Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кара тумоого каршы илимий-изилдөө институтунун кызматкери каза болгондон кийин Орусиядан кошумча маалымат сурады. 28 жаштагы Дарья Шипилова 2-октябрда каза болгондон кийин 200дөй адам карантинге алынган. Иркутскидеги окуя эл аралык деңгээлде кооптонуу жаратты.
Орусиянын Иркутск облусунда кара тумоо тууралуу маалымат тараган соң “Азаттык” аймактагы кыргызстандык мигранттар менен байланышып, жериндеги абалды сурады. Алардын айтымында, күнүмдүк жашоо кадимки нугунда өтүп жатат. Бирок айрым адамдар этияттык үчүн беткап тагына баштаганы байкалууда.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2050-жылы жер жүзүндө улгайгандардын саны 22% көбөйүп, анын 80% кирешеси төмөн же орточо өлкөлөргө туура келерин билдирет. Бул Кыргызстанга дагы мүнөздүү көрүнүш.
Парламентте калкты жылда медициналык кароодон өтүүгө милдеттендирүүнү сунушташты. Убагында дарыгерлердин кароосунан өтпөй калып, кийин оор илдеттерге чалдыгып жаткандар көбөйгөнү белгиленди. Алар медициналык чек-апты калктын бардык катмарына жеткиликтүү кылыш керек деп белгилеп жатышат.
Саламаттык сактоо министрлиги балдарды эмдетүүгө чакырды. Министрлик балдар арасындагы кызамык сыяктуу жугуштуу ооруларды жайылтпоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Бирок социалдык тармактарда эмдөөнүн айланасындагы курч талкуулар токтой элек.
Гамал Сооронкулов тоолорду коргоп жүргөн экоактивист. Анын ыктыярдуу жумушу жаныбарларды коргоого, жайыттарды сактоого багытталган. Келечек муундар үчүн деген анын мындай аракети коомдо дайыма эле колдоого алына бербейт. Ошого карабай табиятты аеосуз талкалагандарга каршы күрөшүп жүрөт.
Башкы көзөмөл органы билдиргендей, каза болгон бейтаптар гемодиализ алгандардын катарына кирип, айрым менчик медициналык клиникалар лицензиясында көрсөтүлгөндөн да көп адамды тейлеген.
Ошто 2006-2007-жылдары 420 балага ооруканадан ВИЧ инфекциясы жуккан. Учурда ал балдар 20 жаштан ашты. Алардын бири Асел (аты өзгөртүлдү) коомчулуктун оюн өзгөртүү максатында Threads платформасында блог алып барып, абалы тууралуу маалымат берип жатат.
Соңку жылдары вирустук гепатиттерди жугузуп алып, боорун алмаштыруу үчүн элден жардам сурагандар көбөйдү. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда сарыктын оор түрлөрү менен 41 миңден ашуун адам каттоодо турат.
Кыргызстан адаттан тыш ысыкты баштан кечирүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, жакынкы күндөрү өлкө аймагында абанын температурасы 43 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
Дагы жүктөңүз