Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Бишкекте кыз ала качууга шек саналып эки адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы борбордо эки адам (30 жаштагы Б.Б. жана 31 жаштагы Ж.Э.) кыз ала качууга шек саналып кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 5-февралда 23 жаштагы кыз аны эки киши ала качууга аракет кылып, каршылык көрсөткөндөн кийин машинеден түшүрүп качып кеткенин айтып арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыш. Мындай кылмышы далилденгендер Кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренесинин биринчи бөлүгү (“Никеге туруу үчүн адамды ала качуу”) менен беш жылдан жети жылга чейин, экинчи бөлүгү (“Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу”) менен жети жылдан он жылга чейин абакка кесилет.

Ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG