Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

"Өмүрүн хирургияга арнады". Замандаштары Мамбет Мамакеевди эскерүүдө


Мамбет Мамакеев.
Мамбет Мамакеев.

Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев 97 жашында дүйнө салды. Ал 70 жылга жакын кесиптик ишмердигине 30 миңдей операция жасаган. Замандаштары жана окуучулары анын кыргыз медицинасына кошкон салымын эскеришти.

"Хирург катары мидетимди 200% аткардым"

"Эми адам түбөлүк жашай албайт экен да, ага да баш ийет экенсиң. Азыр эле зыңкыйып чуркап кеткиң келет, жоок, болбойт андай. Ошон үчүн карылык келип калды деп, мен ачык эле айтып жүрөм. Карылыктын чекитине мен жетип калдым. Мен өз милдетимди хирург катары 200% аткардым го дейм".

Медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев былтыркы маектеринин биринде ушинтип айткан экен.

97 жашында дүйнөдөн өткөн академик маектеринде өз өмүрү, баскан жолу, миңдеген адамдардын өмүрүн сактоого себепчи болгонун канааттануу менен айтып бергенин байкоого болот. Ал өмүрүнүн аягына чейин өзү түптөөгө катышкан ооруканада болуп, ишин аткарууга аракет кылганын кесиптештери эскеришти:

"Карылыктан улам өпкө, жүрөгүндө өзгөрүүлөр болду. Ушул экөө менен аябай күрөштү. Мындан сырткары чоң кан тамырында кан уюп калган учур болду. 2024-жылдын март айына чейин операция жасады. 97 жашка чыкканча жумасына 4-5 операция кылчу. Эң биринчи жолу Кыргызстандын медицинасынын тарыхында лапароскопия хирургиясын киргизген. Ошону менен 97 жашына чейин жасады. Бирок кээ бирлер ойлойт экен, жетишпеген үчүн иштеп, акча табайын деп жатат деп. Бул антип ойлогон жок. Өзүнүн кесибин сүйгөн үчүн иштеди. Акча, байлык табайын деген жок",- деп эскерди Мамакеевдин шакирти, Улуттук хирургия борборунун Көкүрөк көңдөйү хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Алмаз Самаков.

Мамбет Мамакеев жана Алмаз Самаков
Мамбет Мамакеев жана Алмаз Самаков

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Анын өмүр жолу сыноолор жана кыйынчылыктар менен коштолгон. Балалыгы согуш мезгилине туш келип, согуштан кийинки жокчулуктун катаал жылдарды башынан өткөргөн.

"Жүздөгөн окуучуларды тарбиялады"

Эмгек жолун 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин аяктагандан кийин хирург болуп иштөөдөн баштаган. Ал кесиптик карьерасында 70 жылдан ашык иштеп, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасында ассистент жана доценттен профессор, кафедра башчысына чейин жеткен. Ал эми 1996-жылдан 2014-жылга чейин Улуттук хирургия борборун жетектеген.

Мамбет Мамакеев. Архивдик сүрөт
Мамбет Мамакеев. Архивдик сүрөт

Ал 30 миңден ашык операция жасап, 100 миңге жакын оорулууларга кеп-кеңешин берген.

Анын кыргыз медицинасындагы орду боюнча профессор, академик Сабырбек Жумабеков буларга токтолду:

Сабырбек Жумабеков
Сабырбек Жумабеков

"Бул киши ондон ашык илимдин докторун, 20га жакын илимдин кандидатын даярдады. Мисалы, ар бир региондо, Бишкекте иштеп жаткан хирургдар ушу кишиден тарбия алып, окуп, операцияларына катышып, лекцияларын укту. Ушунун өзү чоң эмгек. Өт алуу боюнча союздун убагында бул кишидей эч ким кыла алчу эмес. Ал убакта азыркыдай технология жок, колу менен иштеп баарын дарылаган. Бул кишиде чоң дух бар эле, эч нерседен коркчу эмес".

Мамбет Мамакеев 2020-жылы дүйнөдө өз кесиби менен эң узак иштеген адис катары рекорд коюп, Гиннестин рекорддор китебинин дипломун алган. 2020-жылдын 29-февралындагы эсеп боюнча анын хирургдук карьерасы 67 жыл 181 күндү түзгөн.

Мамакеев саясатта

Ошондой эле ал дарыгерликтен сырткары коомдук жана саясий иштерге активдүү аралышып, парламенттин бир нече жолку депутаты болгон. Аны менен замандаш болгон Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев Мамакеевдин саясаттагы орду тууралуу буларды айтты.

Абдыганы Эркебаев
Абдыганы Эркебаев

"Мыйзам жазуу ишине көп аралашчу эмес. Бирок даярдалган мыйзам долбоорлорун талкуулого, колдоого, өзгөчө саламаттыкты сактоо, илим-билим тармагына ынтызарлыгын көрсөтчү. Ал Аскар Акаев менен жакшы иштешти. Мен билгенден Бакиевдер аксакалга жакшы мамиле кылышкан. Ошол себептен баласы Максимди "көзүнөн көрүнүп турбайбы" деп айтканы баарыбызды күлдүргөнү эсимде. Бирок кийин сөздөрдү уктум, Бакиевдер аны өгөйлөгөндөй мамиле кылыптыр".

Чынында эле Мамбет Мамакеев эгемендик жылдары бардык бийлик менен тил табышып иштешкен. Айрыкча, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин уулу Максимди мактаган сөзү айрым замандаштарынын сынына да кабылган эле.

Мамбет Мамакеев көзү өткөнгө чейин Бишкектеги Улуттук хирургия борборунда иштеди. Бул борборго анын ысымы берилип, көзү тирүүсүндө эле эстелиги тургузулган. Бул аракеттер коомчулуктун бир бөлүгүндө ар кыл кептерге жол ачкан жайы бар.

Бишкектеги Улуттук хирургия борбору. 25-ноябрь, 2024-жыл.
Бишкектеги Улуттук хирургия борбору. 25-ноябрь, 2024-жыл.

97 жаш курагында дүйнө салган Мамбет Мамакеев Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы, I, II жана III даражадагы Манас ордендери баштаган бир топ сыйлыктарга ээ болгон. Мындан сырткары эл аралык да наамдары да бар.

Мамакеев менен коштошуу зыйнаты 26-ноябрь, саат 11:00дө Улуттук хирургия борборунда өтөт.

Ал эми сөөгү "Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексине танапташ жайгаша турган Эл баатыры наамын алгандар коюлчу атайын аллеяга коюлары кабарланууда.

Коомчулукта айрым тарыхчылар мындай чечим "Ата-Бейиттин" баштапкы максатына канчалык туура келет деген суроо коюп жатышат.

Шерине

XS
SM
MD
LG