Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

Үч өлкөнүн чек аралары кесилген чекит: Ишеним жана ынак коңшулук


Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев. Кожент шаары.
Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев. Кожент шаары.

Президент Садыр Жапаров 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарына барды. Ал тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара, жол, суу жана энергетикага байланыштуу ратификацияланган грамоталар менен алмашуу протоколуна кол коюшту.

Кожент декларациясы

31-мартта Кожент шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери - Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Кожент декларациясына кол коюшту.

“Мамлекет башчылары бул документтерге кол коюу өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоону символдоштуруп, ошондой эле Борбор Азияда конструктивдүү диалогдун жана натыйжалуу кызматташтыктын үлгүсү катары кызмат кылаарын баса белгилешти”, - деп айтылат билдирүүдө.

Алар үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте орнотулган символикалык стеланын ачылыш аземине катышты. Иш-чара Кожент шаарынан видео байланыш форматында өттү.

Стела элдердин достугун чагылдырып, чек ара маселелери биротоло чечилгенден кийин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин жана ынак коңшулуктун жаңы доорун билдире турганы айтылды.

Мунун алдында Жапаров, Рахмон жана Мирзиёев экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, региондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу сүйлөштү.

Коженттеги жолугушуу

Садыр Жапаровду Коженттин аба майданында Тажикстандын президенти Эмомали Рахман тосуп алды жана ал шаан-шөкөт менен коштолду.

Эки мамлекеттин башчылары көзмө-көз жолугуп, буга чейинки кол коюлган келишим, макулдашууларды ратификацияланган грамоталар менен алмашуу протоколуна кол коюлду.

"Ратификациялык грамоталар эки өлкөнүн ортосундагы чек ара жөнүндө келишимди юридикалык жактан бекемдейт жана чек араны толук демаркациялоо, чек ара инфратүзүмүн модернизациялоо жана чек арага чектеш райондордо ынак коңшулаштыкты чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзөт" ,- деп жазылган президенттин администрация тараткан маалыматта.

13-мартта Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, эки президент кыргыз-тажик чек арасын тактоо тууралуу келишимге кол коюшкан. Мындан кийин чек арадагы “Кызыл-Бел” жана “Кайрагач” бекеттери кайра ачылган.

Андан кийин, Садыр Жапаров макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзамдарга 25-мартта кол койгон.

Сөз ратификацияланган үч документ тууралуу жүрүп жатат:

Биринчиси, кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишим.

Экинчиси, Кыргызстан менен Тажикстандын автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу.

Үчүнчүсү, кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.

Президентин басма сөз кызматы суу жана энергетика объектилери тууралуу документ "эки мамлекеттин аймагында жайгашкан чарбалык жана энергетикалык объектилерге тоскоолдуксуз баруу үчүн кабыл алынганын" билдирген.

Андан сырткары "үч дарбазасы бар башкы плотинаны жана Ак-Татыр/Мачои каналынын башкы суу алуучу курулмасын биргелешип иштетүү сунушталып жатканын" маалымдаган.

Ал эми жолдорго тиешелүү макулдашуу кыргыз-тажик жарандарынын "тоскоолдуксуз жүрүүсүн, транспорт каражаттарынын өтүүсүн жана жүктөрүн ташууну камсыз кылууга багытталган" деп жазылган. Ошондой эле анда эки автожолун куруу каралган, алар макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып бейтарап макамына (статуска) ээ болору көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, "Дача – Капчыгай" ("Хожаи Аъло – Ворух") , Капчыгай калктуу конушунун чыгыш тарабын айланып өтөт. Ал эми "Миң-Өрүк – Самаркандек" (“Ориено-Шуристон”) Сурх калктуу конушунун түндүк тарабын айланып өтөт.

"Дача – Капчыгай" жолун Тажикстан колдонот, "Миң-Өрүк – Самаркандек" жолун кыргыз тарап пайдаланат.

"Ошол эле учурда, бул макулдашуу менен "Ош – Раззаков" жана "Исфара – Ворух" автомобиль жолдорунун кесилишин биргелешип ыңгайлаштыруу жана пайдалануу каралат, ал дагы бейтарап макамга ээ болот жана бирдей укукта пайдалануусу каралат", - деп жазылган маалыматта.

CASA-1000 долбоорунун алкагындагы объекти

Рахмон менен Жапаров Коженттеги жолугушууда онлайн режимде CASA-1000 долбоорунун ишке ашыруунун алкагында 500 кВны түзгөн "Датка-Согд" электр өткөргүчтөрүн ишке киргизди.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев улуттук телеканалга курган маегинде муну тарыхый учур деп атады. Бул долбоордун алкагында Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын жеткирүү 2027-жылы башталышы ыктымалдыгын белгиледи.

"Кыргыз энергетикасында 31-март тарыхый күн болуп калды. Буга чейин союздун тушунан берки шакекче иштеп келсе, мисалы коңшу Казакстан, Өзбекстан менен байланыш түзүп, электр энергиясы менен камсыз кылып келсек, азыр Түркмөнстан, Тажикстан менен дагы байланышып, CASA-1000 деген долбоорду ишке киргизип жатабыз. Бул долбоордун негизинде Ооганстанга, Пакистанга электр энергиясын жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Азыр импорттоп жатсак, келечекте экспорттогон өлкөгө айланабыз. Кыргызстан менен Тажикстан электр линиясын бүгүн ишке берди. Тажикстанга электр энергиясын берип, кайра алардан дагы алганга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Эми 2027-жылга чейин курулуш иштери Ооганстан мамлекетинде дагы бүтсө, ошол жылдан тартып Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын жеткирүүгө мүмкүн болот. Садыр Жапаров бизге 2027-жылы экпорттогон мамлекет болушубуз керек деген тапшырма койгон. Ошол линиянын тегерегинде Жалал-Абад, Ош жана Баткенде 500 кВт болгон линияларды куруп, күндөн чыккан электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга берүүгө шарт түзүлөт. Биздин милдеттемебиз май айынан сентябрга чейин 1,5 миллиард кВт саат электр энергиясын беришибиз керек, чет өлкөлүк валюта менен анын акысын алышыбыз керек. Биз, Кыргызстан менен Тажикстан жылына 250 миллион долларга чейин пайда таба алат. Күн электр станцияларын курчу инвесторлор менен бизде келишимдер түзүлгөн. CASA-1000 линиясынын тегерегинде 1500 мегаваттык станцияларды курганга мүмкүнчүлүк бар. Биз 2027-жылга чейин күн жана шамал станцияларын куруп бүтүрүшүбүз керек",-деди Ибраев.

CASA-1000 Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо багытында ишке ашып жаткан долбоор. Анын баштапкы этабын бир нече эл аралык донор 2014-жылы жактырган жана чечим 2018-жылдан баштап күчүнө кирген.

Курулушту ишке ашыруу үчүн Кыргызстан Дүйнөлүк банкка караштуу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 38,25 миллион доллар, Европа инвестициялык банкынан 70 миллион евро жана Ислам өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар насыя алары кабарланган. Долбоордун жалпы наркы 1,17 млрд долларга бааланган.

Тажикстан долбоор алкагында өз аймагында курулуучу линияларды 2016-жылы кура баштаган. Кыргызстандагы линиялардын курулушу 2021-жылдын апрелинде жанданган.

"Жашыл электр энергиясы Кыргызстан менен Тажикстандын жай мезгилинде Ооганстан менен Пакистанга экспорттолот. Аталган долбоордун алкагында Кыргызстанда 1 миң 243 түркүк орнотулуп, узундугу 456 км электр берүү линиясы, ошондой эле Датка көмөкчордонунда кошумча 500 кВ уяча курулду. Аталган көмөкчордонунан электр чубалгысы Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чек арасына чейин өтөт",-деп жазылган маалыматта.

Кожент декларациясына кол коюлду

Кожентте Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттеринин үч тараптуу саммити дагы өттү.

Садыр Жапаров анда сөз сүйлөп, бүгүнкүдөй иш-чаралар жыл сайын бул өлкөлөрдүн булуң-бурчтарында өткөрүлүп турарына ишенимин билдирди.

"Садыр Жапаров өлкөлөр бүтүндөй региондун туруктуу өсүшүн жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган ири инфратүзүмдүк жана экономикалык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жаткандыгын айтты. Ош, Кожент, Анжиян шаарлары тарыхый борборлор гана эмес, көп кылымдык цивилизациянын, эң бай салттардын жана маданияттын символдору экенин эске салды",- деп жазылган маалыматта.

Жолугушуунун соңунда үч өлкөнүн чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө Кожент декларациясына кол коюлду.

Президенттин басма сөз кызматы: "Мамлекет башчылары бул документтерге кол коюу өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоону символдоштурарын, ошондой эле Борбор Азияда конструктивдүү диалогдун жана натыйжалуу кызматташтыктын үлгүсү катары кызмат кыларын белгилешти", - деп кабарлады.

Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, дипломат Данияр Сыдыков "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул саммиттин жалпы Борбор Азия чөлкөмү үчүн маани-маңызы чоң экенин айтты.

"Чынында бүгүнкү күндөгүдөй жогорку деңгээлдеги иш-чаралар абдан актуалдуу болуп жатат. Жалаң гана эки тараптуу мамилелерге гана эмес, бүтүндөй регион үчүн маанилүү болуп турат. Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилген. Эми Тажикстан менен маселе чечилди. Ратификациялык грамоталарды алмашуу тууралуу протоколго кол коюшту. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, маанай аябай жакшы болуп жатат. Мындай үч тараптуу деңгээлдеги саммит биринчи жолу болуп жатса керек. Ортодогу негизги маселелер чеилген. Муну эл аралык коомчулук дагы аябай жакшы кабыл алды. Эми кийинки этабында, туруктуулукка жана соода-экономикалык алакага жакшы шарттар түзүлдү. Ошондуктан визасыз режимди киргизүү дагы актуалдуу болуп калды. Ынтымакка, боордоштукка жана кошуналык мамилелерге бардык шарттар түзүлдү. Азыр тарыхый иш-чаралар болуп жатат. Канчалык туруктуулук болсо аймактагы коопсуздук ошончолук бекемделет. Ошондуктан аймактагы коопсуздукту бекемдөөгө салым кошкон иш-чара болуп жатат. Геосаясий жактан алганда Борбор Азияны бир карап жатышпайбы, кызматташтыкты кеңейтели, күчөтөлү деген сунуштар болуп жатат. Мисалы Борбор Азия 5+1 деген форматтагы иш-чаралар соңку эки жылда аябай жанданбадыбы. Коженттеги саммит дагы ушул иш-чараларга салым кошот. Мен келечегибизге жакшы шарт түзүлүп жатканына, анын салымы жакынкы эле эки-үч жылда билинет дегенге терең ишенем".

Данияр Сыдыков аймактагы өз ара алака-катышты дагы жандандыру жаатындан ойлору менен дагы бөлүштү.

"Кызматташтыктын чеги жок. Ар тараптуу кызматашыкты канчалык күчөтсөк, ошончолук мамилебиз ошончолук оңолот. Азыр гидроэнергетика тармагында бизде жакшы шарттар түзүлдү. Кыргызстан менен Тажикстан жогору тарапта турат. Тажик президенти мисалы мөңгүлөр боюнча эл аралык фонд түзүлүшү керек деп айтпады беле. Биз бул демилгени колдосок, анда бул тарапта дагы жакшы шарттар түзүлөт. Транспорт-логистика жакта дагы бизде жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби соода-сатык транспорт маселелери менен байланышып турат. Аймакта туризмге байланыштуу бирдиктүү бир пакетти түзүп, эл аралык туризмди күчөтүп алсак болот. Чет өлкөдөн келген туристтер Борбор Азияны айланган мүмкүнчүлүк болсо ушул жаатта дагы кызматташтыгыбызды күчөтсөк болот. Аба каттамдарды, темир жол, автобустук байланыштарды дагы кеңейтүүгө болот",- деди Сыдыков.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Шерине

XS
SM
MD
LG