Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Франция Украинага Mirage 2000 бомбалоочу учактарынын биринчи партиясын жөнөттү


Mirage 2000 бомбалоочу учагы.
Mirage 2000 бомбалоочу учагы.

Франция Украинага Mirage 2000 бомбалоочу учактарынын биринчи партиясын жөнөттү. Бул тууралу Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорню X социалдык түйүнү аркылуу билдирди. Анын айтымында, биринчи учак Киевге жеткирилди.

"Эми ал украин учкучтары менен бирге Украинанын коопсуздугун камсыздайт. Учкучтар бир нече ай Францияда даярдыктан өтүштү", - деген Лекорню канча учак берилгенин тактаган жок.

Буга чейин Avions Legendaires Франция Украинага жалпы 20дай бомбалоочу учак берерин жазган.

2024-жылдын июнь айында Франциянын президенти Эммануэл Макрон жарыялагандай, Париж жыл соңуна чейин Mirage 2000 учактарын жөнөтүп, учкучтарды даярдоо милдетин өзүнө алмак.

Былтыр октябрда тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро учактар Украинага 2025-жылдын башында жеткирилерин убада кылган.

Себастьян Лекорню билдиргендей, учактар жаңы техника менен жабдылган, анын ичинде "аба-жер" классындагы ракеталар жана радиоэлектрондук чабуулдан коргоо жабдыктары да бар.

Mirage 2000 – төртүнчү муундагы француздардын бир мотордуу реактивдүү бомбалоочу учагы. Аны Dassault компаниясы чыгарат. Украинага берилген Mirage 2000−5F деген түрү SCALP-EG жана Storm Shadow ракеталары менен аткылоого жөндөмдүү.

Былтыр Париж Киевге эки миллиарддан ашуун еврого аскердик жардам көрсөткөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG