Кочкор районунун Ак-Кыя айылында кымыз фестивалы өттү. Ага райондогу жылкычылар катышып, малчылардын майрамы менен коштолду. Иш-чаранын алкагында жакшы ачытылган кымызга байге берилди.
Дөө ташбакалардын эркеги менен ургаачысы 115 жыл «ак никеде» жашады. Ооганстандагы америкалык жоокерлер торгойдой чалгынчы дрондуу болушту. Эстонияда жасалма интеллект жарандарга кеңешчи болот. Балдардын тиши оорубашы үчүн таттууга көндүрбөңүз.
Ушул аптада Анжиян облусундагы Балдар жана өспүрүмдөр футбол мектебинин аянтчасында өткөн оюнда Өзбекстандын Анжиян жана Кыргызстандын Ош облусунан барган 12 жаштан 15 жашка чейинки футболчулар беттешти. Оюн кыргызстандык жаш футболчулардын жеңиши менен аяктады.
«Азаттык+» бул жолу Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосундагы «Жаш булак» лагеринде болду. Бул лагерге Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан, Орусия, Беларус жана Өзбекстандан жигердүү 250 улан-кыз келди. Алар Кырчын жайлоосунда эң үнөмдүү шартта жашашат.
Кыргызстанда жылына жүрөк, дем алуу органдарынын кемтиги менен миңдеген балдар төрөлөт. Алардын 20 пайызына гана медициналык жардам берилет. Калганы кезекке турат же өлүмгө дуушар болот.
Көл-Төр - Кыргызстандагы кооз көлдөрдүн бири. Ал деӊиз деӊгээлинен 2730 метр бийиктикте, мөңгүлөргө жакын жайгашкан. Көк-жашыл түстөгү көлдү көрүш үчүн жыл сайын дүйнөнүн чар тарабынан туристтер келет.
Нарында жайлоо лагери ачылды. Анда он жашка толо элек окуучулар улуттук каада-салттан баштап, кол өнөрчүлүккө чейин үйрөнүшөт. Ага Эки-Нарын, Таш-Башат жана Кайыңды айылдарынан 60тан ашык окуучу келип жатат.
Нарындын алыскы кыштоосунда ат минип алып элдин саламаттыгына көз салган фельдшер иштен кетти.
Велосипедде жүрүү өзүнчө ырахат. Ал ыңгайлуу, ылдам жана ден соолукка пайдалуу. Абаны, айлана-чөйрөнү булгабайт. Автоунааларга салыштырмалуу баасы да арзан, бензинге да акча коротпойсуң.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жыныстык жол менен жуга турган хламидия, гонорея, трихомониаз, сифилиске жыл сайын 15 жаштан 49 жашка чейинки 376 миллион киши кабылып жатканын маалымдады.
"Азаттык+" бул жолу Ноокаттын дымактуу тургундары, шаардыктардан кем калышпай, фитнес менен машыккан ноокаттык эжелер, эзели суу жетпеген Он-Эки-Белдеги жаңы конуштарга суу чыгарган Жигитали Рахманов, бала кезиндеги кыялына 63 жашында жеткен Мукум Матиков тууралуу айтып берет.
Гени өзгөртүлгөн жана химиялык азыктанган мөмө-жемиштер адамдын организмине кандай таасир этет? Алардан кайсы оорулар пайда болушу мүмкүн? Мөмө-жемиштин табигый экенин кантип аныктаса болот?
Дагы жүктөңүз