Акыркы жылдары ички туризмдин агымын күчөп, Көл-Төргө жергиликтүү тургундар көп келе баштаган. Жуманын эс алуу күндөрү эки жүзгө жакын турист жети чакырым бийикти багынтып көлдү көрүш үчүн келишет.
Көл-Төрдүн ажайып көркү
Көл-Төр - Кыргызстандагы кооз көлдөрдүн бири. Ал деӊиз деӊгээлинен 2730 метр бийиктикте, мөңгүлөргө жакын жайгашкан. Көк-жашыл түстөгү көлдү көрүш үчүн жыл сайын дүйнөнүн чар тарабынан туристтер келет.

1
Көл-Төр Кыргызстандагы кооз көлдөрдүн бири болуп саналат. Ал деӊиз деӊгээлинен 2730 метр бийиктикте жайгашкан.

2
Көл-Төр Кегети капчыгайынын төрүндө жайгашкан.

3
Жашыл-көк түстүү көлдү көрүш үчүн тер төгүп, 7 чакырым жердеги бийиктикти багынтууга туура келет.

4
Чүйдөгү Көл-Төр - туристтер эң көп келген жер.

5
Айрым туристтер көлдү көрүш үчүн атчан жөнөштү.

6
Кегети капчыгайы кооз табияты, шар аккан мөңгү суусу менен туристтерди өзүнө тартып турат. Жолго жакын жайгашышы да туристтер үчүн ыңгайлуу.

7
Көл Бишкек шаарынан 90 чакырым аралыкта жайгашкан.

8
Кегети капчыгайы.

9
Жай келип өсүмдүктөр гүлүн ачып турган кез.

10
Туристтерди ташып иштеген аттын ээси күнүнө 500 сомго чейин табат.

11
Көл коктунун төрүндө жайгашкандыктан Көл-Төр деп аталып калган.

12
Көл-Төр мөңгүдөн агып түшкөн суудан пайда болгон.

13
Көл-Төргө жөнөгөн туристтерди нөшөрлөп жааган жамгыр да токтото албайт.

14
Капчыгайдын өзүн карагай токой, четин менен арча каптаган.

15
Энесин күткөн музоолор.

16

17
Конокторду ээрчий келген ит.

18
Капчыгайдагы конок үйү.

19
Кыргызстанда Көл-Төр аттуу бир нече көл бар.

20