Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Казак министри бюджет боюнча Илон Масктын демилгесиндей сунуш түшкөнүн айтты


Казакстандын улуттук экономика министри Серик Жумангарин.
Казакстандын улуттук экономика министри Серик Жумангарин.

Казакстандын улуттук экономика министри Серик Жумангарин бюджеттик каражатты натыйжалуу колдонуу боюнча казак жарандарынын биринен сунуш түшкөнүн билдирди. Анын айтуусуна караганда, ал сунуш америкалык миллиардер Илон Маск учурда жүргүзүп жаткан бюжетти үнөмдөө саясатына окшош. Жумангарин ал адамдын тек-жайын айткан жок.

"Илон Маск учурда Трамптын администрациясында жүргүзүп жаткан саясатка окшош демилге сунушталганын жашырбайм. Ал жакта мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу тууралуу бөлүм бар. [Казакстандын жараны] өз кызматын сунуштап, демилгеси бар экенин билдирди. "Мен аны чакырып, чогуу иштейли, жумушчу топ түзөлү" деп айттым", - деди министр 6- февралда Сенатта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Жумангарин социалдык бюджетти кыскартуу "абдан оор" экенин кошумчалады.

"Социалдык бюджетке көп балалуу энелер, балдар, кары-картаңдар, пенсионерлер киргизилген. Биз социалдык мамлекетпиз. Биз бюжеттердин башка түрлөрүн карап чыгышыбыз керек экенин айттым. Биз штатты кыскартууга каршы эмеспиз. Бирок баары акылга сыйгыдай, карапайым тургунга залака келтирбегендей болуш керек", - деди улуттук экономика министри.

Orda.kz сайты жазгандай, Жумангаринге бул сунушту экономист Рахим Ошакбаев киргизген. Азырынча ал өзү комментарий бере элек.

АКШ президенти Дональд Трамптын инаугурациясынын кийин Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу боюнча министрлик (DOGE) түзүлүп, миллиардер Илон Маск башкаруучу дайындалган. Анын максаты казынаны үнөмдөп, мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу экени айтылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG