Сокулукта мамлекеттик бала бакчада чарчап калган беш жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Анын жакындары милициянын ишине нааразылык билдирип жатышат.
Кыргызстанда соңку жылдары кант диабетине чалдыккан адамдар көбөйүүдө. Адистердин айтымында, дарт жылдан жылга жашарып жатат. Кант диабети жана анын оор кесепеттери тууралуу "Сергек жашоо" подкастында сөз кылабыз.
Баткендин Тажикстан менен чектеш Самаркандек айылында таза суу бир канча жылдан бери чечилбеген көйгөй бойдон калууда. 3200 үй-бүлө бир нече айылды аралап аккан арыктагы сууну ичүүгө мажбур.
Медицина айдыңындагы жарык жылдыздардын бири хирург Эрнст Акрамов дүйнө салды. Бир келген өмүрдү медицинага арнап, эки доордо эчен бейтаптарды ажал оозунан алып калган айтылуу дарыгер жөнөкөй жашоо-турмуш кечирген.
Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев 97 жашында дүйнө салды. Ал 70 жылга жакын кесиптик ишмердигине 30 миңдей операция жасаган. Замандаштары жана окуучулары анын кыргыз медицинасына кошкон салымын эскеришти.
Адистердин маалыматында, остеопороз дүйнөдө жүрөк-кан тамыр, кант диабети жана рак ооруларынан кийин төртүнчү орунда турат. Сөөктү морт кылып, сынууга жеткирген бул кандай дарт? Сөөк бекемдигин жоготкондон кийин кесепеттери кандай болушу мүмкүн?
Адистердин айтымында, соңку жылдары омуртка оорусуна чалдыккандар көбөйгөн. Буга эмне себеп болууда? Туура эмес жашоо таризиби же турмуш кыйынчылыгыбы?
Кыргызстанда соңку жылдары рак илдетине чалдыккан балдар үчүн жардам чогулткан жарнамалар көбөйдү. Мындан улам коомчулукта “балдар арасында рак илдети жайылууда” деген пикирлер арбын. Бирок бул маалымат чындыкка жакынбы? Көйгөй тууралуу "Сергек жашоо" подкастында кеп кылабыз.
Сокулукта төрөттөн ажал тапкан Айым Жыргалбек кызынын жакындары дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап, милицияга кайрылганы жатат. Оорукана жетекчилиги айыптоо менен макул эмес. Экспертиза жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы 20 күндөн кийин чыгарын билдирип жатат. Маркумдун ымыркайына операция жасалган.
Кыргызстанда алгачкы ирет бейтаптарга эндоскопиялык жол менен операция жасалат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук онкология борборунан билдиришти. Эндоскопия учурунда аспап табигый жолдор менен ички көңдөйгө киргизилет.
Кыргызстанда токойлор өлкөнүн алты пайызынан аз аянтты ээлейт. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда. Эң эле уникалдуусу жаңгагы менен таанылган Арстанбап токою. .
Дагы жүктөңүз