу жылы аяктап калган кезде, май айынын аягында өткөрөбүз. Бир күнү 5-класстын, дагы бир күнү 6-класстын окуучулары тапшырат. Экзамен негизинен ошол окуучулардын кыргыз тили боюнча төрт чейректе окуган окуу программасынын негизинде гана жүргүзүлөт. Андан ашык суроолор болушу мүмкүн эмес. Экинчиден, эгерде окуучу экзаменге ден соолугуна байланыштуу же башка бир жүйөлүү себептер менен катыша албай калса, экзаменден канааттандырарлык эмес баа алып калса (“2” алып калса), анда ага кийинки окуу жылынын башында кайрадан экинчи жолу тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет. Жай бою даярданып, кайра тапшыра алат. Эгер экинчи жолу да экзаменден начар баа алса, анда окуучу кийинки класска көчпөй калат".

2023-жылы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынган. Анын 17-беренесинде жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө кыргыз тили предмети боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү (класстан класска) көчүрүү экзамендери киргизилет деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле 2024-жылы февраль айында Жогорку Кеңеш окуучуларды класстан класска көчүрүү экзамендери боюнча токтом да чыгарган.

"Орус тилдүүсүң, өзүң күнөөлүүсүң деп коркутпаса"

Дал ушул мыйзам менен токтомду аткаруу максатында киргизилип, Билим берүү министрлиги жүргүзө турган көчүрүү экзамендерин айрымдар колдоого алып жатса, балдарым өтпөй калат деп кооптонуп турган да ата-энелер жок эмес.

Маселен, уулу 8-класста окуган шаар тургуну Жазгүл былтыр да мектептерге ушундай экзамен киргизилери кабарланып, бирок көп өтпөй токтоп калганын, буга орус тилдүү окуучулар эле эмес, алардын ата-энелери да тынчсызданып жатканын айтат.

Ал буга орус тилдүү мектептердеги кыргыз тили сабагы боюнча китептер өтө татаал түзүлүп калган деген жүйө келтирүүдө:

"Окуучулардын кыргыз тили боюнча окуу китептери балдар түшүнгүдөй даярдалган эмес. Алар ушунчалык татаал түзүлгөндүктөн, жадагалса уулума жардам берем деген мен дагы Google котормо менен отуруп калам. Бул китептер академиктер үчүн даярдалганбы деп ойлоп кетесиң. Анан балдар кантип экзаменге даярданышат? Биз эми алдыдагы экзамен кандай өтөрүн, эмнени сурашарын да билбейбиз. Орус тилдүү ата-энелер деле кыргыз тилин үйрөтүүгө каалоосу бар, бирок кантип даярданышыбыз керек экени боюнча багыт беришсе, аракет кылат элек".

Жазгүл уулу орус тилдүү болгондуктан, кыргыз тили жана кыргыз адабиятындагы тапшырмаларды жакшы түшүнбөй турганын, жаттоо менен гана тапшырып жүргөнүн, кайра бат эле унутуп каларын кошумчалады. Анын айтымында, мындай маселе борбор калаа Бишкекте курч:

"Биздин өтүнүчүбүз - биринчи кезекте окуу китептерин алмаштырышса, алар жеңил программада түзүлсө. Анан тилчи мугалим да “сен орус тилдүүсүң, өзүң күнөөлүсүң” деп коркутпай, кыргыз тилин сылык-сыпаа мамиле менен, кызыктуу сабак өтүүсү менен сүйдүрсө жакшы болмок".

"Окуу китептери жетиштүү, шылтоо көп"

Филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев көчүрүү экзаменин кыргыз коомчулугундагы жакшы маанайдын жаралышы катары сыпаттап жатат. Тилчи окумуштуу "жакшы окуу китеби, методика, адис жок" деген кептерди шылтоо деп баалап жатат:

Сыртбай Мусаев.
Сыртбай Мусаев.

"Мындан он чакты жыл мурун эле Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчы болуп турганда Кадаңбай Бактыгулов өкмөт аппаратынын жетекчи орун басары эле. Ошол кезде да ушинтип орус тилдүүлөр “кыргыз тили боюнча окуу китептери жок, методика жок” деген маселе көтөрүшкөн. Ошондо Бактыгулов Өкмөт үйүнө жоон топ мугалимдерди, элди чогултуп, кыргыз тили боюнча методикалык куралдар, окуу китептер боюнча чоң көргөзмө уюштурган. Электрондук жакшы материалдардын да баарын экрандан көрсөткөн. Ал кезде өкмөттүн өзүндө деле эне тили боюнча окуу куралдары жок деген көз караш бар экен. Ошондо баарыбыз жетиштүү экен деп ынанганбыз. Анан биз, тилчилер, жок дегендердин жүйөсү жөн эле шылтоо экенин айттык. Анткени кыргыз тили биздин мамлекетте бааланбай, муктаждык да, зарылчылык да жок болгондуктан, шылтоо тапкандар чыга берет. Тилди окутуп жаткандар өзүнүн ишине канчалык деңгээлде жоопкерчилик менен мамиле кылат, ал башка маселе. Окуп жаткан балдар тилге канчалык деңгээлде мамиле кылат, бул да башка маселе. Биз эне тилди модага айландырышыбыз керек. Кыргыз тили кыргыз мамлекетинде эң жогорку кубулуш, талап деген түшүнүккө жетишүүбүз зарыл. Биздин министрликтин балдарга кыргыз тили боюнча билим берүүдөгү концепциясы туура эмес. Бир Чыгышты, бир Батышты карап коюп кылчактап жүрөбүз".

Мусаевдин айтымында, көчүрүү экзамени бүгүн эле чыга калган жаңы маселе эмес. 1989-жылы мамлекеттик тил боюнча биринчи мыйзам кабыл алынганда эле негизги маселелердин бири катары коюлуп, мектептерде эле эмес, окуу жайларында да курстан курска көчүрүү экзамендери киргизилмей болгон. Бирок тилчи бул маселе ар бийликтин көз жаздымында калып, ишке ашпай келди дейт.

“Тилге зарылчылык жаратуу керек”

Филология илимдеринин кандидаты, тилчи Ишенбек Султаналиев бардык мамлекеттердин өзүнүн эне тилин өнүктүрүү саясаты иштей турганын, Кыргызстанда бул жаатта иш жүзүндө майнаптуу жыйынтык болбой жатканын кеп кылды:

Ишенбек Султаналиев.
Ишенбек Султаналиев.

"Түркияда, маселен, даярдоо курстарында бир жыл түрк тилинен даярдашат. Орусияда болсо окуучулар турсун, сырттан иштеп келгендерден да орус тилинен экзамен алышат. Анан бизде деле көчүрүү экзаменин тилди өнүктүрүүгө таасир этет деген максатта киргизишти да. Мейли, экзаменди киргизип койдук дейли, бирок тилди колдоно билүү өзүнчө маселе да. Бул үчүн тилге зарылчылык жаратыш керек. Иштегенде кыргыз тили биринчи орунда турушу зарыл. Анан бул экзаменди мектептерге киргизип койгонубуз менен, көчөгө чыкканда жарнак-жарыянын баары орусча болуп турса, зарылчылыгы жок да. Кабыл алынган мыйзамдар практика жүзүндө бекемделсе гана тил өнүгөт. Ошондо анан тил керек экен деп жарандар өздөрү үйрөнөт эле".

Кыргызстанда кыргыз тилин колдонуу жана өнүктүрүүдөгү бир катар көйгөйлөр бар экени айтылып келет.

2023-жылы кабыл алынган мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздары милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлүшү зарыл экени белгиленген.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Шерине

Тектеш

XS
SM
MD
LG