Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:51

"Убагында дарылануу керек, кооптонууга негиз жок". Метапневмовирус деген эмне?


"Бүт эле вирустар, анын ичинде метапневмовирус да убагында дарыланбаса пневмония, бронхитке алып келет". Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду. Макалага тиешеси жок
"Бүт эле вирустар, анын ичинде метапневмовирус да убагында дарыланбаса пневмония, бронхитке алып келет". Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду. Макалага тиешеси жок

Кытайда айрыкча балдар арасында метапневмовируска чалдыккандар көбөйүп, бул вирус дүйнөгө тарап жатканына байланыштуу дүрбөлөң күч алды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму оорунун белгилери байкалган учурда тиешелүү эрежелерди сактоого чакырды.

Жаңы жылдык эс алуу күндөрү Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кезек күткөндөр көбөйүп, бөтөнчө балдар арасында сасык тумоологон же башка жугуштуу ооруга кабылгандар арбыды. Расмий мекемелер акыркы үч айда Кыргызстанда метапневмовируска чалдыккан эки адам гана аныкталганын айтып, муну кадимки эле вирус катары сыпаттап, кооптонууга негиз жок экенин билдирип жатат. Коңшу Казакстанда вируска чалдыккан 30 киши аныкталганы маалым болду.

"Азаттык" метапневмовируска байланышкан Кыргызстандагы абал тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин өкүлү Динара Оторбаевага кайрылды.

- Ушул күндөрү сасык тумоо күч алып, наристелер, кары адамдар көп ооруп, бейтапканага кайрылгандар көбөйүп жаткан шартта метапневмовирус тууралуу дагы ар кандай маалымат айтылып жатат. Метапневмовирус деген эмне? Анын негизги белгилери кандай болот?

Динара Оторбаева
Динара Оторбаева

- Метапневмовирус бул курч респиратордук вирустук оорулардын тобуна кирген вирустук инфекция. Ал 2000-жылдары табылган. Анын белгилери - адамдын мурдунан суу агып, дене табы көтөрүлүп, вирустук инфекциялар сыяктуу эле тамак, сөөктөр ооруп, сасык тумоодогудай эле белгилер болот. Өткүр курч вирустук оорулардын тобунда бир нече вирустук инфекция болсо, алардын арасында метапневмовирус да бар. Мисалы, аденовирус, респиратордук- синцитиалдык вирус, респиратордук риновирус, анын арасында нотавирус, метапневмовирус да жылда катталат. Убагында дарыланбаса, өткүр курч вирустук оорулар сыяктуу эле жөтөл күчөп, бронхит болуп калышы мүмкүн.


- Метапневмовирусту коронавирус менен салыштырган маалыматтар да чыгууда. Бул вирус канчалык?

- Мен жогоруда айтып кеткендей эле метапневмовирус 2001-жылы биринчи жолу табылган. Анын эч кандай коркунучу жок. Биз Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы оорукана, үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда көзөмөл жүргүзүп келебиз. Бул мекемелерге вирустук оорулардын белгилери менен кайрылган жарандардан анализ алынып, вирустук оорулардын кайсылары биздин өлкөдө катталып атканы такталып, жазылып турат. Ошол анализдердин ичинен бизде метапневмовирустун эки учуру катталды. Октябрдан май айына чейин эпидемиологиялык кырдаал күч алып турганда көзөмөлдү күчөтүп, катуу карайбыз. Ошол лабораториялык изилдөөлөрдүн ичинен жогоруда айткан эки учур катталган. Ал жарандар айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Биз 2020-жылдагы коронавирус менен салыштырбашыбыз керек. Себеби, метапневмовирус мурда деле катталган. Мындан кооптонуп деле кереги жок. Кытайда, Казакстанда да катталып атат деп дүрбөлөңгө түшүп атышат. Бирок биз жүргүзгөн анализдер, көзөмөлдүн жыйынтыгында азыр өткүр курч вирустук оорулардын башка түрлөрү күч алып жатат. Мисалы, риновирус, респиратордук-синцитиалдык вирус көп болууда. Ошондой эле парагрипп же болбосо сасык тумоонун төрт түрүнүн үчүнчү, экинчи түрү көп катталууда. Бул вирустук оорулар жаш балдар арасында убагында дарыланбаса күчөп кетиши ыктымал.

Бүт эле вирустар, анын ичинде метапневмовирус да убагында дарыланбаса пневмония, бронхитке алып келет. Ошондуктан метапневмовирустун белгилери пайда болгондо дароо адистерге баруу зарыл. Кээ бир ата-эне билбестикке салып, беш жашка чейинки балдарына өзү билген дарыларды берип, дарыгерге алып барбай үйдө кармап коет. Бул туура эмес. Дароо ооруканага баргыла, көрүнгүлө, азыр үй-бүлөлүк дарыгерлер да кезек менен күнү-түнү иштеп жатышат. Ошондой эле жашы 65тен өтүп калгандар да жөнөкөй эле вирустук ооруну көтөрө албай, кыйналып калышы мүмкүн. Оорунун белгиси пайда болору менен үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, туура дарыланууга багыт алыш керек. Вирустук ооруларга көңүл бурбай, үйдө отуруп алгандар көп кыйналып калууда.


- Бул вирустан сактануу жолдорун айтып бересизби?

- Башка вирустук оорулардан кандай сактансак, метапневмовирустан да ошондой сактануу керек. 2020-жылы коронавирус катталганда, баарыбыз жөнөкөй эрежелерди жакшы сактап калдык эле. Беткап тагынып, антисептиктерди колдонуп, улам кол жууп, кичине жөтөл пайда болсо доктурга кайрылып дегендей. Ошондой алдын алуу жумуштарын биз үзгүлтүксүз, такай колдонушубуз керек. Анткени вирустук оорулар аба аркылуу жугат. Эшиктен үйгө кирер менен кол жууп туруу зарыл. Кимде-ким ооруп калса, ага өзүнчө бөлмө даярдап, идиш-аягын бөлүп, сүлгүсүн даярдап берүү зарыл. Ал жаткан бөлмөдө утур-утур нымдуу сүлгү менен эмеректерди сүртүп, терезени ачып, таза аба киргизип туруу да зарыл. Деги эле баланы оорутпай, өзүбүз да дени сак жүрүшүбүз үчүн таза абада сейилдеп, жашылча-жемиши көп азыктардан жеп, иммунитетти чыңдап турганыбыз жакшы. Кайсы кишинин иммунитети жакшы болсо, вирустук ооруну батыраак жеңип кетет.

- Метапневмовируска каршы вакцина барбы?

- Метапневмовируска каршы эмдөө жок. Бирок сасык тумоону (грипп) алдын алуу үчүн жыл сайын Саламаттык сактоо министрлиги пландоо аркылуу вакцина сатып алат. Менин жеке байкоомо ылайык, ошол вакцинаны алган адамдар вирустук инфекцияларды жугузуп алган күндө да аны жеңил көтөрүп, тез сергип кетет.

Ошондуктан, жыл сайын өткүр курч вирустук оорулар күчөй турган мезгилдин алдында вакцина алып, даярдык көрүү керек.

Ал эми метапневмовирус же башка курч респиратордук оорулардын алдын алуу үчүн азырынча вакцина табыла элек.

Бирок мен жогоруда айткандай эле сасык тумоодон вакцина алган болсоңуз, ал метапневмовирусту жеңил женүүгө көмөкчү болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG