1-февралда болгон окуяда жабыркаган эки бала амбулатордук жардам алып, үйлөрүнө чыгарылган. Соңку окуя эс алуудагы коопсуздук маселесин кайра күн тартибине чыгарды. Буга чейин Бишкектин четине жылгаяк тепкени барган атасы менен кызы аңга учуп кетип, катуу жабыркаган. Айрымдар эс алуучулар үчүн шарттар түзүлбөй жатат деп нааразы болууда.
1-февралда Каракол чаңгы базасында асма жолду кармап турган түркүк кулап түшүп, анда бараткан ондогон адамды эвакуциялоого туура келген. Окуя түштөн кийин саат 12:00 чамасында болгон. Кырдаалга байланыштуу ӨКМдин кызматкерлери чакыртылып, адистер базанын кызматкерлери менен бирге асма жолдо калган эс алуучуларды жерге түшүргөн.
Ата-энеси менен чаңгы тебүү үчүн Караколго барган жети жана сегиз жаштагы бир туугандар жараат алып, "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Алар тоону көздөй көтүрүлүп бараткан асма жол катуу силкинип токтогондо белинен жабыркаган. Медициналык кароодон кийин үйүнө жиберилгенин облустук оорукананын травматология бөлүмүнүн дарыгери Азат Амантуров айтты.
"Балдардын улуусу 2-класс, кичүүсү 1-класс экен. Асма жолдун түркүгү кулап кеткен учурда балдар ошол асма жолдо кетип бараткан экен, бирок алар кулаган эмес. Асма жол токтоп калганда отургуч катуу силкинип, балдар катуу отуруп калышкан экен. Ошондо балдардын бели ооруп калган экен. "Тез жардам" кызматынын унаасы менен ооруканага алып келишкен. Бирөө өзү басып келди, экинчиси өз алдынча кыймылдай алган жок. Дарыгерлер карап, бел омурткаларынын абалын көрүү үчүн рентгенге салдык, экинчисине томография жасалды. Андан тышкары ультра үндүү изилдөө жасады хирургдар. Балдардын апасы өзү да ультра үндүү изилдөө жасаган адис экен, ал да өмүрүнө коркунуч жок экенин көрүп турду. Омурткаларында сынык жок, эми томографиянын жыйынтыгы 1-2 күндө даяр болот, ошондо толук маалымат айтылат. Бейтапканага жаткыруу үчүн көрсөтмө жок болгондуктан үйүнө кое бердик", - деди Амантуров.
Окуяга күбө болгон Алмаз "Азаттыкка" буларды айтып берди:
"Мен ал учурда катарлаш асма жолдо тоону көздөй көтөрүлүп бараткам. Бир маалда ачуу кыйкырык чыгып, жаныбыздагы асма жол катуу титирей баштады."Эки кичинекей бала кулаганы атат" деп атышкан. Техникалык кызматкерлердин реакциясы аябай бат болду, тез эле адамдарды ылдый түшүрүп коюшту. Башкасын көрө алган жокпуз, биз анткени өйдө көтөрүлүп кеттик. Балким балдар отурган жеринде жакшы карманып отурса катуу жулкуган күндө да бели ооруп калмак эмес деп ойлойм. Менимче бул окуяда ошо асма жолдо бараткан кыздын күнөөсү бар, анткени ал бир нерсени туура эмес кылып жибергендиктен асма жол катуу силкинди".
Адамдык фактор
Азыркы учурда бул фактыны Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмү каттоого алып, иликтөө жүргүзүп жатканын облустук милициянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.
Чаңгы базанын техникалык тейлөө бригадасы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, адамдарды аман-эсен түшүрүп алышкан. Базанын өкүлдөрү Инстаграмдагы баракчасы аркылуу асма жол авариялык абалда болгондуктан ушундай окуя болду деп тараган маалыматты төгүндөшкөн.
"Эң башкысы - окуяда катуу жабыркаган адам жок экенин баса белгилейбиз. Эс алуучулар көп болгон мезгилде гана базадагы асма жолдордун бири ишке киргизилет, ал эми калгандары дайыма иштеп турат. Асма жолдун абалы авариялык болчу деген маалымат чындыкка дал келбейт, болгону бул жерде адамдык фактор болуп кеткендиктен, ушундай болуп калды. Калган асма жолдор азыр штаттык режимде иштеп жатат, чаңгы жана сноуборд сүйүүчүлөрдү тейлөөбүздү улантуудабыз".
Буга кошумча жеринде коопсуздук эрежелерин көзөмөлдөп, эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Каракол шаардык №15 ӨКБдан ыкчам топ жөнөтүлгөн. Алар атайы автоунаа менен барып, асма жолдо калгандарды жерге түшүрүүгө көмөк көрсөткөн.
Бул базада төрт асма жол бар. Биринде жаңы үйрөнчүктөр, калганында тажрыйбасы барлар чаңгы жана сноуборд тепкенге тоого көтөрүлөт. Түркүгү кулап кеткен окуя батыш асма жолу жана панормага алып барчу асма жолдордун ортосунда болгон. Бул жол кардарлардын саны өтө көп болуп кеткенде гана иштетилет.
Чаңгыдан, баллондон жабыркагандар
Кышкы эс алуу мезгили башталгандан тарта колу-бутун кайрып же сындырып алгандардын саны арбып, көбү бейтапкага кайрыла баштайт. Ысык-Көл облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнүн дарыгери Азат Амантуров суткасына бейтапканага 50-60 киши кайрылса, анын 20сы чаңгы же баллон тээп жаракат алгандар экенин белгилейт.
"Көбүнчөсү жеңил жаракат алат, арасында колу же буту сынгандары деле бар. Айрымдары кабыргасы менен катуу урунуп алып, кыйналып келишет. Мындан 2-3 жыл мурда баллон тээп да колу-бутун сындыргандар аябай көбөйүп кеткен. Көбү чычаңы менен отуруп калат, себеби өйдө көтөрүп туруп, ылдый ыргытканда бел омурткалары да сынып кетет. Айрымдары башы менен кулайт. Соңку мезгилде чаңгы тепкендер катуу ылдамдыкта келатып, кулайт же бир нерсени сүзөт. Баш сөөгү сынып, колу сынып кеткендери да бар арасында".
3-январда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын "Чуңкурчак" чаңгы базасында 42 жаштагы атасы менен 6 жаштагы кызы баллон менен жылгаяк тээп жатып, чуңкурга түшүп кеткен. Жабыркаган жаранды эс алуучулар чуңкурдан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берген. Анын башы катуу жабыркап, улам эсин жоготуп коюп жатканы да айтылган. Ал эми кыз жеңил жаракат алган. Үй-бүлөнүн жакындары анда эс алуучулар келген жайда элдин коопсуздугу жакшы сакталбай жатканына нааразылыгын билдирген.
Бийлик туризмди, айрыкча кышкы туризмди өнүктүрүү тууралуу билдирүүлөрүн жарыялап жатат.
"Лицензиялоо керек"
Кыргызстандагы туризм тармагын болушунча коопсуз кылуу үчүн лицензиялоо системасын киргизүү керек экенин бул жааттагы эксперт, Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев айтууда.
"Азыр Кыргызстанда жылгаяк тебүүгө деп ижарага берилип жаткан баллондор талаптарга такыр жооп бербейт, ал колго жасалган. Алардын эрежеге ылайык сырттан жасалгандарын гана ижарага берүүгө, аны тебүүгө уруксат берүү керек. "Кыргыз Куршевели" деп ачтык, ошол Куршевелдин стандарттарына туураласак деле ашык болбойт. Туризмде экологиялык стандарттар бекем сакталса, бул тармак менен гана өнүгүп кетүүгө толук шарттар бар. Албетте соңку окуялар да өкүнүчтүү, бул кырсык. Экинчиден, ошол эле инфратүзүмдүн эскилиги жеткен. Ар бир эс алуучунун өзүндө да жоопкерчилиик болушу керек. Эс алганы барганда ары-бери карап, абайлап чаңгы тээп же баллонго отурганда этият болуш керек. Кооптуу, стандарттарга жооп бербеген эс алуу жайларына, лицензиясы колунда жок жерлерге барбаш керек. Андан сырткары медицина тармагы да күчтүү болгону жакшы, азыр бизде бул жаат абдан алсыз. Санавиация деген өңдүү тармактарды азыркы бийлик колго алып, күчтөп келатат. Ошондуктан бир нукка салып, коопсуз туризмди камсыздаш үчүн дагы бир аз убакыт керек".
Жакында Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги инвестициялык долбоорлордун тизмесин бекиткен. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Асман шаарын куруу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана “Кыргыз Куршевели” туристтик комплексин салуу өңдүү долбоорлор бар. Тизмеде туризм багытында үч долбоор бар. Өткөн апта соңунда президент Садыр Жапаров Өзбекстандагы “Амирсой” лыжа базасын көрүп келгенден кийин Кыргызстанда буга чейин экономикага, туризмге көңүл бурулбай келгенин жазган.
Министрлер кабинетинин мурдагы жетекчиси Акылбек Жапаров 7-июнда Президенттин иш башкармасына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасын түзгөн. Ал туризм чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарт түзүү менен алектенери айтылган.
Шерине