Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

Борбор Азия: Сейрек минералдар үчүн Кытай, АКШ, Европа атаандаштыгы


"Азаттыктын" коллажы
"Азаттыктын" коллажы

Кыргызстанда сейрек кездешүүчү кандай элементтер бар? Аларды өздөштүрүүдө Бишкектин пландары кандай? 3-4-апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган Борбор Азия – Евробиримдик саммитинин күн тартибинде чөлкөмдөгү сейрек кездешүүчү элементтер маселеси башкы темалардын бири болгону турат.

Борбор Азиядагы аз кездешкен минералдардын коруна соңку кездери Кытай, АКШ жана Евробиримдик бирдей кызыкдар болуп, ортодогу атаандаштык күчөп баратканы байкалат.

Евробиримдиктин эл аралык кызматташтык боюнча комиссары Йозеф Сикеланын марттын ортосунда Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарынын өзөгүн чөлкөмдөгү сейрек кездешүүчү маанилүү минералдарды казуу жана Европага ташуу боюнча сүйлөшүүлөр түздү.

Ал 17-мартта кыргыз президенти Садыр Жапаров менен кездешкенде Брюссел сейрек кездешүүчү минералдар боюнча чөлкөмдөр аралык кызматташууга өзгөчө маани берип жатканын айтты. Бул тема 3-4-апрелде Самаркандда өтө турган Евробиримдик – Борбор Азия саммитинин күн тартибинде жогору мааниге ээ болорун белгиледи.

Йозеф Сикела Кыргызстанга жасаган сапары тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде сейрек кездешүүчү минералдарды иштетүүдө европалык стандарттарды колдонууга болорун билдирди.

“Кыргызстандын Европаны маанилүү чийки зат менен камсыз кылууда келечектеги өнөктөшүнө айлануу мүмкүнчүлүгү да бар. Ошондой эле биз кен байлыктарын иштетүү боюнча европалык стандарттар экологиялык жана социалдык коргоону камсыз кылууга кантип колдонулса болорун талкуулап жатабыз”.


Борбор Азиядагы сейрек кездешүүчү элементтерге соңку кездери Кытай, АКШ жана Евробиримдиктин кызыгуусу бирдей артып барат. Үчөө тең чөлкөмдөгү критикалык минералдарды өзүнө энчилеп калууга болушунча далалаттанууда. Жогорку бийлик төбөлдөрүнүн байма-бай жолугушууларынан тарта, соңку 3-4 жылдан бери актуалдуу болуп жаткан С5+1 форматындагы саммиттердин күн тартибинде да сейрек кездешүүчү жер элементтерин же критикалык маанилүү минералдарды иштетүү маселеси башкы сапка чыгып келет.

2023-жылы 20-сентябрда өткөн АКШ – Борбор Азия саммитинде Вашингтондун чөлкөмдөгү сейрек кездешүүчү металл кендерин колго алууга мүмкүнчүлүк издегени айгине болгон. Андагы биргелешкен декларацияда критикалык минералдарды жеткирүүнүн ар түрдүү, туруктуу жана ишенимдүү чынжырчасын түзүү, чийки затты казуу жана кайра иштетүү үчүн жаңы технологияларды иштеп чыгуу сыяктуу жагдайларга көңүл бурулган. Талдоочулар белгилегендей, АКШнын Борбор Азияга байланышкан ага чейинки стратегиялык документтеринде критикалык минералдар тууралуу сөз кездешчү эмес.

АКШнын Геологиялык кызматы 2022-жылы өлкө үчүн зарыл болгон маанилүү сейрек кездешүүчү минералдардын тизмесин жарыялаган. Тизмеге 50 критикалык маанилүү элемент кирген. Анын 25инин Кыргызстанда ар кандай көлөмдөгү кору бар.

2024-жылдын 8-февралында АКШнын Мамлекеттик департаментинде Маанилүү кен байлыктар боюнча диалогдун С5+1 форматындагы алгачкы жыйыны өткөн. Ага Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнүн жооптуу аткаминерлери катышканы кабарланган. Бардык тараптар Борбор Азиядагы критикалык маанилүү минералдарды казууга жана кайра иштетүүгө АКШнын инвестиция салышына бериле турган мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүүгө ынтызарлыгын билдиришкен.

Учурда Кытай критикалык маанилүү минералдарды жеткирүүдө дүйнөдөгү лидерликти кармап турат. АКШдагы National Defense журналы жазгандай, Кытай дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү металлдарды казган ишканалардын 60% жана кайра иштетүү кубаттуулугунун 85% көзөмөлдөйт.

2023-жылдын 18-19-майында Кытайдын Сиан шаарында өткөн Кытай – Борбор Азия саммитинде Си Цзиньпин Бээжин чөлкөмдүн өлкөлөрүнө финансылык колдоо жана кайтарымсыз жардам иретинде 4 млрд доллар берерин билдирген.

Евробиримдиктин Global Gateway деп аталган стратегиясынын алкагында Борбор Азия менен кызматташтыктын төрт багыты белгиленген. Алар:

- Транскаспий транспорттук коридору,
- Санарип айкалышуу,
- Суунун, энергиянын жана климаттын өзгөрүшү,
- Критикалык маанилүү заттар.


2024-жылдын март айында Европа Кеңеши өздөрү үчүн зарыл болгон сейрек кездешүүчү жер элементтеринин тизмесин бекиткен. Тизмеге 34 критикалык маанилүү элемент кирип, анын 17си стратегиялык макамга ээ болгон.

Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев кубаттуу державалардын Борбор Азиядагы сейрек кездешүүчү элементтер үчүн атаандаштыгын жогорку технологиялуу өндүрүштүн өсүп жатышы менен байланыштырат:

Искендер Шаршеев
Искендер Шаршеев

“Бул стратегиялык ресурс да. Анткени бүгүнкү күндө сейрек кездешүүчү металлдар бүт микрочиптерде, жогорку технологиялуу жабдыктарда, жасалмаларда колдонулат. Андан сырткары, жасалма интеллект сейрек кездешүүчү металлдан жасалган жабдыкта жайгашат. Мисалы, электромобилдер, гибрид унаалардагы башкаруу системаларында жана неодим сыяктуу күчтүү магниттерде, батареяларда бир кыйла сейрек кездешүүчү металлдар колдонулат. Бүгүнкү күнү бул экономикалык жактан, баасы жактан, тейлөө жактан эң натыйжалуу унаалар болуп жатат. Мурунку унаа базарын аябай четке сүрүп жатат. Албетте, сейрек кездешүүчү металлдарга болгон суроо-талап да күчөп, өсүп жатат. Акыркы 30 жылда дүйнө жүзү боюнча сейрек кездешүүчү металлдардын 98% Кытай сатып алган, алар көзөмөл кылат. Сейрек кездешүүчү металлдардын базарынын көлөмү кичинекей эле – 98 млрд доллар. Бирок кошумча баасы жалпы алганда бир нече триллион доллар деп эсептелет. Ошол үчүн ушунча күрөш болуп жатат”.

Ар кайсы булактардагы маалыматтарга ылайык, Борбор Азия чөлкөмү марганец менен хромдун дүйнөлүк корунун 40%, ошондой эле сурьманын, коргошундун, титандын жана сейрек кездешүүчү элементтердин да олуттуу коруна ээлик кылат.

Кыргызстанда эл аралык чоң мааниге ээ болгон бир нече стратегиялык минерал бар, бирок чийки заттарды кайра иштетүү үчүн көбүнчө Кытайга жөнөтөт. Евробиримдик болсо жогорку технологияларга керек болгон оор сейрек кездешүүчү жер элементтер боюнча Кытайга толук көз каранды болуп келет.

2024-жылдын январында президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу өнүктүүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" чечим чыгарган. Анда өкмөткө "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын базасында адистештирилген илимий-өндүрүштүк уюмду кластердик негизде түзүү, заманбап геологиялык жана геофизикалык методдорду колдонуу менен полиметаллдардын жана сейрек кездешүүчү жер элементтердин потенциалдуу кендерин комплекстүү изилдөөнү жүргүзүү жана металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү процессине заманбап технологияларды киргизүү үчүн технологиялык компаниялар менен кызматташууну камсыз кылуу тапшырылган.

Адистер Кыргызстан келишимдерге өлкө ичинде кайра иштетүүчү жана жогорку технологиялуу өндүрүштү куруу милдеттемелерин киргизүүгө умтулушу керектигин айтып келишет.

Геолог Дүйшөнбек Камчыбеков Куттуу-Сай 2 кениндеги сейрек кездешүүчү элементтерди ким иштетпесин, кыргыз өкмөтү демилгени эл аралык оюнчуларга алдырып жибербей, өлкө аймагында кайра иштетүү үчүн технологияларды тартууга аракет кылышы зарыл экенин айтат:

Дүйшөнбек Камчыбеков
Дүйшөнбек Камчыбеков

“Алтымыш үч миң тонна деген сейрек кездешүүчү металлдар үчүн көлөмү өтө чоң. Аны биз акыркы продукцияны чыгарганга максат коюп, бул жакка бир комплекс курдуруп, Союз мезгилиндей кылып өндүрүп, лантаноиддик топко кирген элементтерди жакшы баага чыгарып сатсак болот. Биз ошондой максат коюшубуз керек. Кытай өлкөсү келеби, же Орусия өлкөсү келеби, же ошол эле Европа өлкөлөрүнөн келеби – бизге биринчи кезекте экономикалык чоң пайда болушу керек. Экинчиден, экологиялык шарттар боюнча жакшы көзөмөл жүргүзүлүшү керек. Экологиялык бузуулар болбошу керек. Үчүнчүсү, алар келсе тиешелүү адистери Кытай тараптан болсо дагы, калган адистер өзүбүздүн адистер болушу керек. Анан, төртүнчүсү, сөзсүз түрдө кандай мыйзамдарыбыз, кодекстерибиз бар болсо, ошонун талаптары сөзсүз аткарылыш керек”.

Чоң-Кемин районунда Куттуу-Сай 2 жана Калесай деген эки кен бар. Куттуу-Сай 2 кенинде күмүштөн тышкары молибден, висмут, коргошун, бериллий өңдүү 16 сейрек кездешүүчү жер элементи бар. Өкмөт алардын жалпы кору 63 миң тонна деп жарыялаган. Ал эми Калесай бериллий кени деп эсептелет. Союз маалында алардагы сейрек кездешүүчү элементтерди "Кыргыз химия-металлургиялык комбинаты" кайра иштетип турган.

Маалыматтарга караганда, ал комбинат Советтер Союзунун сейрек кездешүүчү металлдарга болгон керектөөсүнүн 80% камсыздап иштеген. Бирок 1995-жылы Куттуу-Сай жана Калесай кендери PESAK программасы аркылуу жабылгандан кийин комбинаттын иши да токтоп калган. Бүгүнкү күндө эксперттер анын ишмердигин кайра жандандыруунун технологиялык зарылчылыгы жоктугун белгилешет.



Эки кен тең “Чоң-Кемин” улуттук жаратылыш паркынын аймагында жайгашкандыктан кыргыз өкмөтү 2024-жылы аларды парктын аймагынан чыгаруу боюнча токтомун чыгарган.

Министрлер кабинетинин мурунку төрагасы Акылбек Жапаров Түркия Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү металлдарды учкучсуз учуучу аппарат сыяктуу аскердик өндүрүшкө колдонууга кызыкдар болуп жатканын айткан. Кийин Европага барып Венадагы инвестициялык форумга катышып жатып Кыргызстанда критикалык маанилүү минералдардын кору көп экенин белгилеген:

“Кыргызстандын жер кыртышы пайдалуу кендерге бай. Алтын менен көмүр эле эмес, темир дагы көп – бир эле кенде 5 млрд тоннадан ашуун кору бар. Учурда жогору экономикалык суроо-талапка ээ болуп жаткан сейрек кездешүүчү металлдар да көп. Европий, цирконий, цезий, лантаноиддер тобу жана башкалар. Мисалга айтсам, титаномагнетиттин бир эле кендеги болжолдуу кору 20 млн тоннадай болот. Өзүнө 21 элементти камтыган сейрек кездешүүчү металлдардын Куттуу-Сай 2 кениндеги эле кору 60 миң тоннадай чыгат. Бул корлор 50 жыл мурда аныкталган. Абройлуу геологдордун пикиринде, заманбап технологияларды колдонуу менен тыкыр геологиялык чалгындоо жүргүзсө бул көрсөткүч бир нече эселеп көбөйүшү мүмкүн”.

Кыргыз өкмөтү 2024-жылы өлкөдөгү баалуу кен байлыктарды чалгындоо үчүн 1 млрд сом каражат бөлгөн. Учурда “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы Куттуу-Сай 2 кенинеги сейрек кездешүүчү элементтерди, ал эми “Кыргызалтын” компаниясы Кызыл-Омполдогу титаномагнетит кенин чалгындоо иштерин жүргүзүүдө.

Соңку кездердеги маалыматтарга байкоо салсак, кыргыз өкмөтү Кызыл-Омпол кениндеги титаномагнетитти казып, кайра иштетүүдө Кытай менен кызматташууга ниеттенип турат. Мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров 2024-жылы титанды кайра иштеткен ири кытай заводу менен сүйлөшүү жүргүзүп келген. Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевдин Жогорку Кеңештеги сөздөрүнө таянсак, Куттуу-Сайдагы сейрек кездешүүчү элементтер кенин иштетүү кытайлык компанияга берилүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG