Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Жалал-Абадда аялынын өлүмүнө шек саналып жолдошу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында 33 жаштагы адам аялын өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-январда Жалал-Абад шаардык милициясына облустук ооруканадан билдирүү келип, Таш-Булак айылынын 29 жаштагы тургуну үйүндө каза болуп калганын кабарлаган. Бул факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин жүрүшүндө маркумдун жолдошу жубайы менен уруш-талаш болбогонун, аялын ооруканага өзү алып барганын айткан.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында 6-февралда Жалал-Абад шаардык милициясынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, маркумдун жолдошун кармады.

Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 32,1% же 4 212 окуяга көп.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 14 362 убактылуу коргоо ордери берилген – анын 13 663ү аялдарга, 699у эркектерге.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. (TB)

Шерине

XS
SM
MD
LG