Ташкент менен Цюрихтин өкүлдөрү Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнаранын конфискацияланган активдерин бөлүштүрүү боюнча макулдашууга кол койду. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдирди.
Келишимдин алкагында 182 млн доллар Өзбекстанга кайтарылат.
"Бул каражат Өзбекстандын айрым жарандары тарабынан мыйзамсыз алынган жана Каримовага каршы Швейцариянын прокуратурасы козгогон кылмыш ишинин алкагында 2012-жылы толук конфискацияланган", - деп жазылат мекеме тараткан билдирүүдө.
Бул акча Өзбекстанга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алдында түзүлгөн Көп тараптуу трасттык фонд аркылуу которулат.
Өзбекстанда Гүлнара Каримовага каршы акча кымырып алуу жана салык төлөөдөн качуу боюнча эки кылмыш иши козголгон. Ал 2015-жылы биринчи иш боюнча беш жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылы экинчи иш боюнча 10 жылга кесилген.
2020-жылы ага жаңы айыптар тагылып, 13 жыл 4 айга эркинен ажыратылган. 2019-жылдан 2025-жылдын январь айына чейин жазасын өтөп, жакында эле жатак абакка которулду.
Каримовага каршы кылмыш иштер Өзбекстанда АКШ менен Европанын бир нече өлкөлөрүнөн кийин ачылган. Ага жемкорлук, арам акчаны адалдоо боюнча айыптар тагылган.
Былтыр декабрда Швейцариянын прокуратурасы таасирдүү кардарларды тейлөөгө адистешкен Lombard Odier банкын арам акчаны адалдоого айыптаган. Бийликтин маалыматына караганда, банк Гүлнара Каримованын кылмыштуу иштерин жашырууда бир нече жыл "чечүүчү роль" ойноп келген.
Прокуратуранын версиясына ылайык, Каримова ири суммадагы акчаны "Офис" деп аталган швейцариялык уюм аркылуу адалдап турган. Каримова өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.
Ошондой эле Lombard Odier банкынын мурдагы кызматкерине да айып тагылган. Бул ишти прокуратура 2016-жылдан бери иликтеп келет.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова мамлекетке, жарандарга келтирген зыяндын жалпы суммасы 1 трлн 270 млрд 200 млн сумду, 1 млрд 651,8 млн АКШ долларын, 26,1 млн еврону түзөрүн ачыктаган.
Шерине