Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:45

Дебюрократизация: Маалымат чөйрөсүн изилдөө борбору жети айга жетпей жоюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору бир жылга жетпей жоюлду. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгону белгилүү болду.

Бул борбордун максаты социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүп, коомго зыян, ар кандай кастыкты козутат жана жалган деген маалыматтарды анализдеп, аныктайт деп айтылган. Медиа эсперттер бул сөз эркиндигине каршы дагы бир курал болуп калат деген тынчсыздануусун билдирип келишкен.

Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору 2024-жылы август айында түзүлүп, сентябрдан тартып иштей баштаган. Анын директору болуп президент Садыр Жапаровдун тарапташы катары таанылган активист Бактыгүл Иманбек кызы дайындалган.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан бул борбор дебюрократизация жараянынын алкагында жоюлганын билдиришти, бирок кеңири комментарий беришкен жок.

Борбордун расмий сайтында анын максаты "Кыргызстанда маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана бекемдөө, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн, суверенитетин бузууга, ар кандай кастыкты тутандырууга ачык чакырган маалыматтарга, материалдарга такай мониторинг жүргүзүү" деп жазылган.


Ошондой эле борбордун негизги милдеттеринин бири маалымат туура таратылып жатканына изилдөө жүргүзүү, долбоорлорду ишке ашыруу экени көрсөтүлгөн. Андан сырткары медиа сабаттуулукту жогорулатуу, медианын ишин талдоо, интернетте жарандардын укугун коргоо жана коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу жаатында иш алып барары, сурамжылоолорду жүргүзүп, семинарларды, эксперттердин жолугушууларын өткөрөрү, эл аралык уюмдар менен кызматташуу экени белгиленген.

Бактыгүл Иманбек кызы өзү жетектеген борбордун жоюлуп кеткенине байланыштуу азырынча үн ката элек.

Ал жаңы кызматка киришип жатканда Фейсбуктагы баракчасына борбордун маани-маңызы жөнүнө кеңири жазып, борбор жөнүндө туура эмес маалыматтар тарап жатканын билдирген. Маалыматтарга көзөмөл болбой жатканын, ал жетектей турган орган интернет шылуундарынан тартып баңгизат, ар кандай кастыкты козуткан маалыматтарга чейин көзөмөл жүргүзөрүн белгилеген.

Ошондо эле бул борбор милдетин кантип, кандай жолдор менен ишке ашырат деген өңдүү бир топ суроо жаралган.

Борбордун расмий сайтында, социалдык тармактагы баракчаларында жарандар маалыматты кайдан алат деген өңдүү сурамжылоо өткөргөнү, интернетте шылуундарга алданбоого чакырган бирин-серин материалдарды гана көрүүгө болот.


Медиа эксперт Аскер Сакыбаева жалпы эле түзүлүп-түзүлө электе жоюлуп кеткен, талаш-талкуу жараткан мекеме-уюмдарга байланыштуу жагдайга токтолду. Бул маселенин башкы себебин ырааттуулук, талдап-анализдөө жоктугу деп атады.

"Мен ошондой борбор түзүлдү деп уккам, бирок ошондо эле журналисттер коомчулугунда бул баары бир башкаруунун бир куралы болуп калат деген сөздөр болгон. Ушу кезге чейин булардын эмне иш кылганы билинбегени кызык. Бул борбор эле эмес, башка чоң ишкана, компанияларды түзүп алып, алар деле жоюлуп кетти. "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги, "Кыргызиндустриясы" дегендер эмне болду, аларга канчалаган миллиарддар кетти. Салык тармагын алалы, башында патент системасын жоюп, эл арасында, майда ишкерлер арасында чоң ызы-чуу болду эле. Азыр эми патентти кайра киргизип жатышат. Биздин мамлекеттин жашы менен жашташ 33кө чыккан адам деле акыл-эсин токтотуп, алдыдагы иштерин пландап калат да. Биз болсо жаңыдан баскан баладай тамтаңдап баратабыз. Мунун баары эмнеден келип чыгып жатат? Мунун баары кандайдыр бир экономикалык дейлиби, мейли, маалыматтык дейлиби, же маалыматты коргоо дейбизби, жалган маалымат таратуудан коргоо деп бир нерсе киргизерден мурда ошол чөйрөнү абдан талдап, анализ жүргүзүп, терс-оң жагын, жаман-жакшы жагын салмактап, эки-үч жыл, керек болсо беш жылдан кийинки жыйынтыгы кандай болот деп ойлонушубуз керек. Ошолордун баарын эсептеп-чоттогондон кийин, коом үчүн жакшы деп табылса, ошондо гана киргизүү керек эле да. Эмне иш кылганынын дайын-оту жок туруп жоюп салганы бул эси жоктук, акылсыздык катары эле караса болот. Азыр баарыбыз эле ураалап үстүнөн чуркап баратабыз. Түбүндө эмне болуп жатканы эч кимге белгисиз. Бийлик башында мурун турган адамдардын жасаганын кийинки келген бийлик жокко чыгаруу акыры түбү жакшылыкка алып барбайт го. Эмне иш болбосун, ырааттуулук керек", - деди Сакыбаева.

Өткөн айда кыргыз өкмөтү алты айдын ичинде мамлекеттик башкаруyну кескин реформалап, бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекеме-уюмдарды жоюу, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтуу планын жарыялаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген мекеме аралык комиссия 26-мартта алгачкы жыйынга чогулган жана анда 40тан ашык чечимдин долбоору каралганы айтылган. Алардын арасында Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жоюу тууралуу сунуш бар-жогу айтылган эмес.

Медиа эксперт Гүлзада Медралиеванын пикиринде, мындай борборду түзүүнүн зарылчылыгы жок болчу:

"Ар бир мамлекетке эң бийик турган нерсе бул мыйзам. Анан мыйзамдан дагы жогору турат, бардыгын иликтеп, талдайт деп ушундай борборлорду түзүүнүн эч кандай зарылчыгы жок болчу. Өздөрү деле муну кийин түшүнүп калышты болуш керек. Борбор өзүн актай алган жок да. Ошондуктан жоюлуп калды. Азыр эми ар кандай себептерди айтып жатканы менен ал борбор саналуу гана кишиден турса бардык маалыматтарды анализдеп, талдап чыгууга, мониторинг жүргүзүүгө чарк-чамасы деле жетпейт да. Муну тажрыйба өзү деле көрсөттү".

Кыргызстанда соңку кездери жалган маалымат таратууга каршы деген негизде мыйзамдар кабыл алынып, сунушталып жатат. Социалдык тармактардагы пикири, билдирүүлөрү үчүн активисттер, блогерлер жарандар кармалган, камалган учурлар көбөйдү.

Өткөн айда Жогорку Кеңешке Жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жалган маалымат таратууга айып пул салуу тууралуу жаңы мыйзам долбоору келип түшкөн. Анда мамлекеттик кызыкчылыктарды бузууну көздөгөн жалган маалымат чыгарган адамга 20 миң сом, жарыялаган медиага 65 миң сом айып салуу сунушталууда.

Мунун алдында эле жалаа жабууга жана мазактоого айыппул салуу каралган мыйзам кабыл алынган. Анда да айыппулдун өлчөмү ушундай эле суммада көрсөтүлгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG